Сүт без рагына кабылбайын десеңиз эрте туруңуз

Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Британ университетинин окумуштуулары кечкисин эрте жатып, эрте турган аялдардын, кеч жатып, кеч турган аялдарга караганда эмчек рагына кабылуу коркунучу 40-48 пайызга төмөнүрөөк болоорун аныкташты.

Изилдөө жүргүзүү үчүн окумуштуулар 400 миңден ашык аялдын генетикалык маалыматын анализдеди. Алар уйку менен байланышкан негизги генетикалык белгилерди изилдеп чыгышты.

Биринчи кезекте сөз хронотип тууралуу болуп жатат. Хронотип - кишинин суткалык активдүүлүгү. Окумуштуулар хронотипти негизинен "торгойлор" жана "үкүлөр", айрым учурда "көгүчкөндөр" деп үчкө бөлүп карап келишет.

"Торгойлор" - эртең менен өздөрү ойгонот жана эрте турушат. Алар күндүн биринчи жарымында активдүү болуп, түштөн кийин чарчап калышат. Кечинде болсо эрте жатышат.

"Үкүлөр" - эртең менен кеч турушат. Активдүүлүгү кечинде башталат. Алар түн жарымынан өтмөйүн жатышпайт.

"Көгүчкөндөр" - булар дагы эртең менен өз алдынча ойгонушат. Бирок торгойлорго караганда кеч турушат. Таң аткандан кеч киргенге чейин өзүнүн активдүүлүгүн жоготпойт. Активдүүлүгү өтө деле жогорулап, өтө деле төмөндөп кетпейт. Түн жарымына бир же жарым саат калганда жатышат.

Ичимдик жана тамеки сыяктуу башка дагы зыяндуу факторлорду эске албаганда, изилдөөнүн жаңы ыкмалары эмчек рагынын пайда болуусуна таасир эткен жагдайларды аныктоого жол ачты.

Тесттин жыйынтыгында "үкү" тобуна кирген жүз аялдын экөө рак илдетине чалдыккан. Ал эми "торгой" тобуна кирген жүз аялдын бирөө гана жаман ооруга кабылган.

Ошондой эле окумуштуулар ашыкча уйку ден-соолукка зыян экенин аныктады. Күнүнө 7-8 сааттан ашык уктаган аялдардын эмчек рагына кабылуу тобокелдиги 20 пайызга чейин жогорулаган. Изилдөө жүгүргүзгөн окумуштуулардын бири Ребекки Ричмонддун айтымында, уйку - киши өзү өзгөртө ала турган адаттардын бири. Андыктан бул ачылыш өтө маанилүү.

Британ университетинин буга чейинки изилдөөсүндө эмчек рагынын өөрчүп кетишине иш графиги менен үй-бүлө шартынын тийгизген таасири тууралуу айтылган. Улуу Британиядагы рак ооруларын аныктоо борборунун маалыматына ылайык, бардык көкүрөк рак ооруларынын төрттөн бир бөлүгүн алдын алууга болот.

Ошол эле учурда Ребекка Ричмонд, уйкунун эмчек рагына болгон таасири боюнча аялдарга кеңеш берүү эртелик кылаарын айтат.

"Биз "үкү" тобуна кирген аялдар "торгой" тобуна кирген аялдарга караганда эмчек рагына кабылуу тобокелдиги жогору экенин мындан ары дагы изилдешибиз керек",- деди Ричмонд Би-би-сиге.

Окумуштуулар маселе дененин биологиялык саатында экенин же "үкү" тобуна киргендер биологиялык туура ритмди бузуп, организм эс алыш керек болгон учурда уктабай, денеге зыян алып келип жатканын так аныктай элек.

Мүмкүн биологиялык сааттын эмчек рагын пайда кылуучу гормондорго, иммундук системага же метаболизмге тийгизген таасири тууралуу сөз болуп жатпасын?

Эксперттердин баамында, Британ университетинин окумуштуулары жасаган ачылыш уйку кишинин ден-соолугунуна абдан маанилүү экенин дагы бир жолу далилдеди.

Буга чейин көптөгөн окумуштуулар, уйкунун кишинин психологиялык абалына, анын ичинде шизофрениянын өөрчүп кетүүсүнө тийгизген таасири чоң экенин айтып келишкен. (VA)