Кыргызстанда 5,5 баллдык жер титирөө болду

Сүрөттүн булагы, EMSC
Кыргызстанда 12-августта саат 13:14тө жер титирөө болду. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.
Институттун акыркы маалыматына ылайык, жер титирөөнүн магнитудасы очогунда 5,5 балл болду.
Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөнүн очогу Нарын облусунун Ак-Чий айылынан 20 чакырым түштүк-чыгышта, Чолпон айылынан 25 чакырым түштүк-батышта, Кочкор айылынан 38 чакырым түштүк-батышта жана Бишкек шаарынан 120 чакырым түштүк-чыгышта тоолуу аймакта жайгашкан.
Сейсмология институтунун маалыматына караганда, жер титирөө Ак-Чий, Туз, Эпкин, Чолпон, Комсомол жана Орток айылдарында 5 баллга жакын, Кочкор, Кызарт жана Жумгал айылдарында 4 балл, ал эми Бишкек, Токмок жана Балыкчы шаарларында 3 балл күчүндө сезилген.

Сүрөттүн булагы, Official
Ал эми Европалык-Жер Ортолук деңиз сейсмология борборунун (EMSC — Euro-Mediterranean Seismological Centre) алдын ала маалыматы боюнча, силкинүү очогунда 5 баллды түздү.
Азырынча жер титирөөдөн жабыркагандар жана мүмкүн болгон кыйроолор тууралуу маалымат катталган жок.
Жаңылык толукталууда




























