Чет өлкөдөгү орусиялыктарга мындан ары чиптүү 10 жылдык паспорттор берилбейт

Published

Анастасия Стогней, Ксения Чурманова, Би-Би-Си орус кызматы

26-августтан тарта Россиянын чет өлкөлөрдөгү жарандары беш жылдык паспорт алуу үчүн гана кайрыла алышат. Бул экинчи паспортко муктаж болгондор үчүн көйгөй, анын себеби, чиптердин жетишсиздиги болушу мүмкүн.

26-августтан тарта Орусиянын чет өлкөлөрдөгү элчиликтеринин консулдук бөлүмдөрү 10 жылга жарактуу паспортторду берүүгө арыздарды кабыл алууну убактылуу токтотту, деп айтылат Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин сайтында. Эми Россиянын чегинен тышкары документ тапшырганда анын жарандары паспортту беш жылдык гана мөөнөткө ала алышат.

Бул тууралуу билдирүүлөр Европа өлкөлөрүндөгү (атап айтканда, Латвия, Эстония, Швеция, Италия, Германия), ошондой эле Түркия, Азербайжан жана Казакстандагы элчиликтердин сайттарында да пайда болду.

Мындан сырткары, биометрикалык паспортко документтерди тапшыруу боюнча буга чейин болгон жазуулар жокко чыгарылган. Жума күнү, 26-августта Би-Би-Синин кызматкерлерине да тиешелүү билдирүүлөр келип түшкөн. Алардын бири Латвиядагы элчиликтин консулдук бөлүмүнөн, экинчиси Босния жана Герцеговинадан билдирүү алып, экөөнө тең беш жылдык паспортко жазылууну сунушташкан.

“Медиазона” (чет элдик агент катары таанылган) жана “Бумага” да паспортторду берүүнүн жаңы тартиби тууралуу кабарларлашты.

Себеби эмнеде?

Латвия менен Түркиядагы элчиликтердин билдирүүсүндө жаңы эрежелер "техникалык себептер" менен түшүндүрүлүп, Түркиядагы элчиликтин маалыматында "электрондук маалымат жүрүүчүсү (чип) бар паспортторду даярдоо маселеси" чечилмейинче бул чечим күчүндө кала берери баса белгиленет. Мындан улам жаңы тартип биометрикалык паспорттор үчүн чиптердин жетишсиздиги менен байланыштуу болушу мүмкүн деген жыйынтыкка келүүгө болот.

Санкциялардын фонунда мындай компоненттердин жоктугу Орусиянын Санариптик өнүктүрүү министрлиги электрондук паспорттордун долбоорун “тоңдурууга” аргасыз болгон негизги себептердин бири болгонун Forbes өздүк булактарына таянуу менен билдирди. “Сбербанктын” аткаруучу директору Ольга Маклакшина да пластикалык карталар үчүн чиптердин жетишсиздиги тууралуу айткан. Анын айтымында, кызматкерлерге эски карталардан чиптерди чыгарып, аларды жаңыларына коюуга туура келген.

Бул көйгөй кимге таасир этет?

10 жылдык паспорт берүүгө чектөө киргизилиши экинчи чет элдик паспортко муктаж болгондорго таасир этет. 10 жылдык паспорт менен 5 жылдыктын негизги функционалдык айырмасы 10 жылдык мөөнөткө берилген паспорт экинчи паспорт боло алат. А 5 жылдык паспорттун мындай мүмкүнчүлүгү жок. Бул тууралуу, Мамлекеттик кызматтар порталында жана Франциядагы элчиликтин консулдук бөлүмүнүн сайтында айтылат.

Биринчи паспорттун барактары түгөнүп, жаңы визаларды жана мөөрлөрдү коюуга жер жок болсо, экинчи паспорт талап кылынышы мүмкүн. Ошондой эле ал виза алууда да пайдалуу: бир паспорт чет элдик консулдукта “кармалып ” калышы мүмкүн, же достук мамиледе эмес өлкөлөргө баруу үчүн ар кандай паспорттор колдонулат.

Орусиянын элчиликтеринин сайттарында эгер мурунку паспортунун мөөнөтү бүтсө, “жоголсо”, “жараксыз” болуп калса, ошондой эле “колдонулуп бүтсө” (б.а. паспортто бош орун жок калса) жаңы паспортко тапшырса болору жазылган.

Бирок бул учурда арыз ээси учурдагы паспортун тапшырып, колунда документтери жок жаңы паспортту күтүшү керек болот. Азыр күтүү мөөнөтү бир нече айга чейин болушу мүмкүн экенин эске алганда, бул жакшы вариант эмес. (АК)