Бөрүбашов: Ушул темп менен жүрүп отурса, Жээнбековдун дагы оппоненттери көбөйөт

Президент Жээнбековдун ант берүү аземи

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Президент Жээнбековдун ант берүү аземи
    • Author, Венера Алымкул кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
  • Published

Экс-президенттин "Апрель" телеканалына интервью берип, президенттик шайлоону кетирген чоң катасы катары баалап, азыркы президент менен элдешүүгө аракет кылганы тууралуу айткандары коомдо кайрадан кызуу талкууга жем таштады.

Би-Би-Си аталган темада юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашов менен маекке тартып, мурдагы жана азыркы президенттердин ортосундагы тиреш өлкөнү саясий кризиске кептебейби деген суроону узатты.

Б. Бөрүбашов: Көпчүлүгү мындай абал саясий кризиске алып келет деп ойлоп жатат. Бирок андай болбойт, тескерисинче мындай тирешүүлөр саясий мектеп болот. Саясий лидерлердин, тактап айтканда мурдагы президент менен азыркы президенттин ортосундагы, КСДПдагы ич ара конфликт Кыргызстандагы саясий элитанын деңгээлин көрсөтүп койду. Булар мамлекеттик кызматты дайыма өзүнүн жеке кызыкчылыгына пайдаланып келгенин далилдеди. Мындай кырдаалдын түзүлгөнү коом үчүн жакшы болду.

Би-Би-Си: Соңку интервьюсунда Атамбаев улуу башымды кичүү кылып Жээнбеков менен элдешели, жаралашы деп киши салдым, бирок ал тараптан жооп болгон жок деп айтты. Тез убакыт аралыгында мурдагы үзөңгүлөштөрдүн жүз карашпай калгандыгынын негизги себеби эмнеде?

Б. Бөрүбашов: Эң негизги себеп- бийлик. Баш мыйзамда эл бийликтин ээси деп жазылган. Бирок андай болбой эле саясий элита деп аталган кишилер бийликти басып алышкан. Дос болуп келген Атамбаев менен Жээнбековдун ортосундагы тиреш эмнеден чыкты? Албетте бийликтен. Мурдагы президент менин айтканымды кыл деди. Ал эми экинчиси кылбайм деди. Атамбаев Жээнбековго өзүнүн оюн таңуулаганын тартынбай, коркпой-үркпөй эле, ачык айтып жатпайбы. Жээнбеков болсо бул киши мени башкарып, өзүнүн таасиринде кармагысы келди деп жатат.

Би-Би-Си: Буга чейин интервьюсунда экс-президент саясатка кайтып келээрин жар салган. Атамбаевдин саясий келечеги кандай болот?

Б. Бөрүбашов: Кыргызстанда саясаттын негизги куралы- саясий аң-сезим, саясий платформа, идеологиялык көз караш эмес. Саясат акчага бааланып калган. Ошондуктан бул киши кайра кайтып келиши мүмкүн. Анткени Кыргызстанда саясаттын негизги механизми, негизги куралы акча. Ал эми бул кишиде акча бар. Бирок баягыдай деңгээлде боло албай калды. Анткени жаманбы-жакшыбы алты жыл башкарды, бир топ жаңылыштыктарды кетирди. Муну өзү дагы мойнуна алып жатат. Президенттик шайлоону кетирген эң чоң катасы катары айтты. Атамбаев саясатка аралашып, кайсыл бир деңгээлде өзүнүн таасирин тийгизип коюшу мүмкүн. Буга Атамбаевдин аракети эле эмес, Жээнбековдун дагы катасы өбөлгө болуп калышы ыктымал. Эгер ал катаны көп кетирсе, күчтүү саясатчы боло албаса, элин мүдөөсүн аткарган реформаларды жүргүзбөсө, анда ал дагы шарт түзүп коет.

Атамбаев Жээнбековду президенттикке көрсөткөнүн кетирген чоң катасы катары айтып чыкты

Сүрөттүн булагы, Sultan Dosaliev

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Атамбаев Жээнбековду президенттикке көрсөткөнүн кетирген чоң катасы катары айтып чыкты

Би-Би-Си: Атамбаевдин шайлоодо чоң ката кетиргем деп айтканын баса белгилеп кеттиңиз. Бул жерде сөз анын президенттикке Жээнбековду сунуштаганы тууралуу болуп жатабы же бул билдирүү шайлоодо мыйзам бузуулар болгонунан кабар береби?

Б. Бөрүбашов: Атамбаев Жээнбековду президенттикке көрсөткөнүн кетирген чоң катасы катары айтып жатат. Экинчиден, каржы маселесинде дагы күмөндүү жагдайлар жаралды. Кыргызстанда чоң акчаң болбосо шайлоого бара албайсың. Аны элдин баары билет. Демек, Атамбаев бул экөөнү тең кетирген чоң ката катары кабылдап жатат.

Би-Би-Си: Президенттик шайлоодо көрсөтүлгөн чектен бир нече эсе көп каражат сарпталганы тууралуу маалымат шайлоонун легитимдүүлүгүнө шек келтирген пикирлерди калыптандырып жаткандай.

Б. Бөрүбашов: Мыйзамсыз кадамдарга барып жатышса, сөзсүз ошондой көз караш калыптанат. Бара-бара жүрүп отуруп Сооронбай Жээнбековдун дагы саясий оппоненттери көбөйөт. Бул киши бир жыл өлкөнү башкарды. Бул убакыт аралыгында толук кандуу реформа болгон жок. Учурда тандап-тандап отургузуп жатат, системалуу күрөш жок. Эгерде ушул темп менен жүрүп отурса, бул кишинин дагы оппоненттери көбөйөт. Анын каршылаштары кайсыл бир учурда ушул фактыны колдонушат.

Би-Би-Си: Тандап-тандап отургузуп жатат дедиңиз. Атамбаев дагы өзүнүн интервьюларында Бишкек ЖЭБине, Тарых музейине байланыштуу коррупциялык иштер боюнча камакка алынган жакын санаалаштарынын күнөөсү жок экенин айтты. Бул камакка алуулар эки президенттин ортосундагы эле тиреш деп айтууга болобу?

Б. Бөрүбашов: Тандап- тандап деп жатканыбыз, Кыргызстан кичинекей чакан мамлекет. Саясий аренада активдүү жүргөн кишилер саналуу гана. Алардын кимиси кандай жол менен бийликке келгени, кимиси кандай жол менен байыганы алаканга салгандай эле көрүнүп турат. Ошондуктан коррупция тууралуу сөз болгондо көп кишилердин аты-жөнү айтылышы керек. Алардын көпчүлүгү сурак берип, жоопкерчиликке тартылган жери жок. Тескерисинче Жогорку Кеңеште, өкмөттө отурат. Кыргыздын аткаминерлеринин көбү мыйзамсыз байыган. Антип күрөш жүргүзө турган болсо, четинен отургузса болот.