You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Лейлекти сагындым". Украинада согушуп жүргөн кыргыздын маеги
Мээрим Айныкеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Би-Би-Си Кыргыз кызматы Украина тарапта согушуп жүргөн 53 жаштагы мурдагы кыргыз жараны менен байланышып, кыска маектешти. Анын өтүнүчү боюнча атын Айдарбек деп өзгөртүп, жүзүн жашырып койдук.
Ал жакында эле орус армиясы басып алган Украинанын Авдеевка шаарындагы кармашка катышты. Ал турган жерде бомба жарылып, эс-учун жоготкон маалда жанындагылары аны сүйрөп алып чыгып кеткен. Ошондон бери ооруканада жатат. Ден соолугу жакшы болуп калса, кайрадан согуш талаасына барарын айтууда.
"Бомба жарылып...контузия алдым"
Би-Би-Си: Украинага качан баргансыз?
Айдарбек: 1988-жылы тоо-кен институтуна окууга келгем. Ошону менен калып калдым.
Би-Би-Си: Ошол боюнча Украинада жашап калдыңызбы?
Айдарбек: Ооба. Биякта эл өзүбүздүн Кыргызстандагыдай. Мээримдүү, меймандос. Эч качан бирөөнү таарынтышпайт. Бизди эч качан капа кылышкан эмес.
Би-Би-Си: Ал жакта эмне жумуш кылчу элеңиз?
Айдарбек: Заводдо иштечүмүн. Андан кийин аскер кызматына чакыруу келди согушка. Ошону менен согуш талаасына барып калдым.
Би-Би-Си: 50 жаштан өткөнүңүзгө карабай согушуп жатасызбы?
Айдарбек: Ооба.
Би-Би-Си: Аскердик тажрыйбаңыз барбы?
Айдарбек: Ооба, СССР учурунда кызмат кылгам. Армияга дагы Украинадан баргам.
Би-Би-Си: Сиз согуш болуп жаткан кайсы аймактарда болдуңуз?
Айдарбек: Донецк, Авдеевка. Согуш талаасында жанымда бомба жарылып, ошондон эсимди жоготком. Анан мени алып чыгып кетишиптир. Ошондон кийин контузия болдуң деп айтышты. Документке ылайык, мен октябрдын башында барыптырмын согушка. Военкоматка чакырышып, андан ары жөнөтүштү. Аскерий ант бердим.
Би-Би-Си: Сиз Кыргызстанда туулуп, кийин Украинанын жаранын алдыңыз беле?
Айдарбек: Ооба. Кыргызстанда 17 жашыма чейин жашадым. Ал эми Украинада 33-35 жылдан бери жашап жатам.
"Кыргызстанга келсем, ал жакта эмне кылам?"
Би-Би-Си: Кыргызстанда кайсы аймагында төрөлгөнсүз?
Айдарбек: Лейлекте.
Би-Би-Си: Кыргызстанда жакындарыңыз барбы?
Айдарбек: Апам, эжелерим, иним бар. Атам жок, апам бар.
Би-Би-Си: Алар менен сүйлөшүп турасызбы?
Айдарбек: Ооба.
Би-Би-Си: Алар сизди Кыргызстанга кел дешеби?
Айдарбек: Албетте, кел дешет. Эгерде мен Кыргызстанга келсем, ал жакта эмне кылам? Апамдын мойнуна отуруп алмак белем?
Би-Би-Си: Апаңыз канчада?
Айдарбек: 90го жакындап калды.
Би-Би-Си: Алар Лейлекте жашайбы?
Айдарбек: Ооба. Эжем менен сүйлөшүп турам. Эжем Сүлүктүдө жашайт.
"Лейлекти сагынам..."
Би-Би-Си: Сиз акыркы жолу Кыргызстанда качан болдуңуз эле?
Айдарбек: 2010-жылы. Ошол учурда атам аябай катуу ооруп, ошондо келгем. Бир ай жүргөм. Дарыланып жакшы болуп калгандан кийин кеткем. Анан эки айдан соң каза болуп калды. Жаназасына болсо келе албай калдым. Кетип жатканда эле айткам, атамдын жаназасына келе албай калышым мүмкүн деп. Жол алыс. Жумуштан үч күнгө гана уруксат берет.
Би-Би-Си: Сиз Лейлекти сагынасызбы?
Айдарбек: Сагынам, албетте. Мен 2010-жылы барганда эле, эки аптадан соң артка кайра кетким келе баштаган. Туугандырымдын жарымы дагы Орусияда да. Баарыбыз ар кайсы жактабыз.
Би-Би-Си: Азыр эмне кылып жатасыз?
Айдарбек: Азыр ооруканадамын. Украинанын ветерандар борборундамын. Оор контузия алгам.
Би-Би-Си: Согуш талаадан коркпойсузбу?
Айдарбек: Ким эле коркпосун? Баары эле коркот.
Би-Би-Си: Жаныңызда дагы кыргыздар барбы?
Айдарбек: Башка шаарда эки кыргыз согуш талаасында. Дагы бир кыргыз башка шаарда дарыланып жатат. Ал дагы мен сыяктуу 1988-1990-жылдары окууга келип, калып калган. Негизи кыргыздар көп деп айтышат. Бирок, мен алардын баарын тааныбайм. Мен жашаган шаарда он кыргыз бар.
Би-Би-Си: Согуш тааласында Орусия тараптан кыргыздарды жолуктурган учур болду беле?
Айдарбек: Балким, болгондур. Андай учурда тааныбай каласың да. Бурят, кыргыз, өзбектер болгондур. Азырынча Украина армиясынан бир дагы кыргыз өлө элек. Мен согушуп жаткан үч кыргызды жакшы билем. Үчөө тең аман-эсен.
Би-Би-Си Айдарбектин Кыргызстандагы жакындары менен дагы сүйлөштү. Алар согуштагы бир тууганы мекенине келсе деп күтүп жүрүшөт. Бул үчүн юристтер менен иштешип, Кыргызстандагы тийиштүү органдарга дагы кайрылышкан. Бирок, иниси украин жараны болгондуктан, согуштук кырдаалга байланыштуу азырынча Украинанын аймагынан чыга албасы белгилүү.
Кыргызстандын мыйзамы боюнча кыргыз жарандарына башка өлкөнүн (кайсы тарапта гана болбосун) аймагындагы согуштарга, согуштук аракеттерге жана куралдуу жаңжалдарга аралашууга тыюу салынат. Укук коргоо органдары буга юридикалык жоопкерчилик каралганын такай эскертип келет.