Путин, Лукашенко Кыргызстанда. Жыйындан эмне күтсө болот?

Published

Бүгүн Кыргызстанда Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны өтүүдө. Бул  кеңештин соңку үч жылдагы бетме-бет өткөн биринчи кеңешмеси. Буга чейинкилери онлайн өтүп келген. Ага катышуу үчүн уюмга мүчө мамлекеттердин президенттери келип жатат.

Анын ичинде Орусиянын президенти Владимир Путин Украинадагы согуш башталгандан бери биринчи ирет Кыргызстанга келди. Бул жыйын Украинадагы согуш уланып жаткан учурга туш келди. Орусиянын экономикасы согушка ориентация алып жатканы, Европа анын мунайы менен газынан баш тартканы бул биримдиктеги өлкөлөрдүн саясатына кандай таасир бериши мүмкүн?

Би-Би-Си саясий серепчи Эмил Жороевди кепке тартты.

Эмил Жороев: Украинадагы согуш башталгандан бери уюмга мүчө өлкөлөрдүн дагы, дегеле жалпы өлкөлөрдүн Орусия менен болгон мамилеси өтө чоң чыңалууга, кыйынчылыкка дуушар болууда. Согуштун улануусунун натыйжасында анын кесепеттери ого бетер тереңдегенинен улам, албетте, жогорку деңгээлдеги самиттик жолугушуулардын [максаты] биринчи кезекте Орусиянын кризистик кырдаалын кайсы бир деңгээлде жөнгө салуу. Орусияга жандаш болгон уюмдардын мүчөсү болгон тараптар мүмкүн болушунча Орусияга карата киргизилген санкциялардын жана башка экономикалык кыйынчылыктарды чечүүнүн аракети десек болот.

Албетте, мындан артык ЕАЭБ же ЖККУ болобу (буга чейин ЖККУнун алкагында бир топ жолугушуулар болду) ушунун арасында интеграцияны тереңдетүү же кризистик эмес өнүгүүгө багытталган ар кандай кадамдар же демилгелер талкууланабы дегенде анчейин чоң күтүүлөр болбошу керек деп ойлойм.

Би-Би-Си: Жакында эле Путин Казакстан, Өзбекстан менен бирге газ боюнча “Үчилтик союзун” түзүү демилгесин көтөрдү. Бул тууралуу саммитте сөз болот бекен?

Эмил Жороев: Маанилүү сөз болушу мүмкүн эмес, анткени, буга да байланышы болсо керек. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев келбей калды. Келет деп акыркы кезге чейин күтүлүп жаткан болчу. Орусиянын “Үчилтик союз” түзүү демилгеси Казакстан менен Өзбекстандын ортосунда эки тараптуу союз түзөлү дегенден кийин ага жооп катары көтөрүлгөн. Бул демилгени, мен адашпасам, Ташкент да, Астана да жактырган жок.

*Саммитке Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов келмей болду.

Би-Би-Си: Азыркы учурда Борбор Азияда Орусия менен катар Түркия жана Кытайдын активдүүлүгү артып баратат. Ошондуктан жыйында региондук атаандаштык темасы, Москванын үстөмдүк таасирин сактап калуу маселеси көтөрүлбөй койбосо керек. 

Эмил Жороев: Атаандаштык же Орусиянын башка ири өлкөлөргө салыштырмалуу салмагы талкууланбайт болушу керек. Бирок албетте ушул сыяктуу активдешүүлөр Орусиянын чөлкөмдөгү өлкө лидерлери менен түздөн-түз улам байланышканын бирден бир себеби экени түшүнүктүү. Албетте, ушул Орусиянын байкалып жаткан геосаясий салмагынын жеңилдөөсү, өзү баштаган согуштун алкагында анын позициясынын күчтөн кетүүсү, менимче, бир чоң себеп болуп турат.

Евразиялык экономикалык биримдик (ЕЭАБ) түзүлүп жаткан учурда ага мүчө болгон мамлектердин баары өз кызыкчылыгына жана экономикалык пайдасына ишеним артышкан. Кошулабыз дегендер уюм аркылуу кеминде 180 миллиондук калкы бар чоң рынокко аралашабыз, ошол жерде соода кылабыз дегенди башкы аргумент катары айтышкан эле.

Уюмга Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Орусия мүчө. Бирок белгилүү бир убакыт өткөндөн кийин уюмдун дарегине ар кайсы өлкөдө, ар кандай деңгээлде сындар айтыла баштады. Аларды жалпылап келгенде уюмда кайсы бир мамлекет үстөмдүк кылбасын, баарына бирдей мамиле болсун деген талаптар. Сөз бул жерде уюм түзүлүп жаткан учурда адам ресурсунун, капиталдын, товарлардын эркин жүгүртүлүшү жана кызмат көрсөтүүлөрдүн эркиндиги деген негизги эреже тууралуу болуп жатат. Ушундан улам соода-сатык илгерилейт, миграциядагыларга бир топ жеңилдиктер болот деген убадалар айтылган. Белгилүү бир мезгил өткөн соң бул эреже толук иштебей жатканы негизги сынга айланды. Бул сын бир эле Кыргызстанда эмес, Орусиянын эн жакын өнөктөшү саналган Белорусия тарабынан да мурда далай ирет айтылган.

Кыргызстанда уюмдан чыгуу чакырыктары айтылган мисалдар да бар. Алардын бир тобу уюмга мүчө болбогон Өзбекстан уюмга мүчө болгон бир топ мамлекетке караганда Орусия менен соода алакасын алда канча ийгилктүү жүргүзүп, башкысы андан сырткаркы өлкөлөр менен алакасына эч кандай чектөө жок кызматташып жатат дешет. Өзбекстан болсо бул боюнча өз эсеп-кысабын кылдат жүргүзүп, жети өлчөп, бир кесүүнүн аракетин көрүп жаткандай.

Казакстандык изилдөөчү эмне дейт?

Экономикалык бирикме уюшулгандан тарта ар кандай тармактар боюнча атайын органдарды түзүп, ага мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү кирип иш жүргүзүп келет. Казакстанда алардан сырткары уюмдун уюшулганынан тартып, азыркысына чейин изилдөө жүргүзгөндөр бар. Ал тургай алар бир канча корутундуларын дагы жарыялаган. Алардын бири казакстандык изилдөөчү, профессор Кайрат Молдашев.

Би-Би-Си профессор менен маек курду. 

Би-Би-Си: Орусия негизги кыймылдаткыч күчү, ядросу делген экономикалык уюм Украинадагы согуш башталгандан бери эмне болуп жатат?

Кайрат Молдашев: Негизи уюмдун жалпы жумушу баардык жагынан артка кетти десе болот. Анткени албетте, бул уюмду курганда Орусиянын алдына койгон максаттары башкача болчу. Көбүнчө, экономикалык пайда көрүүгө караганда, геосаясий максаттары болгон. Ал эми Казакстан, Кыргызстан, Беларустун өздөрүнүн максаттары, ниеттери, күткөнү негизинен -  экономикалык пайда эле. Эми азыр согуш кезинде бул биримдиктин бизге пайдасынан көрө зыяны көп. Албетте уюм артка кетти десек болот.

Би-Би-Си: Артка кетти деп калдыңыз - ошол “артка кетти” дегенде эмнеге таянып айтып жатасыз?

Кайрат Молдашев: Биз азыр бир долбоорду баштадык. Анда “Орусияга салынган санкциялардын Казакстан экономикасына таасири”, анын ичинде Евразиялык биримдик тууралуу да кеп болот. Бирок түздөн-түз макроэкономикалык жагдайды анализдөөгө кирген жокпуз. Биздин азыр  негизинен “артка тартты” дегенибизге жүйөнүн бири – көрүп, күбө болуп жаткан жагдайлар. Мисалы сооданын негизи күрө тамыры болгон логистика маселеси. Жалпысынан Евразиялык биримдикке биздин кирүүбүздүн башында “логистика маселеси жеңилдетилет” деген себептерден киргенбиз. Азыр жалпы согуш муну кыйындатып салды. Логистика дегенде эки түрдү алсак болот: биринчиси, чек арадан өтүү, текшерүүлөр маселеси. Экинчиси, санкцияга түшкөн товарлар. Мисалы Dual Use Products (кош колдонуудагы продуктылар), атап айтканда телевизор, компьютер болсун - аны эки жакта колдонсо болот: компьютер катары жана согуш учурунда да (мисалы, Орусия процессорлорду дрондорго сала алат). Strategic Trade Control кошулган соң андан да кыйындап кетти. Казакстан же Кыргызстандагы компаниялар үчүн киберкомпоненттерди алып келүү кыйындап жатат. Анткени “Орусияга реэкспорт жасалбайбы” деген кооптонуу турат. Көзгө көрүнгөн кыйынчылыктар ушул.

Би-Би-Си: Биримдиктин башка мүчөлөрү такай болбосо дагы Орусияга өзүнүн нааразычылыгын айтып келишти.  “Калыс мамиле болсун, бизди теңсинбей жатат” деген сыяктуу дооматтар эле. Украинадагы согуш башталгандан кийин Орусиянын Экономикалык биримдиктегилерге мамилеси өзгөрдүбү?

Кайрат Молдашев: Азыр Казаксатандын позициясы бекемделип жаткан сыяктуу. Эми бул биз үстүртөн көрүп жатканыбыз. Буга чейинки сөзүмдө Евразиялык биримдиктин негативдүү тараптарын көрүп жатабыз дегендей байкоо. Бир жайгдайды белгилеп кетейин, өткөндө Казакстанда кумшекер кескин кымбаттап кетти. Кадимкидей чоң жаңылык болду. Балким Кыргызстанга да таасир эткендир. Ошондо биздин министрлер Евразиялык экономикалык биримдиктин квоталарын айыптады. Президент да [министрге] сөгүш жарыялаган. “Ооба, билемин, ушундай квоталар бар, бирок бул маселенин себеби эмес” дегендей. Азыр Армения болсун, Казакстан болсун, Кыргызстан болсун - өз позицияларын жыйында тагыраак айта баштады.

Орусиянын мамилеси өзгөрдүбү дегенин айтуу кыйын, динамиканы көрбөгөндөн кийин айтуу кыйын. Бирок жалпы катышкандардын айткандарына карап, “жыйында же сүйлөшүүлөрдө биз ошондой келишип келдик, өз позициябыздан кайтпадык” дегендерине караганда, Казакстан, Кыргызстан, Армениянын позициясы өзгөргөндөй көрүнөт. Өздөрүнүн позицияларын жактоо жагынан алдыга жылыш болгон сыяктуу.

Би-Би-Си: Кыргызстанда өтүп жаткан жыйындан эмнени күтсө болот?

Кайрат Молдашев: Бул жыйында экономикалык уюмдун ишине байланыштуу чоң өзгөрүү болбойт деп ойлойм. Армениябы же кыргызстанбы уюмдан чыгабыз деп айта койбос. Анткени жаныбызда «ачуулуу аюу турат» аны таяк менен чайып жиберүугө болбойт. Путин азыркы шартында «Биз жалгыз эмеспиз, биздин союздаштар бар» деп эң эле жок дегенде имиджи түзүп туруу үчүн керек. Уюмдан чыгууга аракет кылган билинер-билинбес талпынуулар бар. Уюмга караганда кошуна мамлекеттердин кызматташтыгын алдыга тартуу аракети байкалат. 

Кыргызстан 2014-жылы 23-декабрда жол картага кол коюп, ЕАЭБ келишимине Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу Макулдашуу 2015-жылы 12-августта толук кандуу күчүнө кирген. Ошол туштагы кыргыз бийлиги уюмга кирүү эң туура чечим болгон деп бир канча ирет айткан. Ал тургай бир катар жыйынтык, көрсөткүчтөрдү жарыялап уюмга кирүү туура болгон деп келген.