Аялдар сезимтал, назик дегенибиз менен жүрөгү тоодой

Published

Бул аптанын каарманы учкуч Тэмми Жо Шульц болуп калды. Ал кыймылдаткычтарынын бири иштен чыккан учакты аба майданына ийгиликтүү кондура алды.

Тэмми Жо Шульц Нью-Йорктон Далласка учуп бара жатканда кырсык болуп, учакты Филадельфияга кондурууга аргасыз болгон. Кыймылдаткычтардын бири жарылып кетип, учактын иллюминаторлорунун бирин талкалап кеткен. Андан жаракат алган жүргүнчү аял мерт кеттип, калган жүргүнчүлөр аман-эсен конушту.

Жарандык авиацияга чейин Шульц аскер учактарын башкарган. Анын Филадельфияга баатырдык менен конгон окуясы көптөрдү таң калтырып, көптөрдү шыктандырды. Ага ыраазы болгон алкоолор дүйнөнүн бардык жеринде айтылып жатты. Мына ушул жагдай бизге авиация тармагынын тарыхынын башатында турган каарман аял учкучтар тууралуу сөз кылууга түрткү берди.

Аялдардын авиациядагы тарыхы Биринчи дүйнөлүк согуштун алдынан башталат. Биринчи болуп учкуч лицензиясын француз кызы Раймонда де Ларош (1910-жылы), бельгиялык Элен Дютриё (ушул эле жылы), бир жылдан кийин Орусиядан Лидия Зверева алат. Бирок үч учкуч кыздын тагдыры ар башка болду.

Де Ларош учкуч лицензиясын алгандан кийин, учак менен конуу жасап жаткан учурда даракты сүзүп алган. Эки жылдай алган жаракатын дарылоо менен күнү өткөн. Согуш жылдарында айдоочу болуп иштеген. 1919-жылы авиациянын пионер кызы унаа кырсыгынан каза тапкан. Ал жүргүнчү болуп бара жаткан унаа кырсыкка кабылган.

Элен Дютриё лицензияны мекени Бельгиядан алган. Бир жылдан кийин ал алыскы аралыкка учуп, аял учкучтар арасында рекорд койгон. Биринчи дүйнөлүк согушка чейин эле Франциянын легионундагы жогорку даражалуу орденди алган учкуч болгон. Согуштан кийин франциялык аэроклубдун аялдар секциясынын вице-президенти болуп калат.

Лидия Зверева болсо 1913-жылы күйөөсү авиатор Владимир Слюсаренко менен Ригада учактарды оңдой турган өнөркана ачкан. Согуш башталганда Петроградга келишет. Көп өтпөй Лидия 26 жашында оорудан каза тапкан.

Америкалык Амелия Эрхарт 1921-жылдан баштап уча баштаган. Ал согуш жылдарындагы эң белгилүү учкуч аял болуп калды. Ага атак-даңкты 1928-жылдагы трансатлантикалык учуусу алып келди. Анда учактын бир топ тетиктери керектен чыгып калганда, Амелия учакты жерге кондура алган. 1930-жылдары ал океанды кесип өткөн бир нече учууларды ишке ашырган. Кийин өзүнүн башынан өткөн окуялар тууралуу китеп чыгарган. 1937-жылы ал жер шарын айланып учам деп, бирок дайыны табылбай калган.

Эң кызыктуу өмүр-таржымалы менен көптөрдү таң калтырган - Сабихи Гёкчен. Түркиянын Бурса аймагында жакыр үй-бүлөдөн чыккан кыз. 12 жашында аны өлкөнүн биринчи президенти, реформатор Мустафа Кемал Ататүрк асырап алган.

1935-жылы Сабихи Гёкчен учкучтарды даярдаган мектепке тапшырып, эки жылдан кийин өлкөдөгү биринчи аскер учкуч аял болуп калды.

Ал көп жылдар учкучтарды машыктыруу менен алектенип, өзү дагы учууларын токтоткон эмес. Стамбулдагы аэропорттордун бирине Гёкчендин ысымы берилген. (AbA)