Кыргызстандын тоолорунда үч альпинист дайынсыз болууда

Published
Окуу убактысы: 3 мүнөт

Элеонора Куленбекова, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

сүрөт иллюстрация

Сүрөттүн булагы, https://glonasstravel.com/

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Алардын экөө - Беларустун, бирөө Литванын жаранысүрөт иллюстрация

Үч кишиден турган альпинисттик топ бийиктиги 6 миң 613 метр болгон Чоң-Алай районундагы Корумду чокусуна чыгып, кайра түшүп баштаган. Альпинисттер акыркы жолу 2-августта байланышкан. Ал эми 4-августта белгиленген жерге кайтып келбей, алар менен байланыш үзүлгөн.

Александр Годлевский - Беларустун Альпинизм жана аскага чыгуу федерациясынын төрагасы. Ал Би-Би-Сиге дайынсыз болгон альпинисттер менен башынан эле байланыш начар болгонун айтты.

Анын айтымында, топ Кыргызстанга келерден мурун спутниктик байланыш кызматын көрсөткөн орусиялык Thuraya оператору менен келишим түзгөн. Бирок альпинисттер кыргыз тоолоруна келгенден кийин байланыш жакшы иштеген эмес. Годлевский дайынсыз жоголгон кесиптештери кандай күнгө кабылды деп азыр тынчсызданып турган маалы:

"Кырсыкка табият кырсыгы себепчи болду го деген ойдомун. Алар таянып турган муз кулап түшүтүбү же мөңгү түштүбү, ким билет. Үчөө бир боо менен болгон, чогуу кулап түшүшү мүмкүн", - дейт Беларустун Альпинизм жана аскага чыгуу федерациясынын төрагасы.

Дайынсыз болуп жаткан альпинисттердин бири - 43 жаштагы Максим Полянский. Экинчиси - 60 жаштагы Николай Свиридов. Экөө тең көп жылдан бери альпинизм менен алектенип, бийик тоолорго чыгууда чоң тажрыйбалары болгон.

Максим Полянский мурдагы СССРдеги бийиктиги 7 миң метрден ашкан беш чокунун баарына чыккан. Алардын арасында Кыргызстандагы эң татаал чокулардын бири - Жеңиш чокусу да бар. Мындан тышкары, Максим Памирдеги Революция чокусуна чыккан. Тоого чыгуудан тышкары велосаякат, үңкүр изилдөө жана аскага чыгуу менен алектенет. Максим Колодищи шаарчасынын тургуну жана инженер-конструктор.

Максим Полянский

Сүрөттүн булагы, https://kurumdy.by/

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Максим Полянский

Топтогу экинчи беларус - 60 жаштагы Николай Свиридов. Ал да инженер жана туризм боюнча спорт чеберлигине талапкер. Кесиптештери аны топтогу эң тажрыйбалуу альпинист деп мүнөздөшөт. Николай ондогон жылдардан бери тоого чыгып, өзү да Памирге экспедицияларды уюштуруп келген.

"Эки альпинисттин тең ак илбирс макамы бар. Эки спортчу тең мурунку ССР аймагында бардык 7 миң метрлик чокуларды багындырып келишкен. Жеңиш чокусунда да болушкан. Николай бул нормативди 2020-жылы, ал эми Максим Полянский 2021-жылы тапшырган", - дейт Беларустун Альпинизм жана аскага чыгуу федерациясынын төрагасы Александр Годлевский.

Беларустун Альпинизм жана аскага чыгуу федерациясынын төрагасы Александр Годлевский

Сүрөттүн булагы, https://alpfederation.ru/

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Беларустун Альпинизм жана аскага чыгуу федерациясынын төрагасы Александр Годлевский

Үчүнчү альпинист - Литванын 37 жаштагы жараны Сергей Рубцов. Ал буга чейин Полянский жана Свиридов менен чогуу тоолорго чыгып жүргөн.

Сергей Рубцов

Сүрөттүн булагы, https://kurumdy.by/

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сергей Рубцов
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги издөө иштерин улантууда. Куткаруучулар аймакты дрон менен да текшеришкен. Бирок альпинисттер байкалган эмес.

9-августта издөө тобу алардын чатырын тапкан. Бирок чатыр бош болгон.

Алмаз Рыскелдиев Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү, ал кечээ дайынсыз кеткен альпинисттерди издөө иштери убактылуу токтотулганын Би-Би-Сиге ырастады:

"Саат 11.00 чамасында 5 мин метр бийиктикте туристтердин палаткасы табылган. Чатырчада эч ким жок экени аныкталган. Ошол эле күнү 14.30 аба-ырайы кескин өзгөрүшүнө байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулган. Биздин куткаруучулар ылдый лагерге түшүшкөн. "

Эми издөө иштерине куткаруучулардан тышкары милиция кызматкерлери, альпинисттер, гиддер жана ыктыярчылар да тартылганы жатат.

Чоң-Алай районундагы Корумду чокусу жетүү кыйын болгон, бийик тоолуу аймакта жайгашкан. Мындан тышкары, издөө жүргүзүлүп жаткан жер Кыргызстан, Кытай жана Тажикстандын чек араларына чектешкен жерге жакын болгондуктан, куткаруу иштерин уюштурууну дагы татаалдаштырууда.

Кыргызстанда альпинисттер кырсыктаган окуялар буга чейин да көп катталган. Былтыр август айында Жеңиш чокусунда эки ирандык, бир орусиялык альпинист дайынсыз жоголгон. Дагы бир италиялык альпинисттин өмүрү кыйылган.