Кыргызстан "карын эне борборуна" айландыбы?
Элеонора Куленбекова, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Борбор Азияда Казакстандан кийин эле эми Кыргызстан да суррогат энеликти коммерциялаштырууга каршы мыйзамдык чара киргизгени жатат. Жогорку Кеңештин депутаттары Болот Ибрагимов менен Чыңгыз Ажибаев демилгелеген мыйзам долбооруна ылайык, кыргызстандык аялдардын чет элдиктер үчүн карын эне болуусуна тыюу салынат.
Украинадан Грузияга көчкөн суррогат энелер
Украинада согуш суррогат энелер базарын Грузияга көчүрдү. Ал эми Грузияда карын эне болгондордун 70% - борборазиялык аялдар. Бул тууралуу Би-Би-Сиге Growing Families аттуу эл аралык кыймылдан билдиришти.
Бул көмүскө рынокто жүздөгөн, а балким миңдеген айымдар киреше табышат. Бирок коомдо бул көрүнүштүн этикалык жагы жана анын бизнеске айланып бара жатышы тууралуу дилеммалык суроолор көп.
Кыргызстандык жаш келин Аида Грузиядагы жеке клиникаларынын биринде карын эне болгон.
"Керек болсо биз төрөп берчү баланын ата-энесин да көрбөйбүз. Биз өзүбүздү арендага эле беребиз. Биз менен куратор гана иштейт. Ата-энесин (ред - кардарларын) көрбөйбүз, эч ким менен да жүрбөйбүз. Жатынды арендага берип, ата-энелерге бакыт тартуулайбыз"
37 жаштагы Аиданын өзүнүн эки уулу бар, күйөөсү менен ажырашып кеткендиктен, балдарын жалгыз тарбиялайт. Жумушсуздук, кымбатчылык шартында ал карын эне болууга бел байлаган. Бирок мындай жол менен акча таап жүргөнүн ал жакындарынан да жашырып келет.
Би-Би-Си: Жакындарыңыз билеби?
Аида: "Апам, эжем, сиңдим билет. Эркек бир туугандарыма Европага иштегени кеттим деп айткам".
Би-Би-Си: Гонорарыңыз канча?
Аида: "16 миң (доллар). Андан тышкары, ай сайын 400 доллар берет. Ичибиз чоңоюп калганда кийимге 300 доллар беришет".
Борбор Азияда, Кыргызстанда иштеген айрым программаларда карын энеге төлөнүүчү гонорар андан да көп болушу мүмкүн. Ошол эле кезде убадалашкан каражатын ала албай калгандар да болот.
Долбоордо эмне сунушталууда?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Суррогаттыкка Кыргызстанда уруксат бар, ал "Жарандардын саламаттыгы жөнүндө" мыйзамдын 104-беренеси менен жөнгө салынат. Мында жасалма жол менен уруктандыруу, тактап айтканда, карын энелик жөнүндө ченемдер жазылган.
Анткен менен Жогорку Кеңештин эки депутаты Чыңгыз Ажибеков жана Болот Ибрагимов чет элдик жарандардын кыргыз аялдарын карын эне катары пайдалануусуна чектөө койгон мыйзам долбоорун жазып, ал коомдук талкууга коюлду.
Андагы өзгөртүүлөргө ылайык, "Жарандардын саламаттыгы жөнүндө" мыйзамына бир гана абзац кошумчаланып жатат.
"Кыргыз Республикасынын аймагында карын энелик тууралуу келишим кыргыз жарандарына гана жеткиликтүү. Эгер кыргыз жараны чет элдик жаран менен расмий никеде болсо, анда ал карын энелик кызматы менен пайдалана алат" делет анда.
Сунушталган мыйзам долбооруна берилген негиздемеде өзгөртүүлөрдүн максаты аялдар менен балдардын ден соолугун коргоо, суррогат энеликти коммерциялаштырууга жол бербөө жана бул кызматты Кыргызстандын жарандары пайдаланышы үчүн укуктук шарт түзүү экени айтылат.
Депутаттардын айтымында, азыркы мыйзамдар чет өлкөлүк жарандарга Кыргызстандагы суррогат энелердин кызматынан пайдаланууга түз тыюу салбайт. Мунун айынан аялдардын жана балдардын укуктары бузулушу мүмкүн деп эсептешет.
"Улуттун келечеги ден соолугу чың энелерде экени талашсыз. Биз келечекти ойлоп, кыргыз айымдарына камкордук кылып, алардын ден соолугуна өзгөчө кам көрүшүбүз зарыл. Учурда Кыргызстан чет өлкөлүктөрдүн "карын эне борборуна" айланып баратат. Бул чөйрөдө жүргүзүлгөн иштер купуя болгондуктан, статистикалык маалыматтар коомчулукка белгисиз. Карын эне болгон аял эң биринчи кезекте моралдык-психологиялык чоң соккуга кабылат, ден соолугуна доо кетет" делет бул тууралуу маалымкатта.

Сүрөттүн булагы, Social media
Депутаттар буга чейин бир катар өлкөлөр чет элдин жарандарына карын эне кызматын пайдаланууну чектеген мыйзамдарды кабыл алганын жүйө кылып жатышат. Мисалы, Орусия 2022-жылы чет элдик жарандарга карын эне кызматын пайдаланууга тыюу салган. Орусия мындай кызматты никеде турган жубайлар, жалгыз бой аялдар жана тукумсуз жуптар гана пайдалана ала турган ченем киргизген.
Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Ажибеков соңку кезде "Кыргызстан карын энелер борборуна" айланып бара жаткандай таасир калып жатат деген тынчсыздануусун айтты:
"Кыргызстан карын энелер борборуна айланып бара жатат деп айтууга толук негиз бар. Анткени, интернет булактары аркылуу карын эне боюнча суроо салсаң алгач эле Кыргызстан сунушталат. Мындан сырткары, бул багытта онго жакын клиника, ондон ашуун агенстволор иш алып барып жатканын билдик. Кээ бир эл аралык компаниялар Кыргызстандын клиникалары менен убактылуу же аралыктан гана келишим түзүп иштеп жатыптыр. Ошондуктан биз мындай көрүнүштү токтотууну сунуштап жатабыз".
Ал эми коңшу Казакстанда мындай ченем быйыл 26-июлда күчүнө кирди, ага ылайык, карын эне кызматын казак жарандары гана пайдалана алат. Күйөөсү же аялы башка өлкө жараны болсо уруксат жок. Казакстанда карын энелер менен иштеген "Болашак" боорборунун директору Дамира Шокан Би-Би-Сиге буларды билдирди:
"Бизде тийиштүү мыйзам аралаш үй-бүлөлөргө бир аз кыйынчылык жаратып жатат. Чет өлкөлүк кардарлар бизде башынан эле көп болгон эмес. Менин борборума жылына орто эсеп менен 5-10 чет өлкөлүк үй-бүлө кайрылат эле. Алардын 80% жакыны Казакстандын жарандары менен аралаш никеде турган жубайлар болчу. Эми аларга кыйын болду. Казакстанда жалгыз бой аялдарга да карын эне болууга тыюу салынды".
Кыргызстанда, Казакстандан айырмаланып, жубайлардын бири чет элдик жараны болсо, карын энеликке уруксат берүү сунушталып жатат.
Мыйзам колдоо тапса, кантип иштейт?
Борбор Азияда коом консервативдүү баалуулуктарды карманат, жергиликтүү элдин 80% ашыгы ислам динин тутат. Карын энелик мусулманчылыкта арам деп эсептелет жана мындай жол менен акча тапкан аялдарга басым бар.
Кыргызстанда карын эне кызматын пайдалануу 2005-жылдан тартып башталган. Учурда өлкөдө ондогон ортомчу компаниялар иш алып барышат, алар кыргыз карын энелер менен чет элдик жарандарды байланыштырып, ортодо акча табышат. Алардын бири Lifegift компаниясы Би-Би-Сиге карын энелерге байланыштуу жаңы мыйзам долбоору боюнча комментарий берди.
"Биздин оюбузча, мында кыргызстандык карын энелердин кызыкчылыгын да эске алыш керек. Көпчүлүк аялдар буга өзүнүн эрки менен эле барышат. Карын эне болордун алдында алар медициналык кароодон өтүшөт, дарыгер жана юристтерден мүмкүн болчу тобокелчиликтер тууралуу консультация алышат. Эгер жаңы чектөөлөр кирсе, өлкөдө иш алып барган мындай программар кыйла эле кыскарат".
Lifegift компаниясы өлкөдө жаңы гана иш алып бара баштаганын айтууда. Андыктан жаңы мыйзам кабыл алынса, анын таасири кандай болот деп түйшөлүп турат. Ал эми жаңы мыйзам долбоорунда көптөгөн суроолордун башы ачык калууда.
"Мыйзам долбоору кабыл алынса, бардык чет элдик жарандарга тыюу салынабы же кайсы бир категориядагы эле адамдаргабы? Мурда башталып калган иштерге мыйзамдын таасири кандай болот? Кош бойлуу болгон карын энелерибиз эмне болот? Мыйзам кабыл алынып калса, аны ишке ашырууда ушуларды эске алган өткөөл мезгил каралабы? Тыюуларга карабай карын энелик кызматты көрсөтө берген агенттик же клиникаларга кандай чаралар болот?", - деп суроо салат Lifegift компаниясынын директору.
Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, депутат Чыңгыз Ажибаев бул суроолорго Би-Би-Си аркылуу мындай жооп берди:
"Мыйзам кабыл алынса, карын энелик боюнча буга чейин келишим түзүлсө, ал аягына чыгат. Бирок мындан ары арыздар кабыл алынбайт".
Дагы бир карын эне, 32 жаштагы Махабат - үч баланын энеси. Ал буга чейин Грузияда эки жолу карын эне болгон.
"Кыргызстанда күйөөсү жок, кыйынчылыкта жашаган аялдар иштеп деле анча акча таба албайт. Бул жесир аялдар үчүн мүмкүнчүлүк. Бир жагынан - балалуу боло албай жүргөндөргө жардам бересиң, экинчи жагынан - акча табасың. Мен бул программа тууралуу беш жыл мурун уккам. Ал кезде баары жашыруун болчу. Өзүм изилдеп көрдүм. Кийин Инстаграмдан жарнамасы чыгып калды. "Балким, бул менин шансымдыр" деп жаздым. Дароо жооп беришти".
Махабат карын эне болуп тапкан кирешесине чакан бизнес ачып алганын, азыр үй-бүлөсүн тың багып, ата-энесине да жардам берип, ирденип калганын айтууда.
"Карын эне болбой эле койсом болмок"
Бирок бул тармакта көйгөйлөр да арбын. Буга чейин айрым суррогат энелер келишимдеги акчасын ала албай, алданганын жана ден соолугуна зыян келгенин айтып чыгышкан. Мисалы, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешовго буга чейин мындай ара жолдо калган кыз-келиндерден арыздануулар түшкөн.
"Мен карын энеликти такыр эле тыйылсын деген эмесмин. Бирок бул тармактагы чараларды катаалдантыш керек. Болбосо, мисалга Ирандын же Кытайдын жарандарды Бишкекке келет дагы карын энени таап, түйүлдүк салгандан кийин нотариуска барып, документ иштерин бүтүрүшөт. Биздин кыз-келиндер Грузияга барып, ал жактан өз алдында келишим түзүшөт. Эч кандай жөнгө салуу деген жок. Ден соолуктарына кандай зыян келип жатат, аны ойлогон киши жок. Аларды алдап кеткен учурлар дагы бар. Мисалы, боюна бүтпөй калса же түйүлдүк өрчүбөй калса, тыйын да беришпейт экен. Колдонуп алып, мекенине жөнөтүп коюшат".
Депутат карын энеликти коммерциялаштырууда аялдар эле эмес, ымыркайлар да жабыркап жатканына көңүл бурат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Төрөп берген балдарын андан ары башка өлкөлөргө алып кетишет. Алардын тагдыры андан кийин кандай болот, бүдөмүк. Ал бала биздин жаран эмес экенин, берки аялдын биологиялык баласы эмес экенин түшүнөм. Бирок биз бала сатууга көмөктөш болуп калган жокпузбу? Андыктан, мындай маселеде астейдилдик керек. Ушул үчүн эрежелерди катаалдантыш керек", - дейт Дастан Бекешов.
Депутат анын жеке өзүнө бир нече карын энеден даттануулар түшкөнүн айтууда.
Ал эми депутат Чыңгыз Ажибаев "карын эне болуу жашоомо кара так калтырды" деп кайрылган аялдын окуясын Би-Би-Сиге айтып берди.
"Бала төрөп, аны бирөөгө карматып салуу абдан кыйын экен. Баламды чыркыратып туруп алып кетип калды. 20 миң долларга сүйлөштүм эле акчасын майдалап, жалынтып жүрүп берди. Жуккан да жок акчасы. Стресс, депрессия болуп кыйналдым. Азыр да эстесем жүрөгүм ооруйт. Жашоомо кара так калтырды. Карын эне болбой эле койсом болмок" деп мага бир эне кайрылган", - деди мыйзам долбоорунун автору Чыңгыз Ажибаев.
"Сунуштарга ачыкпыз"
Чыңгыз Ажибаевдин пикиринде, жаңы мыйзам аркылуу бала сатууну токтотуу, ымыркайларды бир жыныстуу жубайларга берүүдөн же органдарын сатуудан коргоо жана карын эне институтун кыргыз жарандары үчүн гана мүмкүн боло тургандай кылуу аракети болуп жатат.
Ошол эле кезде карын эне болуп каражат табам дегендер кирешеден куру калбайбы деп суроо койгондор да жок эмес. Буга депутат Чыңгыз Ажибаевдин жообу бар:
"Биз адистер менен сүйлөшкөндө карын эне болуп жыргап кеткен аял жок экенин айтышты. Алар биринчи кезекте психологиялык жактан жабыр тартып, ден соолугунан ажырайт экен. Бир аз тапкан тыйынын убактылуу колдонгону менен, мезгил өткөндөн кийин андан көп каражат чачып да ден соолугун калыбына келтире албайт деп ишенем. Негизи эле карын эне болуп киреше таап, аны кесип кылуу туура эмес деп эсептейбиз. Акчага азгырылып, убактылуу каржылык муктаждыгын канааттандырганы менен, келечекте өзүнө сөзсүз залакасын тийгизет. Андыктан биз ушул өзгөртүүлөрдү сунуштап жатабыз. Ошондой эле бардык сунуш-пикирлерге ачыкпыз".
Аталган мыйзам долбоору коомдук талкууга 10-августта гана коюлду. Жогорку Кеңештин сайтына илинген документке азырынча эки гана сунуш-пикир түштү.
Улан Дуулатов аттуу жаран карын энелердин кызматын чет өлкөлүктөргө колдонууга толук тыюу салуу сунушу маселени чечпейт деген ойдо. "Анын ордуна карын энелерди коргоону көбөйтүп, агенттиктер менен клиникаларга көзөмөлдү күчөтүү, келишимдерди тактоо, медициналык жана юридикалык кепилдиктерди камсыз кылуу керек", -дейт ал.
Гүлкайыр Кубанычбекова аттуу айым дагы тыюу бул рынокту көмүскөгө түртүшү мүмкүн деп билдирген. Анын пикиринде, мунун ордуна карын энелердин укугун коргоо үчүн типтүү келишимдерди, төлөмдөрдүн кепилдигин, медициналык стандарттарды жана мамлекеттик реестрди түзүү жана камсыздоо көбүрөөк жемишин бермек.































