You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Кытай вирусунун алдын алуу: дарыгердин кеңеши
- Author, Элеонора Сагындык кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
- Published
Кыргыз-кытай чек арасында жана аба майдандарында тепловизорлор орнотулду. Өлкөдө кытай вирусу менен шектүүлөр каттала элек. Ошентсе да, анын симптомдору кадимки сасык тумоого окшош болгондуктан, дарыгерлер үй шартында дарыланбай, дароо адистерге кайрылуу керектигин айтышууда.
Жыл жаңырары менен Кытайдын Ухань шаарында мурда белгилүү болбогон вирус пайда болуп, ал тез жайылууда. Вирус өпкөгө таасир этип, пневмонияга алып келет.
"Миграция деген азыр күчтүү, эртен менен Бишкекте болсоң кечинде Кытайда болуп кала аласың. Андыктан аэпорттордогу тепловизорлор тыкыр иштеп атышат. Санитардык-көзөмөл пункттарында санитарларыбыз ооруган кишилер, дене табы көтөрүлгөндөр жокпу деп карап атышат. Күмөндүү адамдарды ооруканага алып барып, тактап туруп кое берип жатышат", - деди Оорулардын алдын алуу департаментинин жугуштуу оорулар бөлүмүнүн жетекчиси Динара Оторбаева Би-Би-Сиге.
Кытай вирусунун коркунучу ар түрдүү: инфекция жөнөкөй сасык тумоодон тарта өлүмгө чейин жеткирет.
Бактыга жараша, жаңы вирус кишиден кишиге жукпайт деген жоромолдор айтылууда. Ошентсе да, догдурлар сактанууну кеңеш кылат.
"Ооруп калган адам сөзсүз үйдө калып, дарылануусу керек. Врачты чакырып же өтүштүрүп ийбей ооруканага барыш керек. Алдын алуу чаралары да маанилүү, сырттан келгенде киши колдуу жууп, мурун көңдөйүн чайкоосу керек. Башкысы- эшикке чыкканда маска кийүү зарыл. Жеке гигиенаны сакташ керек", -деди врач Динара Оторбаева.
Кытай бийлиги жана Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму вирус жуктургандардын анализин алып, инфекция коронавируска алып барарын аныкташты. Убагында байкап, медициналык чара көрүү адам өмүрүн сактайт.
Бишкекте сасык тумоо менен ооруканага кайрылгандар быйыл көп болууда. Медициналык жардам сурап кайрылгандар саны жумасына беш-алты миңге жетип жатат.
"Быйыл дене табы 38-39°С жетип, сасык тумоосу оорлошуп келгендер көп болуп атат, арасында балдар көп. Карантин да болду. Бир күндө жыйырмадан киши ооруп бизге кайрылып жатты. Бирок башкача ооруп атам, кытай вирусубу деп шек санап келген киши болгон жок. Күмөндүү бейтаптар болсо, Кытайга барып келдиңби же ошондойлор менен контакт болгонбу деп сурап жатабыз, эпидемиялык анализ жасалып атат",- деди Бишкектеги №7-поликлиникасынын терапевти Сырга Асанбекова.
Жаңы вирустан кооптонуп Орусия жана Казакстан чек араларда коопсуздук чараларын күчөттү. Кыргызстан дагы карантиндик көзөмөлүн күчөтүп жатат.