Жапаровдун сынга кабылган кадрлары, жаштардын жаңылануу чакырыгы

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров парламент депутаты Курманкул Зулушевди башкы прокурорлукка көрсөттү. Ал тапта Бишкектин мэрлигине келген Нариман Түлеевге каршы жаш активисттер нааразылык билдирип чыкты.
Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата-Журт" фракциясынын депутаты Курманкул Зулушев башкы прокурорлук кызматка оозеки сунуш келип түшкөнүн ырастады.
“Мага президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдон сунуш түштү. Мен бул тармакта иштеп кеткем, эгер башкы прокурорлукка көрсөтүлүп, Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилип кала турган болсом, коррупция, криминал менен күрөшөм, паракорчулук маселесин чечем. Бизди отуз жылдан бери артка тарткан ушулар. Экинчиден, бизде саясий маңызда кылмыш ишин ачуу деген түшүнүк болбош керек. Саясий куугунтук да болбошу керек”,-деди К.Зулушев.
Ал ортодо жаштар люстрация талабы менен Бишкек мэриясынын алдына чыгып, Н.Түлеевдин кызматтан кетишин талап кылышты.

Сүрөттүн булагы, Social media
Сүйлөшүү жолу менен маселе чечилбей, Түлеев бул маселеде Садыр Жапаровдун өзү менен кеңешүүгө кетти.
“Азыр мен Садыр Жапаров менен сүйлөштүм, азыр мен ага барп келем. Эгерде ал киши “кет” десе кетем, “кал” десе калам”,-деди Түлеев.
Нариман Түлеев шейшембиде вице-мэрликке дайындалып, бирок мурдагы шаар башчысы Суракматов отставкага кетип, мэрдин милдетин аткарып калган.
“Биз эмне элбизби же малбызбы? Кайсы бети менен ушул жерге келип отуруп алды. Эч кандай кагазын көргөзгөн жок. Мен юрист-нотариус болуп иштегенмин. Жанагы дайындалышы боюнча көрсөтүп жаткан кагазы флькина грамота. Садыр Жапараовго кайрылабыз, биз сизге каршы эмеспиз, калыстык орносун, сизди эртең Жээнбековду айдагандай айдап чыкпасын. Эскилер толугу менен люстрация болсун”,- деди нааразылык акцияга чыккан Асхат Осмонов.
Жапаровдун кадрдык саясатына коомдук сайттарда ар кандай сындар айтылып жатат.
Саясий жаңылануу жок эле, 2010-жылга чейинки бийликтеги саясий күчтөр кайта баштады деген пикирлер үстөмдүк кылууда.
УКМК төрагалыгына Камчыбек Ташиев келип, мурунку президент Курманбек Бакиевдин эң жакын тарапкерлеринин бири Үсөн Сыдыковдун уулу “Манас” аэпортуна төрагалыкка дайындалышы, Н.Түлеевдин шаар башчылыгына бекиши наарзылыктарды жаратты.
Садыр Жапаров буга чейин Аль-Жазира телеканалына маек берип, анда мамлекеттик кызматтарга дайындоо маселесине да токтолгон:

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
“Ар бир кызматтын ставкасы бар. Алар буга көнүп алышкан. Менин кызматка келгениме он күн дагы боло элек. Бирок уулума телефон чалып, кайсы бир кызмат орду үчүн 300 миң доллар сунуштагандар болду. Айрымдары 50 миң доллар беребиз дешкен. Биз мындай көрүнүштөрдү жоюп, таза мамлекет түзгөнү жатабыз. Көптөр кайра эле кызмат орундарын сатып алабыз деп ойлоп жатышат. Бирок мындай экинчи кайталанбайт”.
Кыргызстанда кадр саясаты эгемендик жылдары ар бир башкаруучунун таалылуу жери болуп келди.
“Эл толкуду, ыңкылап болду. Бирок бийлик келе элек жатып эле, өз бийлигин бекемдөө жолунда экени билинип калды. Кадрдык дайындоолор стандарттардын же коомдун талабына жараша эмес, саясий сооданын негизинде компромисттик фигуралар келе баштады. Бийлик мурунку бийликтердин “оорусуна” кабылды. Бул коркунучтуу, себеби ыңкылап болгонуна эки жумадан өтө элек”,- деди серепчи Руслан Акматбек.
6-октябрдан кийинки саясий кризис басаңдап, негизги саясий күчтөр компромисске келди. Бирок жер-жерлерде революциялык маанай басыла элек, нааразылык толкуну дагы деле токтой элек. EKa
































