Израил-Палестина: БУУнун агенттиктери ок атышууну тезинен токтотууга чакырды

Published

Бириккен Улуттар Уюмунун бардык ири агенттиктеринин жетекчилери биргелешкен билдирүү жасап, “жетишет дегенде жетишет” деп, “гумжардам жеткирүү максатында тез арада ок атышууну токтотууга” чакырышты.

"Дээрлик бир ай бою дүйнө Израилдеги жана оккупацияланган Палестина аймагындагы кырдаалдын өнүгүшүнө төбө чачы тик туруп, сестенген абалда көз салып турат", - дешет БУУнун башчылары.

ЮНИСЕФ, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, Дүйнөлүк азык-түлүк программасы, ошондой эле Save the Children сыяктуу кайрымдуулук уюмдарынын жетекчилери эки тараптан тең "эң оор" жоготуулар болгонун белгилеп, ХАМАСтан 7-октябрдагы чабуул учурунда барымтага түшкөн адамдарды шарт-талабы жок бошотууну талап кылышты.

Билдирүү төмөнкүчө уланат:

"Ага карабай, Газадагы андан да көп карапайым калктын үрөйдү учурган өлүмү жана 2,2 миллион палестиналыктын тамак-ашка, сууга, дары-дармекке, электр энергиясына жана күйүүчү майга жетпей жатышы адамдын ачуусун келтирет".

Билдирүүдө 7-октябрдан бери палестиналык качкындарга жардам берген UNRWA агенттигинен сексен сегиз адам каза тапканы, бул Бириккен Улуттар Уюмунун жумушчуларынын "бир эле кагылышта катталган эң көп өлүмү" деп айтылат.

Газа курчоодо

Израилдин армиясы (ЦАХАЛ) өзүнүн кургактагы аскери өткөн түнү "Газа тилкесинде аванпостту көзөмөлгө алганын" билдирүүдө. Кабарда бул бекетте "кароол посттору, согушкер-террорчулардын машыгуу аянтчалары" жана "террордук туннелдер" табылганы айтылат.

Ошондой эле операциянын жүрүшүндө "бир топ террористтер жок кылынганы" кабарланган.

ЦАХАЛДЫН маалыматына караганда, соңку күнү кыргын салчу учактар "450 бутага сокку урду..., анын ичинде акердик комплекстер, байкоо пункттары, танкка каршы чептер" жана башкалар бар.

Израил жекшембиде "Газа тилкесин курчоого алганын", ХАМАСТЫ талкалоону улантып жатканын билдирди.

7-октябрдагы Израилге болгон чабуулдан кийин ХАМАС Улуу Британияда, АКШда, Евробиримдикте жана башка мамлекеттерде террордук уюм деп таанылды. (КС)