"Оскар" сыйлыгынын мыктылары аныкталды

Сыйлык тапшыруу салтанаты 2-мартта Лос-Анжелес шаарында өттү

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сыйлык тапшыруу салтанаты 2-мартта Лос-Анжелес шаарында өттү
Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Шон Бейкердин "Анора" тасмасы Америка киноакадемиясынын 97-жолу тапшырылып жаткан "Оскар" сыйлыгын жеңип алды.

Бул тасма Брайтон-Бичте жашаган орус тилдүү сойку кыздын турмушун чагылдырат. Башкы ролду Майки Мэдисон аткарган.

Майки Мэдисон

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Майки Мэдисон

Мэдисон "Эң мыкты актриса" сыйлыгын жеңип алды, ал эми Шон Бейкер "Эң мыкты режиссер" деп табылды.

Ошондой эле тасма "Эң мыкты оригиналдуу сценарий" жана "Эң мыкты монтаж" номинацияларында да жеңишке жетип, жалпы беш "Оскар" сыйлыгына ээ болду.

"Анора" тасмасынын режиссеру Шон Бейкер

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Анора" тасмасынын режиссеру Шон Бейкер

"Эң мыкты эркек актёр" сыйлыгы Эдриан Броудиге ыйгарылды. Ал "Бруталист" драмасында Ласло Тоттун образын жараткан.

Эдриан Броуди

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эдриан Броуди

"Экинчи пландагы эң мыкты актриса" номинациясында Зои Салдана сыйлыкка татыды. Ал "Эмилия Перес" мюзиклинде Рита Мора Кастронун ролун аткарган.

Зои Салдана

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Зои Салдана

"Экинчи пландагы мыкты актер" номинациясы "Чыныгы арман" тасмасындагы ролу үчүн Киран Калкинге берилди.

Киран Калкин

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Киран Калкин

"Мыкты чет элдик фильм" номинациясын бразилиялык режиссер Вальтер Саллестин "Мен дагы эле бул жердемин" тасмасы жеңип алды.

"Эң мыкты даректүү тасма" номинациясы "Башка жер жок" фильмине берилди. Анда Жакынкы Чыгыштагы палестиналык активист менен израилдик журналисттин достугу баяндалат.

Getty Images

Сүрөттүн булагы, Getty Images

"Мыкты анимациялык фильм" номинациясын латвиялык режиссер Гинтс Зилбалодистин "Топон" мультфильми жеңип алды.

Тасмага жазылган мыкты ыр номинациясына "Эмилия Перез" тасмасындагы El Mal деп аталган чыгарма татыды.

Бул Америка киноакадемиясынын 97-жолку  "Оскар" сыйлыгы

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бул Америка киноакадемиясынын 97-жолку "Оскар" сыйлыгы

Эң көп "Оскар" алган тасмалар:

  • "Анора" – 5
  • "Бруталист" – 3
  • "Батыштагы каардуу сыйкырчынын жомогу" – 2
  • "Эмилия Перес" – 2
  • "Дюна: экинчи бөлүк" – 2