You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Орус аскерлери стартегиялык жактан абдан маанилүү делген Угледарды курчоодо
Илья Абишев, Би-Би-Си Орус кызматынын аскерий талдоочусу
Донецк облусунун түштүгүндөгү Угледар шаарын коргоп турган украин аскерлеринин абалы барган сайын оорлоп жатат. Чабуул коюп жаткан орус күчтөрү шаарды түштүк-батышынан жана түндүк-чыгышынан айланып, аны жарым шакек формасында курчап келе жатат. Бул логиситика маселесинде абдан кооптуу жагдайды түзөт.
Эки жылдан бери Угледарды коргоп келе жаткан ВСУнун 72-бригадасы чаалыгып жана курчоодо калып калуу коркунучуна кептелди. Forbes басылмасынын аналитиги Дэвид Акс аларга жардамга келе тургандар же ордун алмаштыра тургандар жок деп белгилдеи.
"Украинанын куралдуу күчтөрү бир эле учурда Курскка чабуул коюп ошол эле учурда түштүктө жана чыгышта коргонуп жатат. Алар абдан чоюлган абалда. Армия жаңыдан түзүп жаткан 14 бригада заманбап аскер техниканын жетишсиздигин жон терилери менен сезип жатат",- деп жазды эксперт.
Угледар багытындагы кооптондурган кырдаал тууралуу аскер эксперти жана украинанын генералдык шатыбнын мурунку өкүлү Владислав Селезнев да айтып жатат.
"Баардыгы душман күчтүү куралга жана каражатка ээ экени менен эле байланыштуу эмес. Албетте, коргонуу операцияларын уюштуруунун эсеп-кысабын туура жүргүзүүдөн да көз каранды болуп турат",- деди Селезнев украинанын телеэфирирнде сүйлөп жатып.
Угледар стратегиялык жактан абдан чоң мааниге ээ. Ал Донецкке Чыгыш тараптан ал эми Запарожьеге Түштүк тараптан чектешип, эки фронт кесилишкен бийигирээк жерде жайгашкан.
Шаардан чыгышты карай 18км аралыктан темир жолу өтөт. Орус армиясы аскерлерин жана техникасын Донецк-Волноваха линиясына ушул жол аркылуу жеткирип, андан ары карай түштүктү көздөй бет алышы мүмкүн.
Деген менен Угледар азырыгнча украин күчтөрүнүн колунда. Алардын милтелүү артиллериясы бул маанилүү магистралды көздөй таамай соккуларды ура алат.
Орусиянын куралдуу күчтөрү Украинага басып киргенде эле Угледарды басып алууга аракет кылган.
2022-жылдын күзүндө алар түштүк багытта жайгашкан Павловка айылын ээлеп алууга жетишишкен. Бирок андан кийин шаарды көздөй жасаган чабуулдарынын баары оңунан чыкпай, ойрон болгон. 2023-жылдын феваралынан 2024-жылдын июнь айына чейин орус армиясы ал жакта бери дегенде төрт ирет олуттуу чабуул операцияларын уюштурган. Алардын баары ийгиликсиз аяктап, чоң жоготууларга учурашкан.
Бирок азыркы учурда орус аскерлеринин Донбас багытындагы жай жүрүшү таасирисн бере баштады жана узак аралыкка созулуп кеткен фаланганы коргоо украин күчтөрү үчүн кыйындап бара жатат.
Орус күчтөрү апрель айында Новомихайловка айылына чабуулунан кийин Угледарды түндүк-батышынан айланып өтө башташкан. Ийгиликтүү боло баштаганын сезген соң алар түштүк жана түштүк-батыштан басымды күчөтүгө өтүштү.
"72-ӨМБ (өзүнчө механизациялаштырылган бригада) ротациядан баш тарткандан кийин жетекчилик кошумча резервдерди жана аймактык коргонуу күчтөрүн киргизүүгө арагасыз болушту",- деп жазган украиналык DeepState порталы.
Украиналык ыктыярчы жана блогер Сергей Стеренко кырдаал абдан оор деп эсептейт. Анын пикрине караганда, "оперативдүү кырдаал кандай экенин жогорку жактагылар такыр түшүнбөйт".