Кой-Таштагы окуянын корутундусу: "Бийликти күч менен басып алууну пландаган"

    • Author, Элеонора Сагындык кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
  • Published
  • Окуу убактысы: 3 мүнөт

Жогорку Кеңеш Кой-Ташта экс-президенттин үйүндө болгон тополоң окуяларды иликтеген мамлекеттик комиссиянын отчетун укту. Комиссиянын корутундусунда Атамбаев өзүнүн кылмыштык иш-аракеттери үчүн жазык жоопкерчилигинен качып, бийликти күч менен басып алууну, күч органдарына куралдуу каршылык көрсөтүүнү алдын ала пландаган деп айтылат. Ал эми күч органдарынын аны суракка алып келүү аракеттеринде айрым каталыктар жана кемчиликтер бар, бирок мыйзам бузуу болгон эмес.

Атамбаевдин винтовкасы

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев "Альфа" атайын аскер бөлүгүнүн командири Үсөнбек Ниязбеков экс-президентке тийиштүү куралдан атып өлтүрүлгөнүн тергөө аныктаганын билдирди. Атамбаев өзү атканбы-жокпу, бирок экс-президент киши өлтүрүү кылмышы боюнча шектүү болуп каралып жатат.

"Маркум Ниязбековду жарадар кылып, аны өлүмгө алып келген ок Атамбаевдин СВД снайпердик винтовкасынан атылган. Тергөө убагында ким атканы да такталган. Бирок тергөө үчүн азырынча айта албайбыз",-деди Кашкар Жунушалиев.

Комиссиянын колундагы маалыматка караганда, Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө толтура курал болгон. Атап айтканда, экс-президент менен анын жактоочуларынын колунда 47 ок атуучу курал бар болгон. Анын ичинен азыркы күнгө ону эле кайтарылып алынды.

Өзгөчө пикир

Мамлекеттик комиссия Кой-Таштагы окуяны дээрлик төрт ай иликтеди. Комиссиянын айрым мүчөлөрү күч түзүмдөрүнүн жоопкерчилиги жөнүндө өзгөчө пикирде болду.

"Күч органдарындагы кызматтагы адамдардын жоопкерчилиги тууралуу маселе болду. Комиссиянын корутундусунда деле ал нерсе көрсөтүлүп турат, бирок жүйөөлөгөн жери жок, каталар болду эле делет. Бирок бул жерде жөн эле каталар эмес, чоң укуктук бузуулар болгон. Ошол себептүү, мен өзгөчө пикирде калууну туура көрдүм",- деди Конституциялык Палатанын экс-судьясы Клара Сооронкулова.

Быйыл 7-августта кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу кылмыш иштин алкагында суракка чакырганда Атамбаев таптакыр баш тартып барбай койгон. Ошондо аны Кой-Таштагы үйүнөн күч менен алып кетүү аракети жасалган. Бирок УКМКнын биринчи операциясы ишке ашпай, кагылышуудан элүүдөй адам жараат алып, бир аскер окко учкан.

"7-августтагы атайын операциянын жыйынтыгында киши каза тапты, бул - кылмыш. Ага ким күнөөлүү? Ооба, Атамбаев күнөөлүү. Сөз ал жөнүндө эмес. Бирок ал бышпаган операция кимдир бирөө тарабынан пландалган да. Ушундай начар операциянын башында ким турган? Жок дегенде бир кишинин аты-жөнү аталдыбы? Жок"-дейт "Адилет" укуктук клиникасынын директору Чолпон Жакупова.

"Дүжүр комиссия"

Атамбаев менен калган социал-демократтар партиясы өзүнчө билдирүү таратып, "Кой -Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссияны "дүжүр комиссия"деп атады жана анын корутундусу "бийликтин көрсөтмөсү менен жазылган жана чындыкка дал келбейт" деп сынга алды.

Билдирүүдө ошондой эле комиссия күч органдарынын катачылыктарын калкалоо, экс-президент менен анын тарапташтырынын үстүнөн болуп жаткан сотторду мыйзамдаштыруу үчүн гана түзүлгөн, комиссия иш жүзүндө өзүнө тергөөнүн функцияларын энчилеп алды деп айтылат.

Өткөн айда камактагы Алмазбек Атамбаев өзү дагы абактан билдирүү жасап, Кой-Таштагы окуялар жөнүндө өзүнүн версиясын айткан.

"Тынч жарандардын 7 жана 8-августтагы кыжырдануусунун жана нараазылыгынын себеби бирөө гана: аларга 7-август күнү кечинде жана 8-август күнү куралдуу кол салуу болуп, анын натыйжасында жүздөгөн адамдар катуу сабалып, жаракат алганында болду",-деп айтылат ал билдирүүдө.

Экс-президент бул иш-аракеттердин баарына өлкө башчысын күнөөлөп, анын максаты "Атамбаевди моралдык жактан жок кылуу болуп эсептелет" деп белгилеген.

Президент Сооронбай Жээнбеков өз кезегинде ноябрда журналисттер менен жолугушуу учурунда Кой-Таштагы окуяга өзүнчө баа бербестигин белгилеп, аны иликтеп жаткан мамлекеттик комиссиянын тыянагын күтүү керек деп билдирген.

Мурдакы президент Атамбаев мамлекеттик тергөө органдарына үч жолу суракка чакырылып, барбай койгон үчүн 8-августта кармалган. 7-август күнү кечинде күч түзүмдөрүнүн атайын кармоо операциясы убагында тополоң чыгып кеткен. Атайын багыттагы аскер бөлүгүнүн офицери курман болуп, бир нече киши жаракат алган.

Андан мурда Жогорку Кеңеш Атамбаевдин кеминде беш кылмышка катышы бар деп шектенип, аны 27-июнда экс-президент макамынан ажыраткан. Башкы прокуратура өз кезегинде бул чечимди колдогон корутунду чыгарган. Мурдакы президентти күбө катары суракка чакыруу ошондон кийин башталды.