"75чилердин каты": Ташиевдин адвокаты шаардык сотко эмне үчүн арыз беришкенин айтты

Адвокат Икрамидин Айткулов (оңдо)
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Адвокат Икрамидин Айткулов (оңдо)
Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов Бишкек шаардык сотуна Ташиевдин иши боюнча апелляциялык арызды эмне себептен беришкенин айтып, анда биринчи инстанциядагы соттун өкүмүнө байланыштуу бир катар суроолор коюлганын билдирди. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жазды.

"Сот Камчыбек Ташиевдин кайсы конкреттүү аракетин кылмышка даярдануунун башталышы катары тааныды? Мыйзамдуу саясий ишмердиктен кылмышка даярданууга өтүү кайсы далил менен тастыкталат? Бийликти күч колдонуп басып алууга даярдануу сыяктуу кылмыштын объективдүү тарабынын кайсы элементи сот тарабынан аныкталды? Мамлекеттик бийликти болжолдуу күч менен басып алуунун механизми өкүмдүн кайсы жеринде сүрөттөлгөн? Соттун тыянактарына ылайык, күч колдонууну ким ишке ашырышы керек болгон? Кайсы конкреттүү аракеттер күч колдонууга багытталган?" – деген адвокат алты суроо койгон.

Айткуловдун айтымында, жактоочулар апелляциялык арызды эмоцияларга же саясий бааларга эмес, соттун өкүмүндө жоопсуз калган укуктук маселелерге негиздеген.

Ал кошумчалагандай, сот айыпталуучунун аракеттерин жетиштүү деңгээлде аныктаган эмес, далилдерди талдоонун ордуна божомолдорго таянган жана жактоочулар келтирген маанилүү жүйөлөргө толук жооп берген эмес.

Апелляциялык арызда кылмыш иши боюнча өндүрүштүн негизги кепилдиктери сакталган-сакталбаганы да көтөрүлгөн.

"Дагы бир жагдай өзгөчө көңүл бурууга арзыйт. Кыргыз Республикасынын президенти кийинчерээк айыптоонун негизин түзгөн маселелер боюнча укуктук белгисиздикти чечүү үчүн Конституциялык сотко кайрылган. Мыйзам чегинде мындай суроо жаралат: эгер мындай укуктук белгисиздиктин бар экени мамлекет тарабынан расмий таанылып, Конституциялык соттун кароосуна коюлган болсо, анда аны башка адамдардын талкуулоосу кандайча автоматтык түрдө кылмышка даярдануу катары квалификацияланган? Менин ишенимим боюнча, апелляциялык инстанция дал ушул суроолорго жооп бериши керек", - дейт адвокат.

Бишкек шаардык соту 10-августта "75чилердин каты" деп аталган иш боюнча апелляциялык арыздарды кароого киришти.

Анда "бийликти күч менен басып алууга аракет кылган" деп айыпталып, төрт жылга эркинен ажыратылган УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев баштаган сегиз саясатчынын жана коомдук ишмердин иши каралууда.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Алар райондук соттун чечимине макул эместигин билдирип, Бишкек шаардык сотуна өз-өзүнчө апелляциялык арыз менен кайрылышкан жана актоону өтүнүп жатышат. Ошондой эле өкүмгө байланыштуу Башкы прокуратура да шаардык сотко апелляциялык арыз берген.

Апелляциялык арызды алгачкылардан болуп Камчыбек Ташиевдин жактоочулары беришкен. Икрамидин Айткулов буга чейин билдиргендей, алар соттон Ташиевди толугу менен актоону өтүнүшкөн.

Кийинчерээк ушундай эле арыздарды башка айыпталуучулардын жактоочулары да тапшырган.

2-июлда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда "75чилердин каты" деген ат менен белгилүү кылмыш иши боюнча сот өкүмү чыккан.

Ага ылайык, УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев, мурдагы башкы прокурор жана экс-депутат Курманкул Зулушев, мурдагы парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, мурдагы айыл чарба министри Бекболот Талгарбеков, мурдагы элчи жана министр Эмилбек Узакбаев, мурдагы ички иштер министри Курсан Асанов, мурдагы депутат Курманбек Дыйканбаев жана мурдагы депутат Аалы Карашев Кылмыш-жаза кодексинин "Бийликти күч менен басып алууга" байланыштуу беренеси боюнча үй мүлкүн конфискациялоо менен төрт жылдан эркинен ажыратылды. Бирок сот аларга үч жылдык пробациялык мөөнөт колдонуу менен эркиндикте калтырган.

Ал эми "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча акталышкан.

Февраль айынан бери камакта жаткан беш адам өкүм жарыяланган күнү сот залынан бошотулган.

Быйыл 9-февралда мурдагы премьер-министрлер, депутаттар, саясатчылар жана коомдук ишмерлерден турган 75 адам президент Садыр Жапаровго жана ошол кездеги Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылуу жолдоп, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырышкан.

Кийин бул кайрылууга байланыштуу кылмыш иши козголуп, сегиз адамга "Бийликти күч менен басып алуу" жана "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айып тагылган. Айыпталуучулар коюлган айыптарды четке кагып, күнөөсүз экенин билдирип келишет.

Бул иш өлкөдөгү соңку айлардагы эң талкууланган сот процесстеринин бири болуп калды.