Москвада эт кымбат, Бишкекте сүт менен нан кымбат

Published

Кыргызстандын Улуттук статистика агенттиги ЕАЭБдеги өлкөлөрдүн борбор шаарларындагы негизги тамак-аштын бааларын салыштырган изилдөөсүн жарыялады.

Үстүбүздөгү жылдын июнь айында ЕЭАБге мүчө-мамлекеттеринин борбор шаарларынын ичинен негизги тамак-аш азыктарына эң кымбат баалар Москва шаарында катталды.

Таблица: 2019-жылдын июнунда Евразия экономикалык биримдигине (ЕЭАБ) мүчө-мамлекеттеринин борбор шаарларында негизги тамак-аш азыктарынын орточо керектөө баалары

(килограмм үчүн АКШ доллары)

Картошкага болгон максималдуу баа (1 килограмм 0,68 АКШ доллары) Москва шаарында, ал эми минималдуу баа (1 килограмм 0,40 АКШ доллары) Нур-Султан шаарында катталды.

Кой этинин минималдуу керектөө баасы (1 килограмм 4,34 АКШ доллары) - Бишкек шаарында, пастеризацияланган сүттүн эң арзаны (1 литр - 0,67 АКШ доллары) Нур-Султан шаарында.

График: 2019-жылдын июнунда Евразия экономикалык биримдигине (ЕЭАБ) мүчө-мамлекеттеринин борборлорунда айрым тамак-аш азыктарынын максималдуу жана минималдуу орточо баалары

(килограмм үчүн АКШ доллары)

Бишкек шаарында пастеризацияланган сүттүн баасы биримдиктеги башка борбор шаарларга салыштырганда 6,8-9,5 % кымбат. Ошондой эле биринчи сорттогу ундан жасалган нандын баасы дагы Бишкекте Нур-Султанга караганда кыйла эле кымбат болуп чыкты.

Таблица: ЕЭАБ мүчө-мамлекеттеринин борбор шаарларындагы эмгек акынын сатып алуучулук жөндөмдүүлүгү жана баалардын катышы

Орточо айлык эмгек акы (АКШ доллары менен)

Орточо айлык эмгек акынын сатып алуучулук жөндөмдүүлүгү, кг менен

  • 1. Мамлекеттердин Улуттук банктарынын курсу боюнча.
  • 2. 2019-ж. майындагы - Бишкек ш. жана Минск ш. боюнча, 2019-ж. апрелиндеги - Москва ш. боюнча, 2019-ж. 1-кварталындагы - Астана ш. боюнча айлык орточо эмгек акы.
  • 3. Орточо айлык эмгек акынын сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн аныктоо үчүн 1 килограмм тийиштүү товардын орточо баасы кабыл алынды.

Салыштырма таблица көрсөтүп тургандай, Бишкек шаары орточо эмгек акынын сатып алуучулук күчү боюнча башка борборлордон кыйла эле артта турат. Кыргызстандын баш калаасында орточо айлык эмгек акынын өлчөмү Нур-Султан менен Москвага караандабай турганы баштан белгилүү.