Президент аткаруу бийлигин бүт башкарат, бирок эчтекеге жооп бербейби?
Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

Сүрөттүн булагы, President.kg
Жогорку Кеңеш “Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө” конституциялык мыйзамдын долбоорун шаршембидеги жыйында дароо эле экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды. Анда мурун сынга кабылган кемчиликтерден айрымдары арылганы менен аткаруу бийлигин жетектеген президенттин жеке жоопкерчилиги каралбагандыгы суроо жаратты.
“Министрлер кабинети жөнүндөгү” мыйзам - конституциялык мыйзам, анын талабы боюнча президент аткаруу бийлигин бүт өзү башкарат жана ага жооп берет. Бирок кимдин алдында кандай жооп берет деген баягы эле суроо көп талкууга алынууда. Президент аткаруу бийлигинин ишин өзү жетектеп жаткандан кийин анын ишмердиги боюнча Жогорку Кеңештин алдында жооп бериши керек эле.
Мыйзамда Министрлер Кабинети республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө Жогорку Кеңештин алдында отчет берет деп каралган. Эгер республикалык бюджеттин аткарылышы канааттандырарлык эмес деп табылса, же отчету кабыл алынбаса, анда президенттин жоопкерчилиги кандай болот деген суроого так жооп болгон жок.
Мыйзамда президент үчүн кандай жоопкерчилик каралганын сурап Би-Би-Си ЖК депутаты Дастан Бекешовго кайрылды.
"Президенттин жоопкерчилиги каралган эмес. Себеби, Конституцияда жоопкерчилик жөнүндө так эч нерсе жок. Ошондуктан конституциялык мыйзамда жоопкерчилик каралган жок. Бюджетти Жогорку Кеңеш кабыл албаса, анда президент Министрлер Кабинетинин төрагасын жумуштан кетириши мүмкүн",-деп жооп кайтарды Дастан Бекешов.
Кыргызстанда буга чейинки президенттер өкмөт башчысын садага чаап, өздөрү жоопкерчиликтен четте туруп келишкен. Ал эми жаңы Конституция боюнча президент аткаруу бийлигин бүтүндөй өзү башкарат, ошондуктан анын жеке жоопкерчилиги да каралышы керек эле дейт эксперттер.
"Буга чейинки системаларда премьер-министр начар иштесе, ага ишеним көрсөтпөө жөнүндө парламент маселе көтөрүп, чечилип келген. Бул жолу ошол механизм каралган эмес. Башкача айтканда, эгер президент чындап эле аткаруу бийлигинин иши үчүн жоопкерчиликти алып аткан болсо, ал начар иштеп, парламент ишеним көрсөтпөсө, анда өкмөт менен кошо президент дагы кызматтан кетиши керек. Менимче, андай механизм каралган эмес. Демек, жоопкерчилик жөнүндө жөн эле сөз",-дейт Жыргалбек Касаболотов.

Кыргызстанда бийлик кайра-кайра күч менен алмашып жатканынын бир себеби катары президенттин эч кимдин алдында жооп бербегендиги, аны мыйзамдуу түрдө кызматтан кетирүү баш мыйзам боюнча мүмкүн болбой келгендиги көп айтылып келди.
"Отуз жылдын ичинде үчүнчү жолу президентти мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетүүгө аргасыз кылды. Эмне үчүн? Биринчи, баш мыйзамда эл мүдөөсүн аткарбаган президентти кызматтан четтетүү мүмкүн болбогон үчүн эл аргасыздан ушундай ишке барды. Эгер баш мыйзамда элдин талабына жооп бербеген президентти мыйзамдуу жол менен чегинтүүгө мүмкүнчүлүк болсо, эл мынчалыкка барбайт эле. Экинчиден, президенттер канча мөөнөт бийлик жүргүзсө дагы эч кимге жооп бербейт. Капчыгын толтурат, адилетсиздикти жайылтат, коррупцияны өстүрөт”,-дейт мурдакы мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов.

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Бул мыйзам биринчи каралганда абдан катуу сындар айтылган. Атап айтканда, өкмөт дайындоодо, анын ишине көзөмөл кылууда Жогорку Кеңештин ролу чабал болуп калганы жөнүндө сөз болгон.
Долбоор боюнча Министрлер кабинетинин мүчөлөрүн президент Жогорку Кеңешке эки жолу сунуштайт, эки жолу өтпөсө, үчүнчүсүндө өзү билип эле аларды дайындай берет.
Аталган мыйзам күчүнө киргенде аткаруу бийлигинин түзүмү, иши баары Баш мыйзамда каралган тартипке, талапка ылайык келиши керек. Ал эми азыркы министрлер кабинети, президенттик администрация мыйзамдуу иштеп жатабы деген суроо өзүнчө курч талкууну жаратты.
Мыйзам биринчи окууга келгенде мамлекеттик сыйлыгы бар министрлерди кылмыш жоопкерчилигине тартуу президенттин гана макулдугу менен болот деп жазылган жобону депутаттар “министрлерди кызыл китепке жазып алгыла анда” деп таптакыр жактырбай, катуу сындашкан эле. Бул мыйзамдык норма азыркы долбоордо башкача каралды, эми министрлерди жоопко тартуу баш прокурордун өзүнүн гана чечими менен болот.
Министрлер демекчи, эми Министрлер кабинетине тажрыйбасы жок адамдардын келишине мыйзамдык бөгөт коюлду. Башкача айтканда, саясий кызматка жогорку билимдүү, мамлекеттик кызматта он жыл, жетекчи кызматта беш жыл иштеген адамдар гана келе алат.
Долбоордо Министрлер Кабинетинин бардык мүчөлөрүн кызматтык үй менен камсыз кылуу каралган. Бул жобону кээ бир депутаттар элдин жинине тийгенден башка пайдасы жок норма деп сынга алышууда.
































