You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Айдоочунун айып пул тууралуу арызы өкмөткө жетти
- Author, Элеонора Сагындык кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
- Published
Өкмөт жол эрежелерин бузуу үчүн каралган айып пулдардын наркы ашкере коюлуп калганын моюнга алып, алардын айрымдарынын өлчөмүн төмөндөткөнү жатат. Бул тууралуу өкмөттүн жыйыны мурунку өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлеринин айып пулдар тууралуу талкуусуна туш келди.
"Коопсуз шаар" долбоору ишке киргени 290 миңден ашык жол эрежесин бузуу катталып, 127 миң 400дөй айдоочу айып пулун төлөдү.
"Мастарга эреже өзгөрбөйт"
Өлкөдө жол кырсыктары көбөйүп, өзгөчө Талас менен Баткенде жана Ош шаарында быйыл эреже бузган айдоочулар көп болууда. Бул тууралуу өкмөт жыйынында айтылып, биринчи вице-премьер-министр Жеңиш Разаков "Коопсуз шаар" орнотулган Бишкектин айрым жерлеринде жол кырсыктары, тескерисинче, кескин түрдө азайды дейт:
"Айрым жол кесилиштеринде жол кырсыктары 60 пайызга дейре төмөндөдү. Жол эрежесин бузуунун эң көп жайылган түрү айдоочулардын катуу ылдамдыкта айдап башкара албай калышы болуп жатат. Мас абалында машина айдоо үчүн айып пул 17500 миң сом болот экен деп жыл башында аябай талкуулар болду эле. Бирок мас айдоочулардын катышуусунда болгон жол кырсыктары да азайып жатат. Мастарга карата айып пул өлчөмү кала берет".
Жеңиш Разаков билдиргендей, өкмөт айып пулдарга карата нараазылыкты эске алып, Бузуулар тууралуу кодексинин 123-беренесинин 1-бөлүгүн кайрадан карап чыкмай болду.
Бул тууралуу ИИМ сунуш даярдап, Жогорку Кеңеш эс алуудан чыккыча, документ жумушчу топтун кароосуна жөнөтүлдү. Өзгөртүүлөргө ылайык, белгиленген ылдамдыкты саатына 10 чакырымдан ашырып, бирок 20 чакырымга жеткирбей айдагандар үчүн айып өлчөмү төмөндөтүлөт.
"Элдин жонуна кайыш тилүү"
Өкмөттүн бул демилгеси мурунку мамлекет башчысынын тарапкерлеринин дал ушул маселе боюнча уюштурган талкуусуна туш келди. Кой-Ташта айдоочуларга айып пулу тууралуу талкуу болору мындан бир апта мурун жарыяланган эле. 22-июлга белгиленген талкуу тууралуу КСДП партиясынын саясий кеңешинин өкүлү Мирбек Айтикеев Би-Би-Сиге буларды айтты:
"Айып пулдар элдин кирешесине жараша чегерилиши керек эле. Бирок Кыргызстандагы болуп жаткан жол кырсыктарына шылтоолоп, өкмөт жогорку тарифтерди коюп салган. Болор-болбос, олуттуу эмес эреже бузууларга деле, мисалы, чийинди басып кетти, стоп-линияны тебелеп алды дегенге деле үч миң сомдон айып коюу - бул өтө эле жогору баа. Бул элдин жонунан кайыш тилүү. Өкмөт бул маселеге көңүл бурбаса барып отуруп күздө социалдык жарылууга алып келиши мүмкүн".
Ошентсе да, быйыл жыл башында күчүнө кирген жаңы кодекстер, анын ичинде Бузуулар кодекси да мурунку өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин тушунда иштелип чыккан маалым.
"Карапайым элдин талабы"
"Коопсуз шаар" долбоору Бишкекте быйыл февраль айында кишке кирип, жол эрежелерин бузган айдоочуларга катаал айыптар элдин нааразылыгын жаратты.
Буга чейин Бишкектеги айдоочулар май айында айып пулдарга каршы акцияга да чыгышканы бар. Айдоочулар флеш-мобунунун уюштуруучуларынын бири - "Элет Көйгөйү" коомдук Бирикмесинин төрайымы Марийпа Алыкулова өкмөттүн айып пулдардын баасын түшүрүү демилгесин колдоду, бирок пикиринде анын баасы дале жогору тейден калууда.
"Үч миң сомдук айып пулдар бир миң сомго түшүрүлөт деп айтышты. Бирок биз айып пулдар баасын 200-800 тегереги кылуу сунушун киргизебиз. Бул карапайым элдин талабы. Эгер ал аткарылбаса, анда өкмөт кетсин да. Алдап-соолап оокат кылган болбойт да".
Ошентсе да, "Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясы январь-май айларында уюштурган сурамжылоосуна ылайык, "Коопсуз шаар" ишке киргени жолдор коопсуз болуп калды деп Бишкектеги сурамжылоого катышкандардын 74 пайызы, Чүй облусундагы респонденттердин 62 пайызы белгилешкен.
Ошол эле сурамжылоодо жалпы респонденттердин 28,5 пайызы "Коопсуз шаардын" эң чон кемчилиги катары айып пулдар белгилешкен.
Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы буга чейин төлөнгөн айыптардын жалпы суммасы 165 миллион 900 миң сомдон ашканын билдирди.
Айып пулду убагында төлөбөгөн айдоочулар айыпты мажбурлоо жолу менен төлөрү эскертилүүдө.