You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
АКШ дүрбүсүндөгү Борбор Азия: аймактагы таасир талаш
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Кыргыз президенти Садыр Жапаровдун АКШга сапары уланууда. Жапаров Борбор Азиянын башка лидерлери менен бирге Жо Байден катышкан C5+1 саммитине катышты.
Саммитти Жо Байден ачып, иш-чаранын “тарыхый” маанисине токтолуп, тараптар кызматташтыкты кеңейтүүгө макулдашышты.
Ак үйдүн басма сөз кызматы Байден аймак лидерлерине коопсуздук, анын ичинде терроризмге каршы күрөш жаатында кызматташууну улантарын убадалаганын билдирди.
“C5+1 саммиттинин символикалык мааниси чоң, анда көтөрүлгөн маселелердин маанисин талдасак, дипломатиялык жактан бири-бирине ишеним артуу, кызматташууга кызыгуу тууралуу сөздөр айтылды. Байден Борбор Азия аймагындагы өлкөлөрдүн эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн жана көз карандысыздыгын колдоо жана сырттан кандай гана өлкө болбосун бул баалуулуктарга шек келтирүүсүнө каршы турарын ишендире кетти. Бул, албетте, кимге жана эмнеден улам айтылганы баарыбызга белгилүү. Украинадагы согуш жана Россиянын, Кытайдын аймактагы таасири тууралуу сөз болуп жатат ”,- дейт кыргызстандык саясат талдоочу Эмилбек Жороев.
Ошентсе да, Байдендин Борбор Азия лидерлерине айтылган бул сөзү жана АКШнын барган сайын бул аймакка көбүрөөк көңүл буруп жатышы Россиянын көз жаздымында калбашы мүмкүн.
“Бул, албетте, Кремлдеги бийликке жагымдуу окуя болгон жок жана алардын буга кийин жооп катары караса болгон айыптоо сөздөрү, аракети күтүлгөн нерсе. Октябрда Кыргызстанда өтө маанилүү КМШ алкагындагы жыйын, чогулуштар бар. Анда бул саммит тууралуу пикир билдирүүлөр күтүлсө керек”,- дейт Жороев.
Эксперт саммит алкагында конкреттүү келишимдер же долбоорлор тууралуу бекемирээк сүйлөшүүлөр болгон жок деп эсептейт. Себеби, С5+1 форматы андай платформа эмес.
Ошентса да Байдендин администрациясы АКШ америкалык жеке ишканалардын Борбор Азия аймагында соодасын жүргүзүп, инвестиция салуусуна ыңгайлуу бизнес чөйрөнү түзүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Муну менен расмий Вашингтон С5+1 дипломатиялык платформага кошумча бизнес платформа дагы түзүү планын ачыктады. USAID линиясы аркылуу октябрда БАда министрлер деңгээлинде экономикалык аракеттерди талкуулоо үчүн жолугушуу өтөрү да белгилүү болду.
Байденден кийин саммитте Борбор Азия лидерлери сөз алышты.
Кыргыз президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, Жапаров өз сөзүндө С5+1 форматынын алкагындагы кызматташуу Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгилеген.
Би-Би-Си эл аралык мамилелер боюнча эксперт Бурул Усманалиеваны кепке тартып, Украинадагы согуш шартында Батыш өлкөлөрү эмнеге Борбор Азияга көбүрөөк көңүлүн бура баштады деп пикирин сурады.
“Аймактын эл аралык ролу артып атат, ресурсубуз дагы өтө актуалдуу болуп, бизди Россиядан алыстатып кетиш керек болуп жатат. Бул өтө туура саясат. Ушуну эми түшүнүштү, картаны карап атышат. Жанагы шахмат ойногондой эле, үңүлсө эле бул регион өтө чоң, 50 миллиондон ашык эли бар экен. Байдендер ойлонуп көрүштү. Алардын акылдуу кызматтары да бар, ошонун негизинде бизди имерип алып атат. Менимче, бул туура болмок. Илгери биз колония болуп келген “старший браттан” алыстатып, бизди өзүнө имергени жатышат. Бул – туура, алар демократиялуу өлкө, андайга умтулуш керек”,- дейт серепчи.
Садыр Жапаров бул саммитте дүйнөлүк экономика коронавирус пандемиясынан толук калыбына келе электе жаңы чакырыктар менен бейстабилдүүлүккө кептелип жатканын да айткан.
Ошондой эле мындай кризистик учурларда аймактагы азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукту камсыздоо аймактагы мамлекеттердин башкы милдети экенин, ага шайкеш аракеттер талап кылынарын да айткан.
Кыргыз президенти расмий Бишкек АКШ менен мындан ары да соода экономикалык мамилесин кеңейтүүгө даяр экенин жана өлкөнүн энергетикалык потенциалы тууралуу айтты:
“Биздин өлкөдө региондун суу ресурстарынын дээрлик жарымы бар. Кыргызстандын гидроэнергетикалык потенциалы жылына болжол менен 142,5 млрд кВт-саатты түзөт, бирок азыркы учурда 13 пайыздан ашпаганы гана пайдаланылууда. Кыргызстан ошондой эле энергиянын кайра жаралуучу булактарынын ар кандай түрлөрүнүн чоң потенциалына ээ. Биз инвесторлорду, эл аралык өнөктөштөрдү жана финансылык институттарды ГЭС жана энергиянын кайра жаралуучу булактарынын башка объектилерин куруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвестициялык кызматташууга чакырабыз", - деди Садыр Жапаров.
Мындан тышкары, Садыр Жапаров Кыргызстандын тышкы карызын жашыл экономика долбоорлоруна айырбаштоого Америкадан көмөк сураган.
Нью-Йоркто өткөн саммит борбор азиялык бир нече активисттин нааразылык акциясы менен коштолду.
Мисалы, сыртта бозгунда жүргөн Тилекмат Күрөнов Кыргызстанда абакта жаткан саясатчыларга тилектештигин билдирди.
Саммит алдында эл аралык "Хьюман Райтс Уотч" уюму АКШ президенти Жо Байденди Борбор Азиядагы адам укугу маселесине көңүл бурууга чакырды. Бирок саммитте бул маселеге өзүнчө көңүл бурулганы айтылган жок.
Ак үй саммитин жыйынтыгы боюнча тараткан маалыматта Россияга салынган санкцияларды бузбоо тууралуу чакырыктар болгону тууралуу да маалымат жок. Бирок эксперттер жабык эшик артында мындай талкуу сөзсүз болду деп жоромолдошот.
Саммит аягында президент Байден аймактагы беш мамлекеттин президенттери менен жакынкы келечекте алардын өлкөсүндө жолугушуу мүмкүндүгүн билдирди. Буга чейин Байден болобу же башкасыбы, дегеле бир дагы АКШ президенти БА өлкөлөрүнө келе элек.