You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Кремлдеги карантин. Путиндин ден соолугу кандай корголууда?
2021-жылдын май айында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров “пландалган эл аралык иш-чараларга катышуу”, айрыкча Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуу үчүн эки апта аралыктан иштеген.
Ал эми экс-президент Сооронбай Жээнбеков 2020-жылдын 24-июнунда башка постсоветтик өлкөлөрдүн лидерлери менен Москвага Жеңиш күнүнө арналган парадга барган. Бирок Жээнбековду коштогон делегациянын эки мүчөсүндө коронавирус аныкталгандыктан ал парадга катыша албай, дароо Кыргызстанга кайтууга аргасыз болгон.
Бул орус лидери Владимир Путин менен байланышта болгондор үчүн катаал карантиндик чектөөлөр болгонун билдирет. Чектөөнү Украинага басып кирүү да, коронавируска каршы төрт эмдөө да, пандемиянын алсырашы да алып салган жок.
Путинди ташыган учкучтар менен аны коштогон медиктер дайыма обочого алынышат. Жүздөгөн адамдар "таза аймакка" кирүү үчүн төрт жолудан ПЦР-тест тапшырат жана коронавируска каршы антителолорду эки жолу текшеришет. Алар ошондой эле грипп, стафилококк жана курттарга кошумча анализдерди тапшырууга аргасыз.
Би-Би-Синин орус кызматы Путиндин саламаттыгы кандайча корголорун, карантин маалында тестирлөө кандай иштеп жатканын жана мунун баары Орусиянын бюджетине канча чыгым алып келгенин айтып берет.
"Кезек мага келгенде, мен аны [Путин] менен саламдаштым. Мен ага ардагерлердин жана биздин республиканын жетекчилигинин куттуктоолорун жеткирдим. Ал жылмайып, колумду кысып койду. Президент унутулгус таасир калтырды", - деп сүрөттөйт казандык генерал Ахат Юлашев Владимир Путин менен болгон жолугушуусун.
Юлашев Орусиянын президенти менен 2022-жылдын 9-майында Кызыл аянттагы парадда кол алышкан - ал кезде Орусия менен Украинанын ортосундагы согуш кызып жаткан. Бул жолугушуу үчүн 94 жаштагы киши эки жума карантинде болду.
Генерал Юлашев Улуу Ата-Мекендик эмес, Ооган согушунун ардагери – ал Москвага 23-апрелде келген. Ал кайтып келгенден кийин жергиликтүү ЖМКларга "толук сый-урмат менен тосуп алышканын, Москванын люкс мейманканасына жайгаштырышканын" айтып берген жана "толук карантинде болгонун" жашырган жок.
Би-Би-Си Юлашев менен байланыша албады.
Юлашев Владимир Путин менен кол алышып же жөн эле жакын туруу үчүн 24-апрелден 9-майга чейин Москвада карантинге алынган 400дөй адамдын бири болгон.
Алар жаман эмес шарттарда жашаган: карантин Мосванын борбордук бөлүгүндөгү эки мейманканада - беш жылдыздуу “Алтын шакек” (“Золотое кольцо”) жана төрт жылдыздуу “Президент-Отель” мейманканасында болгон.
Владимир Путин коронавируска каршы вакцинанын төрт дозасын алууга жана Украина менен согушту баштоого үлгүрдү, бирок эмдөө да, өзгөчө кырдаал да көп өзгөртүүлөрдү шарттаган жок: ал резиденциядан резиденцияга улам көчө баштады. Ал эми аны тейлеген кызматкерлерлер жана аны менен байланышта болгондордун баары Орусиянын ар кайсы аймактарында карантинде отурушат.
Ачык маалыматтарга ылайык, Кремлдин түзүмдөрү “карантиндик келишимдерге” 1,5 млрд рублга жакын каражат жумшап, обсерваторлорго субсидия түрүндө кеминде 1,7 млрд рубль бөлүнгөн.
"Мындай чаралар болуп көрбөгөндөй көрүнүш, бирок аларга таянып президенттин ден соолугу тууралуу тыянак чыгарууга болбойт. Муну алдын алуу чаралары же "жылдыз оорусу" десек болот", - деди Би-Би-Сиге 2014-жылга чейин Орусияда иштеген Израилдик анестезиолог Михаил Фремдерман.
Коронавирус менен ооруган бейтаптарды ИВЛ-аппараттар менен дарылаган америкалык Tufts Medical Center клиникасынын анестезиология жана реанимация бөлүмүнүн башчысы Константин Балонов мындай карантиндик чараларды, Украина сыяктуу “баш ийбегендерди”, оппозициянын лидери Алексей Навальный же “чет элдик агент ЖМК” катары таанылган “Дождь” телеканалын патологиялык жек көрүү катары эле - иррационалдуу деп атайт.
Ал Кремлдеги дарыгерлер мүмкүн болгон репрессиялардан коркушат жана алдын ала чараларды көрүп жатышат деп эсептейт: "Карантинде отуруп, көптөгөн анализ тапшыруу - бул медициналык көз караштан паранойя же чыныгы коркуу. "Дарыгерлердин иши" бат эле реалдуулук болуп калышы мүмкүн".
Президент менен кол алышуу үчүн обсервация
Подмосковьедеги Королёв шаарынан келген 99 жаштагы полковник Николай Козлов 1945-жылы Берлинди алып, Рейхстагдын дубалдарына кол коюп кеткен. Ал жыл сайын парадга чакырылат.
“Бул күндөрү ал санаторийде атайын эки жумалык карантинде болгонун укканымда кубандым - Кызыл аянттагы трибунада анын жанында тургандарга коркунуч келтирбөө үчүн обочого алынды”, - деп жазган апрель айында Москва облусттук думасынын депутаты Сергей Керселян.
Борбордук трибунанын биринчи катарларында Козловдун жанында президент жана коргоо министри болгон. Ардагер Би-Би-Си менен болгон маегинде: "Менимче бир адамдан кийин - Шойгу, экиден кийин - Путин. Биз бир-бирибизди кыскача куттуктап, ден соолукту сурадык." Алар кол да алышкан: “Куттуктап, өтүп кетти, баарына [ден соолук] каалады”.
Ал карантинде адаттан тыш эч нерсе көргөн жок: бул өткөн жылы 22-июнда Путин менен жолугушууга чейин да болгон.
Быйыл, анын айтымында, Подмосковьедеги аскердик санаторийде Улуу Ата-Мекендик согуштун беш ардагери гана болгон - алардын ар бири коштоочу менен. "Эки жума эс алдык, токойдо жүрдүк, тамак жакшы болду. Ошол жерден түз парадга бардык", - деп эскерди ал. Козлов карантинде кызы менен отурган, бирок ал атасынын жанында трибунада болгон эмес.
Жалпысынан Кызыл аянттагы трибунага Улуу Ата-Мекендик согуштун 590 ардагери чакырылган. Аларды сынак аркылуу тандалган ыктыярчылар тосуп алып, коштоп жүрүштү. Бирок баары эле карантинде болгон жок - аймактардан ардагерлер жана ыктыярчылардын басымдуу бөлүгү Москвага 7-8-майда келишти.
Ал эми Юлашев жана Козлов сыяктуу ардагерлерде башкача шарттар түзүлдү: алар президенттик администрация ардагерлердин уюмдары жана Коргоо министрлиги менен бирге орундарды бөлүштүргөн борбордук трибунага билет алышкан. Алдыңкы катардагылар Путин менен кол алышып учурашты.
Парадга чейин канча адам “кремлдик карантинде” болгонун бийликтегилер ачыктаган жок.
Бирок мамлекеттик контракттардын реестринен бираз эсептөөлөрдү чыгарууга болот:
- Алгачкы жолу обсерватор катары беш жылдыздуу Golden Ring мейманканасы колдонула баштаган - ал Арбаттын аймагындагы Тышкы иштер министрлигинин маңдайында жайгашкан. Мамлекеттик контракттардын реестринде бийлик бул жерге 24-апрелден 9-майга чейин жашаган коноктор үчүн 9 млн рубль төлөгөнү көрсөтүлгөн.
- 28-апрелде бул отелге Борбордук клиникалык оорукананын (мурдагы “Кремлевка”) 13 кызматкери жайгаштырылган, ал мекемеде Владимир Путин да дарыланат. Экөөнү кошпогондо дээрлик бардыгы 9-майда мейманканадан чыгып кетишкен. Мейманканага көчүп барган москвалык дарыгерлер алдыдагы параддын катышуучуларынын ден соолугуна көз салып же 9-майда Путиндин өзүн тейлөөгө даярдана алышкан. Алардын карантинине 924 миң рублду жумшалганы делет.
- Борбордук клиникалык оорукананын (БКО) келишимдерине ылайык, парадга чейин Golden Ring’деги номердин баасы 5500 рубль экени көрсөтүлгөн. Эгерде Президенттин иш башкармалыгы (ПИБ) ардагерлер үчүн бөлмөлөрдү ошол эле баада ижарага алды десек (ведомствонун келишимдеринде баа көрсөтүлгөн эмес) - ал жерде 160ка чукул киши жашачу, анткени Кызыл аянттагы борбордук трибунасындагы коноктордун саны адатта ушунча болот.
- Ошондой эле Президенттин иш башкармалыгы 24-апрелден 9-майга чейин өзүнө таандык “Президент-Отелде” (4 жылдыз) 14,3 млн рублга бөлмөлөрдү ижарага алганы реестрде көрсөтүлгөн. Бул мейманканада болгону 204 бөлмө бар, баасы 3,9 миң рублдан 11 миң рублга чейин - башкача айтканда, карантин учурунда ал толугу менен толтурулушу мүмкүн болчу.
- ПИБ жана анын түзүмдөрү карантин маалында эки отелге 24 млндон ашуун рубль төлөдгөнүн көрүүгө болот.
- Президенттин иш башкармалыгынын келишимдеринин биринде Коргоо министрлигинин “Подмосковье” санаториялык-курорттук комплексинде параддын алдында дагы бир обсерватор уюштурулганы көрсөтүлгөн. Комплекстин курамына бир нече санаторийлер кирет, анын ичинде ардагер Козлов карантинге алынган “Солнечногорский” санаторийи да бар. Парадга чейин Москва облусунда канча адам жашаганы белгисиз.
9-майда Путин борбордук трибунанын коноктору менен кол алышып учурашуудан тышкары башка тыгыз контакттарды жасаган. Ал Белгисиз солдаттын эстелигине гүлчамбар коюп, “Өлбөс полк” акциясынын колоннасынын катарында болгон.
Параддан кийинки гүлчамбар коюу аземине Путин менен бирге Николай Козлов жана карантинге алынган башка ардагерлер да катышкан. Андан кийин алар Кремлдин Чоң сарайына кабыл алууга барышкан. Ал жерде Путин залдын “бир аз аягында” отурган, баары "тез жана кыска" болду: "Ал салам айтты, куттуктады, барына рюмка көтөрдү. Ичтик, анан ал кетти, банкет уланды", - деди Козлов Би-Би-Сиге.
Аны менен бирге 25-столдо подмосковьелик губернатор Андрей Воробьев отурган. Аткаминерлер жана башка жогорку кызмат адамдары, алардын мурунку чакырууларына караганда, карантинде болгон эмес. Балким ошондон улам президент аралыкты сактагандыр.
Мурдагы жылдары параддан кийин Путин Кремлде ардагерлерди куттуктап, тост көтөрүп жүргөн. Пандемия башталгандан бери бул салт үзгүлтүккө учурап, апрелдин аягында Кремлдин басма сөз кызматы РИА Новостиге “эч кандай кабыл алуу болбой турганын” билдирди.
Мамлекеттик сатып алуулар сайтынын маалыматына караганда, быйыл 9-майда Путиндин атынан салтанаттуу кабыл алуу белгиленген. 5-майда Президенттин иш башкармалыгы 500 чакыруу бланк, 450 концерттик программа менен меню китепчеси жана 70 столго көрсөткүчтөргө буюртма берген. Президенттин “санитардык-эпидемиологиялык бейпилдик” стандарттарына ылайык, коноктор бул иш-чаранын алдында да карантинден өткөн.
Карантинден “таза зонага”
Путиндин айланасындагы адамдар жөн гана карантинге алынбастан, ар кандай анализдерди да тапшырышат. Президенттин иш башкармалыгы бул лабораториялык изилдөөлөрдү “санитардык-эпидемиологиялык максатта” сатып алат.
Кээ бир контракттарда "таза зонада" жумушка киришүүгө чейинки татаал процедуралар көрсөтүлгөн. Эрежелер 2021-жылы пайда болгон.
Дегеле карантинге кирерден эки күн мурун коронавируска антителолорду текшерүү үчүн канды тапшыруу керек. Карантинде 12 күндүн ичинде төрт жолу ПЦР, ал эми он экинчи күнү антителого кан тапшыруу керек болот.
Эгерде адамдын ооруп жатканын көрсөткөн IGM антителолору жок болсо, анда 14 күндүк обочодон кийин ал "таза зонага" - башкача айтканда, президентке жакындай алат.
Кийинчерээк келишимге ПИБдин талабы боюнча карантиндеги адамдардан башка анализдер үчүн биоматериал алынышы мүмкүн деген шарт кошулган. Ал Путин эмдөөдөн өткөндөн кийин пайда болгон.
Пандемия башталгандан бери Президенттин иш башкармалыгы жана анын түзүмдөрү Москвадагы кремлдик поликлиникаларына “карантиндик келишимдер” боюнча кызматкерлер жана башка адамдардын анализдерин изилдөө үчүн 200 млн рублга жакын сумманы төлөгөн.
ПИБдин билдирмеси боюнча, 2021-жылдан бери 1,500гө жакын адам анализ тапшырган - кээ бирлери коронавируска гана эмес, ОРВИ, сасык тумоо жана стафилококк, ошондой эле биомаркерлер үчүн кан тапшырышкан. Алар ошондой эле заң тапшырышты - бирок коронавирус эмес, гельминттердин жумурткаларын аныктоо үчүн.
Президентке жакын аткаминерлер заң тапшырышы керектигин 2022-жылдын февраль айында жашыруун булактарга таянуу менен Baza Телеграм-каналы маалымдаган. Анда чиновниктер "аптасына бир нече жолу" тесттен өтүшү керектиги айтылган.
Ошол эле учурда, мисалы, Кремлде иштебеген жана президентти үчүн тамак жасабаган “Кремлевский” комбинатынын кызматкерлерине ПЦР-тесттер гана жетиштүү. Алар Москванын Эски аянтындагы президенттик администрациянын, Мамлекеттик Думанын, Федерация Кеңешинин, Өкмөт үйүнүн жана Жогорку соттун имараттарында иштешет.
Бул схема азыр деле иштеп жатат. 2022-жылдын май айында гана учуучу отряд коронавирусту аныктоо үчүн 1,376 суюк же былжыр зат (мазок) жана 98 даана био материал, ошондой эле антителого 447 жолу кан анализин жана биомаркерге 32 анализ үчүн төлөгөн. Ошол эле учурда алар Москва облусунда жана башка санаторийлерде массалык түрдө карантинге алынууда.
"Заңды коронавируска изилдөөнүн эч кандай медициналык аспекти жок. Бул алдын алуу үчүн кадимки тестти кайталоо аракети, анткени суюк же былжыр зат маалымат бербей калышы мүмкүн", - деп билдирди “кызыл зонада” Covid-бейтаптарды дарылаган орусиялык инфекционист Би-Би-Сиге. Ал бул тема боюнча комментарий берүүгө укугу жок болгондуктан атын атагысы келбеди. Ал фекалдык-оралдык жол менен коронавирус инфекциясын жуктуруу учурларын билбейт, бул тууралуу башка эксперттер да айтышты.
Би-Би-Синин маектешинин айтымында, башка инфекцияларга тесттер жана контакттардын кескин азайышы кээ бир учурда “катуу оорулуулар үчүн колдонулат”, мисалы, онкогематологиялык операциялардын алдында кандайдыр бир терс таасирлерди алдын алуу үчүн. Бирок мындай чаралардын убактысы чектелүү, алар жылдарга созулбайт, жана адатта адам стерилдүү шарттарда жашабайт. “Илимий көз караш боюнча аткаминерлердин бардык эле иш-аракеттери жөндүү эмес, көбү бийликке кошомат кылууну, баарын алдын ала ойлогондугун көрсөткүсү келет”, - дейт дарыгер.
Baza Телеграм-каналы Кремлдин көптөгөн кызматкерлери дээрлик бир жыл бою карантинде болууга аргасыз болгонун, ал эми Президенттик администрациянын жана Федералдык күзөт кызматынын айрым кызматкерлери 2021-жылы 150 күндөн ашык бир бөлмөлөрдө "отуруп чыкканын" жазган. Мындан улам алардын айрымдарынын үй-бүлөлөрүндө көйгөйлөр пайда боло баштаган.
Келишимдерде мындай адамдардын “карантиндеги жашоосу” адатта жашыруун болот. Бирок мамлекеттик сатып алуулар сайты жагдайдын бир бөлүгүн ачыктайт.
Аларды 2020-жылы пандемия башталгандан бери Подмосковье, Сочи жана Валдайдагы президенттик резиденциялардын жанындагы ондогон кремлдик санаторийлеринде карантинге алуу үчүн 1,2 млрд рублдан ашуун каражат жумшалды, бардык келишимдердин суммасы - дээрлик 2 млрд. Айрым санаторийлер толугу менен обсерваторлорго айланып, эс алуучулар үчүн жабык.
Ошол эле учурда, 2020-жылы гана алар антиковиддик чаралардын алкагында ПИБден жалпы 1,7 млрд рублга жакын субсидия алышкан. 2021-жылы бийлик жаңы субсидиялардын реестрин жашырып салды.
Эмдөө деле карантинди токтоткон жок
Президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, 2021-жылдын март айында Путин коронавируска каршы биринчи жолу эмделген. Анткен менен көпчүлүк президенттин вакцина алганын күмөн санашты: ал телевизордон көрсөтүлгөн жок жана вакцинанын аты да аталган эмес. Кийинчерээк ал “Спутник-V” вакцинасы экени белгилүү болду.
Мамлекеттик сатып алууларга караганда, эмдөөдөн кийин Путин өлкө боюнча майрамдарга, форумдарга жана башка мамлекеттердин башчыларын кабыл алуу үчүн резиденциядан резиденцияга активдүү кыймылдай баштады.
Бирок эмдөө карантинди токтоткон жок: ар бир жолугушуунун алдында иш-чараларды даярдаган жана Путин менен тыгыз байланышта болгон кызматкерлер, ошондой эле дарыгерлер карантинге алынганын Би-Би-Си мамлекеттик сатып алуулардагы маалыматка таянып аныктады.
Валдайдагы медициналык десант
"Байыркы орус Валдай шаарынын жанында, эң таза Ужин көлү менен курчалган жарым аралда токойлуу дөңсөө турат - ал байыртадан "Суу перисинин тоосу" деп аталат. Бул жер өзүнүн кооздугу жана күчү менен белгилүү. Ошондой эле ал байыртан эркектердин Ивер монастыры менен Орусия Федерациясынны Президенттик иш башкармалыгынын ден соолукту чыңдоо комплексине жакын жайгашкан", - деп өзүн жарнамалайт Новгород облусундагы “Валдай” эс алуу үйү өзүнүн сайтында.
Анткен менен сайтта анын жанында Владимир Путиндин резиденциясы жайгашканын ачыкталган эмес. Бирок “Суу перисинин тоосунда” эс алууну каалагандарды: “Урматтуу коноктор, “Валдай” эс алуу үйү 2020-жылдын 6-ноябрынан тарта конокторду кабыл албайт” деген эскертүү бар.
Пандемия башталгандан бери ал жерге Владимир Путин дарыланган Борбордук клиникалык ооруканасынын (БКО) дарыгерлери жөнөтүлө баштаган. Эсептерге караганда, ал жерде дээрлик ар дайым бирден төрткө чейин дарыгер бар жана алар үчүн жабык эс алуу үйүндө бөлмөлөр жана өзүнчө коттедждер ижарага алынат.
Дарыгерлер Путинди Валдайга 2020-жылдан бери коштоп жүрүшөт. Оорукана жыл ичинде бирден төрткө чейин кызматкерди (көбүнчө экөөнү) алты жолу 10-15 күндүк мөөнөткө командировкага жиберген. Алар күнүнө 5500 рублдук коттеждерде жашачу. Жыл ичинде оорукана алардын жатаканасына 847 миң рубль сарпталган.
Сапарлар 2021-жылы көбөйүп, дарыгерлердин командировкалары бир күндөн 26 күнгө чейинки узара баштаган. Оорукана аларга 1,193 млн рубль суммага 18 жолу коттеждерди ижарага алган.
2022-жылы дарыгерлер Путин үчүн Валдайга кеминде тогуз жолу барышкан - 1-январдан 15-апрелге чейин Кремль ооруканасынын бир же эки кызматкери күн сайын ошол жерде болгон.
Бир дарыгердин иш сапарынын мөөнөтү эң көп 34 күнгө созулган. Оорукана Валдайдагы коттеждерди апрелдин ортосуна чейин ижарага алуу үчүн 841 миң рубль төлөдү.
Апрель айында орус бийлиги тыюу салган “Проект” басылмасы Путиндин ден соолугундагы олуттуу көйгөйлөр тууралуу иликтөөнү жарыялаган. Президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков иликтөөдөгү маалыматтарды дароо четке каккан.
“Проект” мамлекеттик сатып алуулар боюнча маалыматтарга таянып, 2016-жылдан 2020-жылга чейин Путин Сочидеги резиденциясына дарыгерлердин тобунун коштоосунда көптөгөн сапарларды жасаганын аныктаган. Көбүнчө аны эки отоларинголог жана калкан без рагы боюнча хирург коштоп келишкен делет.
Кремлдин дарыгерлеринин Сочиге болгон командировкалары дагы деле уланууда - аларды “Русь” санаторийинде жайгаштыруу боюнча жаңы келишимге бир нече күн мурун кол коюлган.
Би-Би-Си аныктагандай, пандемия жана 2022-жылкы согуштук кырдаалда, анын ичинде Владимир Путиндин катышчу маанилүү иш-чараларынын алдында БКОнун дарыгерлери Москвада карантинде отурушкан.
Мисалы, Орусиянын Украинага кол салуусунан бир аз мурда, февраль айында БКО кызматкерлери үчүн Москвадагы “Арбат” мейманканасынын (ПИБдин “Президент-Отелине” караштуу) 20 бөлмөсүн төлөп берген. Москвалык 20 дарыгер мейманканага 2-февралда көчүрүлгөн. Анын ичинен 16 адам 15 күн, үчөө 12күн, бирөө бир жума жашаган.
Кээде Борбордук клиникалык оорукана бир эле дарыгерди 4-жылдыздуу “Президент-Отелге” эки, тогуз жана 14 күндүк мөөнөткө жайгаштырган. Бул адис башка кесиптештеринен эмнеси менен айырмаланганы белгисиз, анын аты-жөнү мамлекеттик сатып алуулар сайтында жарыяланган документтерде жашырылган.
Жалпысынан 2020-жылдан бери БКО дарыгерлерди бул эки мейманканага жайгаштыруу үчүн 17 млн рублга жакын каражат жумшаган.
Келишимдердин шарттарына ылайык, БКО кызматкерлерин коронавируска анализ тапшырууга жана үч маал тамак берүүгө өзү милдеттенген. Балким, дарыгерлерди жумушка алып барып жүрүшкөн, ал эми мейманкана алар үчүн обсерватор болгон.
Форумдар үчүн консилиум
Путин пандемияга карабай өткөрүп жибербеген коомдук иш-чаралар бар - бул ар кандай форумдар. Ал бул иш-чараны бизнеске жана инвесторлорго өз көз карашын жеткирүүгө мүмкүнчүлүк катары пайдаланат.
Быйыл, мисалы, ал Санкт-Петербургдагы орусиялык ишкерлердин жана сейрек чет элдик коноктордун катышуусунда өткөн Эл аралык экономикалык форумда европалык жана америкалык санкциялар Батыш дүйнөсүн кантип кыйратканы тууралуу көп талкуулады.
Би-Би-Си мамлекеттик сатып алуулар боюнча маалыматка таянып, Путин пандемияга чейин эле бардык форумдарга дарыгерлердин, анын ичинде жугуштуу оорулар боюнча жана ар кандай тармактардын адистеринин коштоосунда келгенин аныктады.
Айрыкча Владивостокто өтүп жаткан Чыгыш экономикалык форумуна көңүл бурсак: Борбордук клиникалык оорукананын дарыгерлери ал жакка Путинден бир апта мурда келишет жана ал Москвага кайтып кеткенден кийин гана Владивостоктон кетишет.
2021-жылы Путин Владивостокко 1-сентябрда келип, жумушчу жолугушууларды өткөргөн, ал эми 3-сентябрда Русский аралындагы Ыраакы Чыгыш университетинин кампусунда Дүйнөлүк экономикалык форумдун (ДЭФ) пленардык жыйынына катышкан.
Президенттин келээрине бир апта калганда БКОнун дарыгерлери Владивостоктогу “Астория” отелинин люксунда (606 миң рубль) жана форум өтүп жаткан Русский аралындагы университеттин мейманканасында (45 миң рубль) жайгаштырылган.
2019-жылы Борбордук клиникалык оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Борис Горшенин жети дарыгер менен бирге Русский аралында ДЭФ өтүп жатканда жашаган (315,5 миң рубль).
БКОнун күчтүү адистери Путинди Арктика форумунда да коштогон. 2017-жылы ал Архангельск шаарында өткөн, ал эми президент 30-мартта сөз сүйлөгөн.
27-марттан 31-мартка чейин Түндүк Арктика университетинин жатаканасында кардиолог Сергей Ваниев, ПИБдин башкы инфекционисти Георгий Сапронов (ал кезде пандемия болгон эмес), профессор-невролог Владимир Шмырев жана үн ооруларын дарылоо, кекиртек патологияларынын жана башка ЛОР-органдарын диагностика кылуу боюнча адис, отоларинголог-фониатр Наталья Чучуева жашашкан.
Бригаданын курамына ошондой эле эки терапевт - Юрий Лукин жана Владимир Шпинчевский, башкы медайым Ирина Арсеева, Борбордук клиникалык оорукананын тез жардам бөлүмүнүн фельдшери Олег Алешин жана башка дарыгерлер кирген.
Арктика форуму 2019-жылдын апрель айында Санкт-Петербургда өткөн. Борис Горшенин ал жерге Путиндин келишине бир жума калганда жетип калган. Президенттин иш сапарына эки күн калганда Горшенинге неврологиялык борбордун жетекчиси Сергей Архипов, ошол эле отоларинголог-фониатр Наталья Чучуева, инфекционист Андрей Девяткин, ПИБдин башкы пульмонологу Светлана Евдокимова менен башкы кардиологу Никита Ломакин жана оорукананын дагы бир кызматкери кошулду.
Эки айдан кийин, 7-июнда, Путин ПМЭФте сөз сүйлөө үчүн Санкт-Петербургга кайтып келди. Борис Горшенин 3-июндан 9-июнга чейин кайрадан нөөмөттө болду. БКО анын мейманканадагы номери үчүн 369,9 миң рубль төлөгөн.
Мамлекеттик сатып алуулар сайтында анын кол алдындагыларга мейманканадан номерлерди ижарага алуу боюнча ачык маалымат жок. Бирок президенттин Петербургдагы дарыгерлери Путиндин резиденциясынын инфраструктурасын - Константиновский сарайында жашаганы ыктымал. Мындан сырткары, Санкт-Петербургдун өзүндө да кремлдик дарыгерлер бар - алар Президенттин иш башкармалыгында консультациялык-диагностикалык борборунда иштешет.
2017-жылы президент ПМЭФ учурунда 1-июндан 3-июнга чейин Санкт-Петербургда болгон. 31-майдан 3-июнга чейин шаарда ошол эле терапевт Владимир Шпинчевский, тез жардам кызматынын дарыгери Константин Послушаев жана эки медайым болушкан. Борбордук клиникалык оорукана мейманканага 33 миң рубль жумшады.
Бул маалыматтарды салыштырып, Путинди тейлеген медициналык топтор кээде президент барган жайларда “протокол боюнча” нөөмөт кылганын жана кээ бир сапарларда Путиндин ден соолугу үчүн чынында чочуп, өздүк курамды күчөткөн деген тыянак чыгарууга болот.
Үстүбүздөгү жылдын июнь айында болгон ПМЭФте дарыгерлердин кайсынысы нөөмөттө болгону тууралуу азырынча маалымат жок - ПИБ өзүнүн түзүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн мейманканага кеткен чыгымдарды арткы дата менен жарыялайт.
Израилдик TLV Medical Center’дин доктору Михаил Фремдерман Би-Би-Сиге билдиргендей, Израилде карантиндик чаралар жарандарга да, премьер-министрге да бирдей экенин айтат. Ал эми коронавирус күчөп жаткандын шартында бардык саясатчылар эл менен жолугушуп жүрөт.
Анын айтымында, израилдик өкмөт башчыны өзү ишенген медицина адистери коштоп жүрүшөт, бирок бул алыскы чет өлкөлүк сапарларга гана тийиштүү.
АКШда коронавирус менен ооруган бейтаптар үчүн 5 күндүк карантин каралган, андан кийин, оорулуунун дене табы жогору болбосо, 5 күн беткабын чечпей жумушка чыкса болот, - деп билдирди Константин Балонов Би-Би-Сиге. Дарыгердин пикири боюнча, жуктурууну алдын алуу, айрыкча эмдөөдөн өткөндөн кийин карантиндин кереги жок - беткап тагынуу жетишет. Ал ошондой эле Америкада кимдир бирөө COVID-19 аныктоо үчүн заң тапшырганын уккан эмес, бул үчүн ПЦР же "ылдам" антиген тесттери жетиштүү.
АКШнын Ак үйүнүн кызматкерлери жана аккредитациядан өткөн журналисттер карантинге алынбайт - муну Балоновго Ак үйдүн протоколдору менен тааныш булак тастыктаган. Пандемия учурунда маалымат жыйындардын алдында антигендик тесттер жүргүзүлүп, журналисттер жыйында беткапчан болушкан. Ал кезде бул коомдук жайларда болуунун стандарттуу эрежелери болчу. Ал эми АКШнын президентин сапарларга анын ден соолугу тууралуу толук маалыматты билген үй-бүлөлүк дарыгер коштоп жүрөт - ал керек болгон учурда жардамды жеринде координациялай алат.
Доктор Балоновдун айтымында, күчөтүлгөн коопсуздук чаралары иммунитети - мисалы, химиотерапиядан улам - төмөндөгөн бейтаптар үчүн колдонулушу мүмкүн. Бирок бул учурда дагы, карантин жана көптөгөн анализдер ашыкча чара болуп саналат. Мындан сырткары, дарыгер Путин видеодо иммуносупрессиясы бар катуу оорулуу адамдай көрүнбөйт деп эсептейт.
Михаил Фремдерман "Кремлдеги карантинге" байланыштуу бир нече гипотезаларды келтирди. Балким бул жөн гана бюджеттик акчаны ыйгарып алуу жана кол алдындагылардын тырыштыгынын натыйжасыдыр, деп эсептейт ал.
Адатта, өлкө башчылар жыл сайын пландык медициналык кароодон өтүп турат. (ЕВ)