Баткенде ур-токмоктон каза болду деген келиндин сөөгү жерге берилди

    • Author, Элеонора Сагындык кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
  • Published

Баткенде күйөөсүнүн ур-токмогунан каза тапты делген келиндин өлүмү боюнча жаңы деталдар чыга баштады. Милициянын маалыматы боюнча келиндин денесинде көкала эле эмес, күйүктөн териси шылынган жерлери да бар экени аныкталды.

Баткенде милиция жолдошунун ур-токмогунан каза болду делген келиндин өлүмүн териштирип жатат. Ишембиде 27 жаштагы келин облустук ооруканага түшүп, бирок анын өмүрүн сактоого кеч болуп калган.

"Маркум келин ооруканага 4-январга караган түнү түшкөндө эле жансыз болгон. Ыкчам тергөө тобу маркумга кароо жүргүзгөн. Келиндин колдору, буттарында күйүктөн териси шылынган жерлери бар экени аныкталган", -деди Би-Би-Сиге ОИБдин басма сөз кызматкери Нурлан Шайбек уулу.

Милиция кылмышка шектеп анын 31 жаштагы жолдошун кармады. Тийиштүү соттук-медициналык экспертизалардан кийин келиндин денеси жерге берилди.

Бири каза таап, экинчиси темир тор артына түшкөн жубайлар Баткен шаарынын Базар-Башы РТС кварталында жашашкан. Сегиз жыл чогуу жашап, үч балалуу да болушкан.

"Бир кыз, эки уулу бар экен. Жакшы эле жашап жүрушкөнү айтылып жатат. Келин Кызыл-Кыядан болчу экен. Эми бул окуяга эмне себеп болгонун да эч ким билбей жатат. Күйөөсүн дароо эле милиция алып кетип, азыр СИЗОдо экен. Келиндин сөөгүн туугандары алып кетишиптир. Тополоң кылышыптыр, келиндин кайындарына батага келбегиле деп коркутуп кетишиптир", -деди Баткендеги аялдар үчүн жападан жалгыз "Жаңыл мырза" аттуу кризистик борборунун директору Токтокан Мамбетова Би-Би-Сиге.

Кыргызстанда кризистик борборлорго жылына орточо эсеп менен жети миңдей кыз-келиндер кайрылат. Алардын 80 пайызы үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка кабылгандар. Укук коргоочулар өлкөдө кыз-келиндер негизинен жолдошунун колунан каза тапканын айтышып, аялдар үчүн өз үйлөрү барган сайын коркунучтуу, кооптуу жайга айланып бара жатканына тынчсыздануусун билдиришүүдө.

Соңку иликтөөлөргө ылайык, Кыргызстанда үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан каза тапкан аялдар саны жети жылда 200гө чамалады.