ЖЭБ: чубалган иштердин учугу кимден токтойт?

    • Author, Элеонора Сагындык кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
  • Published

ЖЭБде уурдалган кредиттер боюнча териштирүү биринчи инстанцияда каралууда. Ал арада мурунку президенттин тарапкерлери бул иште экс-спикер Асылбек Жээнбековдун да жоопкерчилиги бар деп, Баш прокуратурага кайрылышты.

ЖЭБдеги коррупциялык иш боюнча мурунку өкмөт башчылар: Сапар Исаков жана Жантөрө Сатыбалдиев баштаган сегиз чиновник айыпталуучу катары өтүп жатышат.

Бул иште Атамбаевге да айыптар коюлган, бирок мурунку президент азырынча сотко чакырыла элек.

"Регламент бузулган"

ЖЭБдеги коррупция боюнча териштирүү Свердлов райондук сотунда 28-октябрда уланат. Сотто эксперттер көрсөтмө беришип, андан кийин кезек күбөлөргө жетет. Айыпталуучуларга азырынча сөз бериле элек.

Аталган кылмыш ишин тергөө материалдары 53 том, ошондуктан ишти кароо жай жүрүп жатат.

Дүйшөмбүдө Атамбаевдин тарапкерлери бул иште экс-спикер Асылбек Жээнбековдун да жоопкерчилиги бар деп, Баш прокуратурага кайрылышты.

"Бишкек ЖЭБ боюнча макулдашууну ратификациялоону караган мыйзам парламентте кеминде 1,5 айда каралышы керек эле. Бул убакыт аралыгында депутаттар андан катаачылык, кемчиликтерди таап, аны оңдогонго мүмкүнчүлүк болмок. Бирок спикер Асылбек Жээнбековдун чечими менен парламент мыйзамды бир эле күндө регламент жөнүндө мыйзамдын 55-беренесин одоно бузуп, кабыл алып койгон"", -дейт КСДПнын саясий кеңешинин өкүлү Темирлан Султанбеков.

Ал Асылбек Жээнбеков "Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө" мыйзамды бузган деп эсептеп, экс-спикерге кызмат абалынан кыянат пайдалануу жана шалаакылык боюнча айып коюп, камакка алууну суранып жатат.

"Мамлекетке кыянат"

Султанбеков Баш прокуратура анын арызын каттоого алганын билдирип жатат, бирок көзөмөл органы азырынча аны тастыктай элек.

Антсе да КСДПнын саясий кеңешинин кезектеги саясий жүрүшү коомдук сайттарда талкуу жаратып жаткан чагы.

Коомдук ишмер, саясатчы Эмилбек Каптагаев Атамбаевдин тарапкерлери маселенин өзөгүн башкага буруп жатат деп жазды:

"Маселе, ошол ЖЭБди оңдош керек беле, ага кредит алыш керек беле дегенде болгон жок да. Процедуралык бузуулар, балким, болгондур же шашылышкан. Бирок кептин баары алган кредитти пайдаланышканда мамлекетке кыянат келтиргени жөнүндө болуп жатат. Ал жактан элдин көңүлүн буруп, бет тырмарлыкка эле өтүп жатышат".

Каптагаев документке ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев кол койгонун эске салып, анын жоопкерчилиги тууралуу да маселе козгоду.

УКМКнын коррупцияга каршы кызматы ЖЭБ иши боюнча мурунку президенттин үстүнөн Баш прокуратурага кайрылганы быйыл жазында белгилүү болгон.

Бирок Атамбевдин жактоочусу учурда анын Батукаевдин иши боюнча гана сотко чакырылып жатканын айтат.

"Уруулар жооп берсин"

ЖЭБ маселесинде экс-төрага Асылбек Жээнбековдун жоопкерчилиги жөнүндө маселе биринчи жолу көтөрүлүп жаткан жери жок. Быйыл 14-февралда парламентте өткөн жыйында КСДП фракциясынын өкүлү Ирина Карамушкина ТВЕА компаниясы менен келишимди ишке ашырууга комитет төрагалары, ошол кездеги спикер дагы жооптуу деп айткан эле.

Асылбек Жээнбеков ал маанилүү келишим 11-сентябрда (2013) парламентте бир күндө үч окуудан өткөнүн ырастап, бирок ал ошол кездеги өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин колу коюлуп, "мыйзам долбоорун токтоосуз карап берсин" деген каттын коштоосунда келгенин айткан.

"Мен түшүнүп атам. Кечээ адвокат Нурбек Токтакунов сүйлөдү. Ал кимдин адвокаты экенин билесиңер. Алардын айласы жок. Эптеп кутулуш керек. Бирөөнү жамандаш керек. Бирөөгө оодарыш керек. Ал - Жогорку Кеңешке. Уруулар жооп бериши керек. Биздин да талабыбыз ошол. Ким күнөөлүү болсо, жооп бериши керек", -деди Асылбек Жээнбеков.

Буга чейин Коопсуздук Кеңешинин төрагасы да экс-спикер катары Асылбек Жээнбековдун ЖЭБ ишиндеги жоопкерчилигин териштирүү болбой турганын билдирген.

"Моралдык жактан алганда Жогорку Кеңештин да жоопкерчилиги бар. Себеби, парламент ТЭОсу жок, бир эле компания аткарат деген келишимдердин баарын карап... бирок эми биз алар боюнча сын айтканбыз. 120 депутат добуш берип өткөрүп берген. Бирок жоопкерчилик - кимдер курса, акчаны бөлүштүрсө, ошолор жооп берет. Депутатардын финансыга тиешеси болгон эмес", -деген эле буга чейин Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаев.

ЖЭБдеги уурдалган кредит ишин иликтөө Кыргызстанда өкмөттү башкарган чоң саясий жетекчилер коррупцияга айыпталып кармалган эң чуулгандуу окуя болуп калды.

Анда дээрлик 111 миллион доллардын эсебин таппай жатышат.