Министрлер кабинети кетти. А. Жапаров кабинеттин төрагасынын милдетин аткаруучу

Акылбек Жапаров КР министрлер кабинетинин төрагасынын кызматын аткаруучу

Сүрөттүн булагы, kenesh.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Акылбек Жапаров КР министрлер кабинетинин төрагасынын кызматын аткаруучу
Published

КР президентинин пресс-кызматы президент Садыр Жапаров КР министрлер кабинетинин кызматтан кетүүсү жөнүндө жарлыкка кол койгонун билдирди. Билдирүүдө таркатылган министрлер кабинетинин мүчөлөрү жаңы кабинет түзүлгөнгө чейин өз милдеттерин аткарууну улантылары айтылат.

Ошондой эле, Улукбек Марипов КР Министрлер кабинетинин төрагасынын милдеттерин аткаруудан  бошотулду.

Министрлер кабинетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп Акылбек Жапаров дайындалды.

Жаңы Конституция күчүнө киргенден тарта президенттин аппаратынын башчысы бир эле учурда министрлер кабинетин дагы жетекеши керек эле, иш жүзүндө андай болбой жатат, эмне себептен мыйзам ишке ашпайт деп суроо салгандар да болду. Башмыйзамдын негизги авторлорунун бири деп саналган Бекбосун Бөрүбашев бул жараянга жарым жылдай убакыт керектигин айткан эле.

Б. Бөрүбашев: Бир нече айдан бери талкууда турду. Бул жерде өкмөт деген сөз жок, Министрлер кабинети деген бар. Бизде эми өкмөт түзүлбөйт, өкмөттүн бир милдетин министрлер кабинети аткарат. Министрлер кабинети аткаруу бийлигинин негизги бир структурасы болуп калат. Аткаруу бийлигинин башында президент турат. Эми өкмөт жөнүндө мыйзамды кайра карап чыгышыбыз керек. Министрлер кабинетинин башында төрагасы болот. Ал президент тарабынан дайындалат. Ошол дайындалып жатканда Жогорку Кеңеш ага макулдугун берет. Бербей койсо дагы болот. Бүт бийлик президентке өтүп кетиптир, Жогорку Кеңешке калбай калыптыр деген туура эмес. 89-берене боюнча биз ушундай кылып жазганбыз. Министрлер кабинетинин жетекчиси бир эле убакта президенттин администрациясынын башчысы болсун дегенбиз. Буга эмне себеп болгон? Биринчиден, биз президенттик башкарууга өттүк. Ошол себептен президенттин негизги функциясын ишке ашырганга негизги түз жардамды бере турган, бул президенттин аппараты. Экинчиден, отуз жылдан бери бизде президенттик институт, президенттик аппарат, президенттик администрация бар. Андан сырткары өкмөт бар. Эч кимге жашыруун эмес, алардын баары президентке таянып алып, көшөгө артында кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп коюп, баарын өкмөткө шылтап олтура берет. Өкмөт күнөөлүү деп четте карап туруп алат. Биз ошондой болбосун дедик. Эми мындан ары эгер министрлер кабинети начар иштей турган болсо, бул президенттин аппаратынын ишинин жыйынтыгы деп айтсак болот.

(CS)