Ун эмнеге кымбаттап жатат?

    • Author, Элеонора Сагындык кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
  • Published

Соңку айда ун эки-үч сомго, ал эми нан бир сомго кымбаттады. Ал тапта Экономика министрлиги сыртка ун ташууга убактылуу чектөө киргизгени жатат.

Бишкекте жыл башынан бери ун 17%, ал эми нан 3% кымбаттады. Кымбаттоо эң оболу базарларда байкалууда.

"Күзүндө кымбаттап аткандан кийин, кышында, жазында эмне болот? Эл кыйналып эле атат, келип эмне мынча кымбаттап кетти деп сурап атышат. Эптеп бир мүшөккө акча таап келишсе, анан келсе эле дагы үч жүз сомдой үстүнө кошуш керек болуп атат да. Мүшөктөп алгандар килограммга түшүп, килограммдап алгандар такыр эле кыйналып атышат", -деди Бишкектеги базарлардын биринде соода кылган Айнура айым.

Бишкектеги ун өндүрүүчү комбинаттар бир мүшөк ундун баасын бир миң эки жүз сомго баалап жатышат. Башкача айтканда, бир килограмм ун жыйырма төрт сом болууда. Базарга түшкөн унга ортомчулар эки-үч сомдон кошуп сатышууда. Ошондо мүшөк ундун баасы базарда бир миң беш жүз сомго чыгып жатат.

Эки ай мурун эле бир кап ундун баасы 900 сом болчу.

"Казакстандагы буудай кымбаттады, ал эми Кыргызстанда өзүбүздүн буудай жок болуп жатат. Себеби, дыйкандар эки жылдан бери сеппей калышты. Буга чейин өлкөгө аткезчилик жол менен ун келе берип, атаандаштык токтоп калган, комбинаттар жабылган. Жергиликтүу буудай аз болуп атат", -дейт Тегирменчилер ассоциациясынын төрагасы Рустам Жунушев.

Өкмөт ун базарындагы баалар көзөмөлдө деп ишендирүүдө. Ун рыногун талдоо жана көзөмөлдөө иштери күчөтүлдү.

" Баа кескин көтөрүлүп кеткен учурда өкмөт тарабынан жөнгө салуу механимин киргизсе болот. Ал үчүн баа бир ай ичинде 20% өсүшү керек. Унга баа жыл башынан бери Кыргызстанда 17%га көтөрүлдү. Азыр байкоодо турат. Негизи андай сунушту экономика министрлиги көтөрүп, өкмөткө алып кириши керек", - деди Монополияга каршы агенттиктин төрага орун басары Кеңешбай Тайлаков Би-Би-Сиге.

Ал арада экономика министрлиги өлкөдөн сыртка буудай жана ун ташууга убактылуу бөгөт коюуну сунуштаган мыйзам долбоорун талкууга койду. Бул өлкөдөгү азык түлүк коопсуздугун камсыздоо чарасы болууда.

Кыргызстанда киши башына жылына 115,3 килограмм буудай керектелет. Жергиликтүү буудайдын сапатынан улам, Кыргызстан унга болгон ички керектөөсун өз алдынча камсыздай албайт.

2017-жылы өлкө сырттан 240,5 тонна, былтыр 154 тонна буудайды негизинен Казакстандан импорттогон.