You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Беларус "партизандары" орусиянын өтө маанилүү "учуучу радарына" чабуул койдубу?
Беларус активисттери 26-февралда Минсктин жанындагы аскерий аэродромдо диверсия болгонун жарыялашты. Натыйжада А-50 алыстан аныктоочу радиолокациялык учагын зыянга учуратышканын билдиришкен. Чын бышыгы кандай? Бул Украинада согушуп жаткан орус армиясы үчүн эмнени билдирет?
Беларусь күч органдарынын мурдагы кызматкерлери түзгөн BYPOL долбоору жекшемби күнү Мачулищидеги аскердик аэродромдо топтун мүчөлөрү тарабынан жасалган диверсиянын натыйжасында Орусиянын А-50 аралыктан аныктоочу радиолокациялык учагы жабыркады деп билдирди. Дүйшөмбү күнү бул билдирүү тууралуу дүйнөлүк маалымат каражаттары - атап айтканда, Reuters агенттиги жазды.
"Бул учкучсуз учактар болгон. Операциянын катышуучулары - беларустар", - деп BYPOL уюмунун лидери Александр Азаров Телеграм-каналында жана “Белсат” жаңылыктар каналында билдирди. Азаров телефон аркылуу операция “бир нече ай пландаштырылганын” жана “партизандар” жаңы акцияларды ишке ашырууга умтулганын кошумчалады.
*BYPOL беларус бийлиги тарабынан террористтик уюм деп жарыяланган, ал эми польшалык “Белсат” телерадиокомпаниясын расмий Минск “экстремисттик” деп атайт.
Кремль Азаровдун билдирүүсүнө комментарий берүүдөн баш тартып, болжолдуу окуя Беларустун аймагында болгонун жүйө келтирди. Беларустун, Орусиянын коргоо министрликтери комментарий берүү өтүнүчтөрүнө дароо жооп берген жок, деп белгиледи Reuters.
Беларус оппозициясынын лидери Светлана Тихановскаянын кеңешчиси Франк Вечёрко Твиттердеги баракчасына Минсктин жанындагы аскерий авиабазага кол салууга эки белорус “партизандын” тиешеси бар болгонун жазды. Анын айтымында, дрондор А-50 учагынын алдыңкы жана ортоңку бөлүктөрүн, анын ичинде радар антеннасын жана авиониканы бузушкан. Вечёрко бул акцияны жасаган эки адам азыр Беларустан тышкары коопсуз жайда экенин белгиледи.
Дүйшөмбү күнү “Вясна” беларус укук коргоо уюму авиабаза жайгашкан Мачулищиде бир аял кармалганын билдирди. Ал эми Беларуста бөгөттөлгөн “Зеркало” гезити Беларустун коопсуздук күчтөрү “Мачулищидеги аскердик аэродромдо диверсияга шектелген адамды издеп жатат” деп жазды. Бул басылма өз окурманына шилтеме жасады - ал журналисттерге милиция жиберген багыттык маалымат тууралуу айтып берди.
Активисттер жана маалымат каражаттары болжолдонгон кол салуу тууралуу айтып жаткан учактын өзгөчөлүгү эмнеде?
Би-Би-Синин орус кызматынын кабарчысы Павел Аксенов:
"А-50 өзгөчө баалуу учак. Алардын саны кыйраткычтардан алда канча аз. Орусияда болгону тогуз А-50 үлгүсүндөгү учак, ошондой эле төрт модернизацияланган А-50У версиясы бар.
Минскинин жанындагы Мачулищидеги аскердик аэродромдо А-50 "учуучу радарга" зыян келтирилгени тууралуу маалымат тастыкталса, анда бул капыстан жасалган сокку эмес, жакшы пландаштырылган чабуул болгон.
Прессадагы маалыматтар жана интернеттеги сүрөттөргө таянсак, аэродромдун өзүндө МиГ-31 кыйраткычтары, ошондой эле аскердик транспорттук Ил-76 жана башка учактар жайгашканын көрүүгө болот. Бирок сокку А-50 учагына жасалган.
Мындай учак - абдан маанилүү аскердик бута. Бул авиациялык топтун “көзү жана кулагы”, ошондой эле “нерв борбору”.
А-50 алыстан аныктоочу радиолокациялык учактар авиация иштеп жаткан аба мейкиндигин көзөмөлдөө, буталарды аныктоо, алардын согуштук учактарын координациялоо жана багыттоо үчүн керек. Ал абадагы буталарды гана эмес, радар сыяктуу жердеги буталарды да байкай алат.
Бул ар кандай заманбап авиациялык операциянын эң маанилүү элементи болуп саналат - мындай радар кургактыкта күчтүү станциялар жана башкаруу борборлору жетишсиз болгон жерде аба мейкиндигин башкаруунун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.
Орусиянын Украинага басып кириши башталгандан бери Украина менен Румыниянын чек араларына жакын жерде жана Кара деңиздин үстүндө Батыштын AWACS* учактары дээрлик тынымсыз кызматта болуп, украин аскерлерине маалымат берип турат.
*Airborne Warning and Control System - алыстан аныктоочу радиолокация жана бутага алчу учагы, бул А-50нүн аналогу.
Болжолдуу зыяндын өлчөмүн тактоо азырынча мүмкүн эмес. Учактын өзү же радиолокациялык жабдуулары (А-50нүн эң көрүнүктүү жана морт бөлүгү, ал фюзеляждын үстүндөгү "тарелкага" окшош) бузулдубу - кандай болгон күндө да, учак, эгер чындап "кол салуу" болгон болсо, ишке жарабай калган жана оңдоого муктаж.
Дүйшөмбү күнү А-50 учактарынын маанилүүлүгү жөнүндө Украинанын Аскер Аба күчтөрүнүн басма сөз катчысы Юрий Игнат талкуулаган. Ал орустар азыркы учурда украиналык абадан коргонуу системаларын (ПВО) аныктап, кол салуу үчүн Ирандын “Шахед” жанкечти дрондорун учуруп жатканын айтты.
“Азыр алар ПВОну түгөтүп, [анын жайгашкан жерлерин] аныктап жатышат. Биз “Шахед” боюнча согуштук иштерди жүргүзүп жатканда [орусиялык] А-50 радар учагы учуп кетет - ал биздин зениттик ракеталык системалар жайгашкан жерлерди аныктайт”, - деп түшүндүрдү Игнат.
Дүйшөмбүгө караган түнү Украина жаңы дрон чабуулуна кабылды. (EB)