Франциянын контрчалгын кызматы орус агенттери коомдогу ажырымды күчөтүүнү көздөп жатканын эскертти

Published

Франциянын бийлиги жарандарына кайрылып, Парижде өтө турчу олимпиадалык оюндардын алдында, орусиялык агенттердин бардык кыймыл-аракеттери жөнүндө кабарлап туурусун өтүндү.

Ички коопсуздук боюнча башкы башкармалык (DGSI) меморандумда полицияны мындай агенттердин иш-аракетинин "эң тымызын" белгилерин да аларга билдирүүгө чакырып, алар француз коомундагы "нараазычылыкты күчөтүү" үчүн сезимтал темаларды колдонушу мүмкүн экенин эскертти.

Франс Пресс агенттигине (AFP) белгилүү болгондой, орус чалгындоосу “кийлигишүү максатында жасалма адамдардын тармактарын мобилизациялоонун альтернативалуу ыкмаларын” киргизген делет.

Бул ишмерлердин же “проксилердин” көбү Чыгыш Европа өлкөлөрүндөгү орус тилдүү жамааттардын өкүлдөрү, алардын айрымдары Францияга убактылуу келишкен, ал эми кээ бирлери мыйзамдуу же узак мөөнөткө мыйзамсыз калган болушу мүмкүн.

Мындай “кийлигишүү актылары” өткөн жылдын октябрь айында ХАМАСтын Израилге кол салуусунан көп өтпөй Парижде да болгон. Анда үйлөрдүн дубалдарына атайын белгилерди тартып кетишкен.

Билдирүүдө орусиялык кампания "француз коомундагы нааразычылыкты жана ички ажырымды күчөтүүгө" багытталганы, кандайдыр бир ыңгайлуу темага - пенсия реформасынан баштап "Олимпиада оюндарын каралоого" чейин көңүл буруп жатканы эскертилет.

DGSI айтымында, "учурдагы геосаясий контекстте жана Франция Олимпиада оюндарын өткөрүүгө даярданып жаткан чакта" полиция орус агенттеринин ишмердигинин кылт эткен кыймылынынан бери "системалык түрдө" коңгуроо кагышы керек.

Француз чалгын кызматтары дубалдарга тартылган Давид жылдыздары Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) жетекчилиги астында орус тилдүү молдовандар тарабынан жасалган атайын операция деп эсептейт.

Дагы бир DGSI документине шилтеме жасаган Le Monde гезитинин жазганына караганда, граффити Федералдык коопсуздук кызматынын эл аралык операцияларга жооп берген 5-кызматы, “пикирди бөлүү жана өкмөттөрдү алсыратуу” максатында жалпы европалык кампаниянын бир бөлүгү катары жүргүзгөн.

Бул документте жакында эле Молдованын катышуусу менен ушундай эле операциялар Польшада, Испанияда, Латвияда жана Германияда жүргүзүлгөнү айтылат.

Бул эскертүүлөрдүн баары француз өкмөтүнүн Орусияга карата риторикасынын күчөшүнүн фонунда, анын Францияга жана башка Европа өлкөлөрүнө коркунучтар тууралуу коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатууну көздөп жатат.

Жакында эле Парижде Украина боюнча Европа саммитинде сүйлөп жатып, президент Макрон Украинага кургактагы аскерлерди жөнөтүү мүмкүнчүлүгү тууралуу билдирди. Бирок эртеси эле бул идеяны Германиянын канцлери Олаф Шольц, НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг жана башка көптөгөн батыш лидерлери четке кагышты.

Ошол эле учурда, өткөн дем алыш күндөрү Елисей сарайынын өкүлдөрү кибер мейкиндиктеги “орусиялык агрессия” жана “зордук-зомбулук жана өтө примитивдүү ыкмаларды колдонуу менен маалымат тармагындагы активдүүлүк” тууралуу эскертишкен.

Мисал катары, алар жакында эле France 24 эл аралык каналын туураган жана орусиячыл социалдык тармактарда тез тараган фейктерди жүйө келтиришти, анда президент Макронго кол салуу планыны айкындалып калганынан Украинага сапарын токтоткон.

Француз өкмөтү жакында баштаган “Орусиянын дезинформациясы” деп аталган маалыматтык кампания да коомчулукту сак болууга чакырып, “коомдук айыптоо маалыматтык чабуулдарга каршы күрөштүн негизги рычагдарынын бири” деп ырастайт. (NO)