М.Жалилов: "Мекен" тасмасында көйгөйдүн тамыры инвестор эмес, коррупцияга баткан система

    • Author, Азиза Марат кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
  • Published

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Facebook баракчасы аркылуу Кинематография департаментинин "Мекен" тасмасы тууралуу билдирүүсүн таратты.

"Мекен" көркөм тасмасы өткөн апта соңунда Youtube аркылуу элге көрсөтүлгөн. Тасманын авторлору "мамлекеттик мекемелер тарабынан кинотеатрларда коюлушуна тыюу салынганын" айтып чыгышкан эле. Кинематография департаменти авторлор бир тараптуу маалымат берүүдө деп билдирди.

"Мекен" тасмасын жеке менчик Borbor Asia студиясы тарткан. Анын режиссеру Медербек Жалилов, продюсери Бектемир Мамаюсуп өздөрүнүн жеке каражатына тартышкан экен.

Тасманын бет ачары ушул жылдын 20-мартында "Манас" кинотеатрында көрөтүлөөрү тууралуу авторлор коомдук сайттар аркылуу кабарлашкан. Бирок кийин ага мекеме аралык комиссия тыюу салган.

Департамент билдирүүсүндө "мекеме аралык комиссия атайын "Мекен" тасмасынын маселесин чечүү үчүн түзүлө калбаганын" айтып, комиссия өкмөттүн токтомунун негизинде 2016-жылдын 14-октябрынан бери ишмердүүлүгүн жүргүзүп келе жатканын белгилеген. "Алардын максаты тасмалардагы зомбулук, порнография, террордук, экстремисттик чакырыктарга, улут аралык кастыкты козуткан көрүнүштөргө жол бербөө",-деди. Ошондуктан комиссия "Мекен" тасмасы үчүн гана түзүлүптүр деген айыптоолор жалган маалымат, дейт Кинематография департаменти.

Короновирус шартынан улам аталган комиссия тасманы июнь айында гана көрүп чыга алган. Тасмадагы "айрым элементтерден" улам кайра редакциялоо сунушу болгон. 16-июнда комиссия тасманын оңдолгон вариантын көрүп чыккан. "Бирок тасманын продюссери көрсөткөн вариантында режиссер Бишкекте болбогону үчүн мурда айтылган сунуштар эске алынган эмес" деп айтылат билдирүүдө. Ал эмне болгон сунуштар экени ачык айтылган жок.

Би-Би-Си тасманын режиссеру Медербек Жалилов менен байланышып, тасмадагы талаш жараткан жагдайлар тууралуу сурады.

Медербек Жалилов: Тасманын сценарийин өзүм жазгам. Айрыкча жаштарыбыз ойгонуп, "болду, жетишет" деген ойго биз дагы өзүбүздүн салымыбызды кошолу деген ниетте ар ким, ар кандай иштерди жасап жатат. Биз дагы чыгармачыл адам катары коомдогу көйгөйлөрдү тасма аркылуу көрсөтөлү деп чечтик.

Би-Би-Си: Тасмада Кытай инвестору менен кен тармагы жөнүндө сөз болуп жатат. Сиздер жалпы эле Кыргызстандагы абалды чагылдырууну көздөдүңөрбү же өлкөдөгү кендин айланасында болгон так бир окуядан таасир алдыңыздарбы?

Медербек Жалилов: Бул тасма Кытай инвестору тууралуу эмес. Анткени тасмада бир дагы жолу кытай деген сөз колдонулбайт. Кайсыл бир улут же этнос тууралуу эч сөз болбойт. Айрым журналисттер туура эмес жазып жатышат. Тасмада кытайча сүйлөгөн каарман болгону чет өлкөлүк инвесторду чагылдырган. Анын кайсыл бир улутка же этноско тиешеси жок. Ошондой эле тасма бир дагы окуяга байланышы жок. Жалпы өлкөдөгү абалды көрсөтөт. Мындай окуялар бир гана Солтон-Сарыда эмес, Чаткалда, Таласта, Ала-Букада, Нарында болуп жатат. Тасмада инвестордун өзүнүн дагы чындыгы бар. Эмне себептен мындай кадамдарга барып жатканы, эмнеге акчаны туура эмес сарптап алып, жаратылышка зыян келтирип жатканын айтып жатат. Биздин кайсыл бир бийлик бутактары, кайсыл бир бийлик өкүлдөрү инвесторлордон акча талап кылышат. Бул жашыруун эмес, мындай болуп жатканы баарына эле маалым. Андан тышкары жергиликтүү эл менен эч ким сүйлөшпөйт, эч ким түшүндүрүү иштерин жүргүзбөйт. "Ушул тоого келип инвесторлор кен казат, кимдин жайыт жерлери бар, силерге башка жерден берели" деп эл менен иш жүргүзгөн эч ким жок. Экинчи тараптан инвесторлор менен дагы иш жүргүзбөйт. Бул көркөм тасма экенин эстен чыгарбаш керек. Демек, окуялар ар түрдүү чагылдырылышы мүмкүн.

Би-Би-Си: Көркөм тасма болгонуна карабай эки тараптын пикирин тең салмакта көрсөттүк деп жатасыз...

Медербек Жалилов: Ооба, тасма бир тараптуу эмес. Көйгөйдүн тамыры катары инвесторду көрсөтүп жаткан жокпуз. Бул тасма көйгөйдүн тамыры катары коррупцияга баткан системаны көрсөтөт. Инвестор деле "туура иштейм, келип алтын казам, киреше табам" деп келген да. Бул өлкөгө келгенден кийин биздин мыйзамдар менен иштеш керек да туурабы? Келген инвестордун мыйзамды бузушуна өзүбүз түрткү болуп жатабыз. Тийиштүү мекемелер "өзүбүз жаап-жашырып коебуз, эч ким сөз кылбайт" деп акча алып койгон. Тасманын сценарийин өзүм жазгам. Чыгармачыл адам катары коомдо болуп жаткан көйгөйлөрдү тасма аркылуу көрсөтөйүн деп чечтик. Негизи бул тасма кытай инвестору тууралуу эмес. Тасмада кытай деген сөз болгон эмес. Бул жөнүндө туура эмес маалыматтар кетип жатыптыр. Тасма бир тараптуу эмес, көйгөйдүн тамыры катары инвесторду көрсөтүп жаткан жерибиз жок. Бул тасмадагы көйгөйдүн тамыры - коррупциялашкан система.

Би-Би-Си: Медер мырза, эки күндө эле беш жүз миңге чукул адам тасманы көрдү деп жатасыздар. Тасманын аягында эл чогулуп, инвесторду кууп жиберип жеңишке жетип отурат. Карапайым эл бул тасманы көрүп, көйгөйдү иликтебей туруп чет өлкөдөн келген инвесторду ушундай аракет менен жок кылуу мүмкүн экен деген чакырыктар пайда болот деп тынчсызданган жоксузбу?

Медербек Жалилов: Сиз айткандай, адамдардын түшүнүү деңгээли ар кандай экен. Биз ага өзүбүз дагы күбө болдук. Мамлекет атайын түзгөн комиссия менен жети айдан бери иштешип келдик. Биз мурда деле тасмаларды чыгарып жүргөнбүз, алар минтип каралган эмес. Бул жолу атайын комиссия түзүлүп, сегиз органдан расмийлер келди, жалпысынан 10-15 адам. Тасманы бир канча жолу көрүштү. Ушул комиссиянын деле ой жүгүртүүсү бизди таң калдырды. Коомдогу көйгөйдү эмес, биз айталы деген ойду эмес, "милиция кызматкерин каралап салдыңар" деген пикирлерин айтып жатышты. Биздин тасманы көргөндөр так айтат, тасмадагы милиция кызматкери тескерисинче баатыр, жамандыкды токтотуп, туура нерсе үчүн күрөшүп каза тапты. Бийликти басып алуу сыяктуу эч кандай сөз жок. Биздин тасмада каарман бул көйгөйдү мыйзам жолу менен чечүүгө аракет кылат. Коомдо дагы ошондой көрүнүштөр бар. Болбой калганда гана эл аянтка чыгат. Муну обьективдүү кароо керек. Инвесторлорго каршыбыз деген позиция жок.

Би-Би-Си: Тасманы кинотеатрларга чыгарбай койду деп, көрөрмандардан мүмкүнчүлүгүнө карап жардам берүүсүн сурандыңар эле. Бул жагы кандай болуп жатат?

Медербек Жалилов: Элибизге ыракмат, кызуу талкуулап, айрымдары капчыгында беш сому болсо, ошону деле жөнөтүп жатышат. Чыгымдын бардык чыгымын жаба элекпиз, бирок беш пайызбы, он пайызбы чогулуп жатат.

Би-Би-Си: Жардам берүү маселесинде "Исмаил Матраимов" фонду жардам берди деген дагы талкуулар чыгып кетти.

Медербек Жалилов: Бул фонд бизге жардам берген жок. Мен өзүм негизи эле чыгармачыл жагын карайм. Ал эми каржы жагына тасманын продюсери Бектемир Мамаюсупов чуркады. Бирок экөөбүздүн ортобузда сыр жок. Акча бергендер жөнөкөй бизнесмендер, анан тасмага акча кошуп пайда көрөм деген ниеттеги кишилер. Тасманын маанисине караганда "Матраимов" фонду менен шайкеш эмес го. Бирөөнү мактап тарта турган болсок башкача тартмакпыз да. Бул логикага сыйбай жатат. Балким бизди, балким продюсердиби каралоо аракети жүрүп жаткандай.

Бектемир "Фейсбукта" Матраимовдор ачкан клиниканы жөн гана жакшы көрүнүш катары бөлүшүп койгон. Ошол учурда биз да ыктыярчы болуп колдон келишинче кол кабыш кылып жатканбыз, тамак жасап бейтапканаларга ташып жүргөнбүз. Кийин "Мекен" тасмасына тартылган бир жигит ооруп калып, апасы бизге кайрылды. Матраимовдордуку делген клиникага да алып бардык, алышкан жок. Аягында Воронцовкадагы курортологияга жаткырдык. Эгер биздин Матраимовдор менен мамилебиз жакшы болсо ошол актёрду жаткырышат эле да.