Сепаратизмдин себептери жана кесепеттери

Published

Сепаратизм же жикчилдик деген эмне жана анын кандай кубулуштары бар? Окумуштуулар жана саясат талдоочулар бул түшүнүк азыр “кайсыл бир азчылыктын өз алдынчалыкка умтулуусу” деген чектен чыгып, “бир өлкөнүн башка мамлекеттин аймактык бүтүндүгүнө кол салуусуна” айланып бара жатканын белгилейт.

Сепаратизм деген эмне?

Сепаратизм - бул бир мамлекет, мамлекеттик түзүлүш ичиндеги кайсыл бир топтун өз алдынчалыкка умтулуу аракети. Ал аракеттин максаты эгемендик алуу же автономия куруу болушу мүмкүн. 90-жылдардын соңу жана 2000-жылдардын башында Россияда “суверендүүлүк парады” деп таанылган кубулуш орун алган. Анда сепаратисттик талаптар, аракеттердин жыйынтыгында федеративдик келишим аркылуу Россия Федерациясындагы 89 субъектилердин саясий макамы өзгөрүп, федеративдик өкмөт менен өкмөттүк субъектилердин ыйгарым укуктары ажыратылган.

Окумуштуулар сепаратизмдин үч формасын бегилейт:

1.Латенттүү же жашыруун сепаратизм - бул нарратив, идеология, ынындыруу формасында болушу ыктымал

2.Активдүү сепаратизм - ал тынчтык аракеттерден турат. Мисалы, петиция, улуттук мыйзамдарга баш ийбөө, сепаратисттик кыймылдарды түзүү, митинг, демонстрациялар.

3. Зомбулуктуу сепаратизм. Бул түрү мүлктөрдү кыйратуу, башаламандык уюштуруу, партизандык жана террордук чабуулдар, жарандык согуш менен коштолот.

Бардык эле азчылыктын өз алдынчалыкка умутулуу аракетин терс кароого болобу?

Сепаратизм түшүнүгүн бир беткей чечмелөөгө болбойт. Мисалы, 80-жылдардын аягында мурдагы Советтер Союзуна кирген мамлекеттерде эгемендүүлүк чакырыктары күч алып, жаштар митинг, демонстрацияларга чыгып, борбордук бийликке баш ийбей, мындай айтканда активдүү сепратизмдин белгилери орун алган.

Жыйынтыгында СССР деген курама мамлекеттик түзүлүш урап, 15 мамлекет өз эгемендигин кайтарган. Анын ичинде Кыргызстан дагы бар. Эгемендүүлүккө умтулган аракеттер азыркы Россия Федерациясынын шартында дагы бар, мисалы, Татарстан өңдүү федеративдик субъектилер тарыхий эгемендигин кайтаруу ниетин маал-маалы менен ачыктап келет. Мисалы, ошол эле уйгурлардын дагы өз алдынчалыкка умтулуу аракеттерин бир беткей кароо дагы кыйын.

“Сепаратизм түшүнүгү азыр чаржайыт, талаштуу. Мисалы Кыргызстанда бар делген айрым улуттук азчылыктардын арасындагы сепаратисттик аракеттер - бул мамлекеттин бүтүндүгүнө коркунуч келтирген жагдай. Сепаратизм аракети дайым кайсыл бир мамлекеттин саясий жана аймактык бүтүндүгүнө доо келтирүү менен ишке ашат. Ушундан улам “сепаратизм” термини көбүнчө терс мааниде колдонулат. Бирок бир жагдай бар: сепаратисттер өз улуттук маданиятын, тилин, иденттүүлүгүн сактап калууну негизги себеп катары коюшат. Андай болгондо мисалы, Өзбекстан мамлекети бар жана ал өзбек тили, маданияты, тарыхын сактап, коргоп келет. Ал эми уйгурлардын тилин, тарыхын, маданиятын коргогон өз мамлекети жок. Демек, бул жүйөө бир жерде орунсуз, бир жерде даана мааниге ээ болушу мүмкүн. Ошол эле чечен же татарлардын ата мекеним деп кошулуп кетүүчү эгемен мамлекети жок. Россиянын алкагында мындай аймактар көп”, - дейт саясат талдоочу Эмил Жураев.

Луганск жана Донецкте сепаратизм болгонбу?

“Бардык мамлекетте улуттук көп түрдүүлүк бар. Андыктан сепаратизмдин белгилери кандайдыр бир деңгээлде бардык эле мамлекеттерде болушу мүмкүн. Бирок соңку жылдары айрым топтордун кайсыл бир мамлекеттин аймактык бүтүндүгүнө доо келтирип, бөлүнүп чыгабыз дегенине сөзсүз түрдө үчүнчү тарап кызыкдар, себеп болууда. Ошол эле Украинанын Луганск жана Донецк “эл республикалары” деп өзүн-өзү атап алган аймактарын айтсак болот. Ал жерде сепаратизм идеясы кайсыл негизде пайда болгонун, бөлүнүп чыгууга болгон талаптарынын маңызын жана өзгөчө сырткы күчтөрдүн божомолдуу таасирин сурачу болсок, сепаратизмдин бул жердеги негиздүүлүгү чоң суроолорду жаратат. Ага чейин Крымдын аннексияланышын да эске алсак, кырдаал даана эле аз убакта жасалма түрдө пайда болгонун айтсак болот”, - дейт саясат талдоочу Эмил Жураев.

Түшүндүрмө: Аннексия - бир мамлекеттин бөлүгүн башка мамлекет өзүнө күчтөп кошуп алуусу.

Тарыхий тастыктама: 2014-жылдын 11-майында Украинанын Луганск жана Донецк аймагындагы айрым топтор бул эки облусту “өз алдынча мамлекет” деп жарыялашкан. Ошол замат Россиянын курамына кирүү ниетин билдирген: “Донецк эл республикасынын элинин каалоосун эске алуу менен жана тарыхий адилеттүүлүктү калыбына келтирүү үчүн Россия Федерациясынан Донецк эл республикасын Россия Федерациясынын курамына кабыл алууну кароону өтүнөбүз”, - Денис Пушилин, өзүн өзү жарыялап алган Донецк эл республикасынын убактылуу өкмөтүнүн тең төрагасы, 2014-жыл, 11-май.

Дүйнөлүк саясий түзүлүштө Россия Федерациясы жашап турган маалда айрым суверендүү өлкөлөрдөгү орус тилдүү калктын өз алдынчалыкка умтулуусун кандай чечмелесе болот?

“Биринчиден, башка мамлекеттерде орустардын жана орус тилдүүлөрдүн укуктары толук бойдон мыйзам алкагында сакталган. Орус тилинде сүйлөөгө эч ким бөгөт койгон эмес. Бул демократиялык мамлекеттердин негизги принциптеринин бири. А эгер бирөө орус маданий, тилдик, диний чөйрөсүндө жашоого умтулса, Орусияга которулса да болот, ал жакта бир канча жылдан бери андай көчүп келүүчүлөрдү кучак жайып тосуп алышууда”, - дейт саясат талдоочу Эмил Жураев. (NK)

Би-Би-Синин жаңылыктарынан артта калбаш үчүн биздин социалдык баракчаларыбызга жазылыңыз: