You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
“Үгүт иштери интернет аркылуу”: Кыргызстандагы парламенттик шайлоо
Туура эки айдан кийин Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөт. Бир айдан кийин өлкөдө үгүт өнөктүгүнө старт берилет. Пандемия шартында партиялардын шайлоого даярдыгы мурункудан айырмаланып жатат.
“Жаратман-Эл” партиясы парламенттик шайлоого аттанган 44 партиянын бири. Саясий уюм учурда курултайын өткөрүүгө камылга көрүүдө.
“Курултайды өткөрүү боюнча биздин партия мындай чечимге келди. Ага партиянын эң активдүү элүү лидери катышат, калган активисттер, өзгөчө алыс аймактардагы биздин партиянын мүчөлөрү онлайн түрүндө ZOOM, Skype аркылуу түз эфирде катышышат”, -деди аталган партиянын лидери Расул Түлеев.
Республикалык штабдын көрсөтмөлөрүнүн негизинде Боршайком шайлоо алдындагы партиялардын курултайына элүүдөн ашык эмес киши катышышы керек деген чек койду. Адатта партиялар мындай чоң саясий иш-чарага миңден кем эмес делегаттарын чакырып, ал өзгөчө шаан-шөкөт менен коштолчу. Эми пандемиядан чыккан жаңы эрежелер шартында эч кайсы партия биринчилерден болуп курултай өткөрүүгө батынбай турат.
“БШКнын партиялардын курултай өткөрүүсүн жөнгө салууга эч кандай укугу жок. Саясий партиялар жана шайлоо тууралуу мыйзамдарда курултай өткөрүүнун тартиби бар, бирок аны БШК жөнгө сала албайт. Курултайга элүүдөн адам катышпасын деп чектеп атышыптыр, бирок бул туура эмес чектөө. Себеби, партиялык тизмеде 75тен 200гө чейин адам болушу мүмкүн. Ошондо 50 киши 200 кишин шайлаганы кандайча болуп калат деген суроо туулуп жатат”,- деди “Реформа” саясий партиясынын лидерлеринин бири Клара Сооронкулова.
Партиялар тизмелерин Боршайкомго 20-августка чейин тапшырышы шарт. Андан кийин эле шайлогоо карата үгүт өнөктүгү башталат. Үгүт иштери 4-сентябрдан 3-октябрга чейин уланат.
“Эпидемиологиялык кырдаал үгүт жүргүзүү форматына да таасирин берип жатат. Шайлоого бара жаткан партиялар, талапкерлер тууралуу болушунча аралыктан маалымат берүү мүмкүнчүлүктөрүн издеп атабыз. БШК “Талапкер” деген жаңы маалыматтык ресурс иштеп чыкты. Ал жерде партия тууралуу жалпы маалыматтар, тизме жайгаштырылат. Жаңы жоболорго ылайык, партиялар тизмесин каттаткандан кийин беш күндүн ичинде кайсы бир ЖМКда программасын жарыялап, аны милдеттүү түрдө БШКнын сайтына да бериши керек. Шайлоочу партия кандай программа менен шайлоого баратат, кандай көйгөйлөрдү кантип чечкени атат билиши керек. Бул ошондой эле партиялардын убадаларынын аткарышына көзөмөл болот”,- деди БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова.
Шайлоо тууралуу жаңы мыйзамдарга ылайык жана эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу саясий партиялар үгүт иштерин мурункудай стадиондордо, концерт коюп өткөрө алышпайт.
Адатта шайлоо алдында үгүт иштерине миллиондогон акчалар сарпталып, саясий технолог, пиар-адистен тартып, ырчы-чоорчу, сүрөтчү, үгүтчүгө чейин жакшы каражат таап алышчу. Быйылкы онлайн үгүт шартында алардын көбү кирешеден кур калчудай. Себеби, партиялар атактуу блогер жана интернет платформаларына артыкчылык бергени жатат:
“Үгүт иштери бизде интернет аркылуу болот. Блогерлер, интернет ТВлер аркылуу жүргүзөлү деп жатабыз. Коомдук сайттар аркылуу да үгүт болот, бул бекер, ошол эле убакта эффективдүү инструмент болуп жатат”, - деди Расул Түлеев.
БШК билдиргендей быйыл үгүт материалдарын чагылдырууга 200дөн ашык жалпыга маалымдоо каражаттары каттодон өттү. Буга чейинки шайлоолордо 30-40тан ашпаган ММК үгүткө тартылчу.
Ушу тапка партиялардан “Мекеним Кыргызстан”, КСДП, “Бир-Бол” жана Жашылдар партиясы шайлоо фонддоруна каражат салышты. EKa