You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
"Оскар" сыйлыгынын мыктылары аныкталды
Шон Бейкердин "Анора" тасмасы Америка киноакадемиясынын 97-жолу тапшырылып жаткан "Оскар" сыйлыгын жеңип алды.
Бул тасма Брайтон-Бичте жашаган орус тилдүү сойку кыздын турмушун чагылдырат. Башкы ролду Майки Мэдисон аткарган.
Мэдисон "Эң мыкты актриса" сыйлыгын жеңип алды, ал эми Шон Бейкер "Эң мыкты режиссер" деп табылды.
Ошондой эле тасма "Эң мыкты оригиналдуу сценарий" жана "Эң мыкты монтаж" номинацияларында да жеңишке жетип, жалпы беш "Оскар" сыйлыгына ээ болду.
"Эң мыкты эркек актёр" сыйлыгы Эдриан Броудиге ыйгарылды. Ал "Бруталист" драмасында Ласло Тоттун образын жараткан.
"Экинчи пландагы эң мыкты актриса" номинациясында Зои Салдана сыйлыкка татыды. Ал "Эмилия Перес" мюзиклинде Рита Мора Кастронун ролун аткарган.
"Экинчи пландагы мыкты актер" номинациясы "Чыныгы арман" тасмасындагы ролу үчүн Киран Калкинге берилди.
"Мыкты чет элдик фильм" номинациясын бразилиялык режиссер Вальтер Саллестин "Мен дагы эле бул жердемин" тасмасы жеңип алды.
"Эң мыкты даректүү тасма" номинациясы "Башка жер жок" фильмине берилди. Анда Жакынкы Чыгыштагы палестиналык активист менен израилдик журналисттин достугу баяндалат.
"Мыкты анимациялык фильм" номинациясын латвиялык режиссер Гинтс Зилбалодистин "Топон" мультфильми жеңип алды.
Тасмага жазылган мыкты ыр номинациясына "Эмилия Перез" тасмасындагы El Mal деп аталган чыгарма татыды.
Эң көп "Оскар" алган тасмалар:
- "Анора" – 5
- "Бруталист" – 3
- "Батыштагы каардуу сыйкырчынын жомогу" – 2
- "Эмилия Перес" – 2
- "Дюна: экинчи бөлүк" – 2