Крым көпүрөсүндөгү жарылуу: Орус армиясына логистикалык проблема

Published

Дүйшөмбүгө караган түнү Россиянын Краснодарск крайын аннексияланган жарым арал менен байланыштырып турган Крым көпүрөсүндө жарылуу болду. Эки адам каза таап, көпүрөдөгү кыймыл убактылуу токтотулду. Москва Киевди айыптоодо, Украина бул чабуулга расмий түрдө жоопкерчилик алган жок. Би-Би-Синин украин кызматынын Украин коопсуздук кызматындагы маалымат булагы анонимдүүлүк шартында деңиз дрондору колдонулган атайын операция тууралуу айтып берди. Президент Владимир Путин ошол эле күнү онлайн-кеңешме өткөрүп, «Россия тараптан жооп» болот деп убада кылды.

"Өзгөчө окуя"

Россия аннексиялап алгандан кийин дайындаган Крымдын бийликтери Крым көпүрөсүндө Кубан тараптан 145-түркүктүн районунда «өзгөчө окуя» болду деп кабарлады. Жергиликтүү булактар эки катуу жардыруу тууралуу билдиришти, ал эми телегрм-каналда жарыяланган сүрөттөрдө көпүрөнүн эки жеринде олуттуу зыян болгону көрүнүп турат. Таман тараптагы пролету бузулган, Керчи тараптагысы кыйшайып калган.

Россиянын Тергөө комитети теракт болду деп кылмыш ишин козгоду. Улуттук антитеррордук комитет көпүрөгө сууда жүргөн эки дрон менен чабуул жасалды деп билдирди. Эки мекеме тең чабуулга Украинаны күнөөлөдү.

Mash телеграм-каналы дрон жардыргычы бар «суу мотоциклдери» жөнүндө тактап билдирди.

Жардыруунун натыйжасында Белгород областынан жубайлар курман болду, алардын кызы жараат алып, ооруканага түштү.

Согуш башталгандан бери аннексияланган жарым аралга алып барган бул көпүрөдө ушуну менен экинчи жолу ушундай жарылуу болуп жатат. Мурдагы инцидент өткөн жылы октябрда болгон.

"Атайын операция"

Украинанын бийликтери көпүрөдөгү жарылууга расмий түрдө жоопкерчилик алышпады. Бирок Украинанын Коопсуздук кызматындагы маалымат булагы Би-Би-Сиге түнкү чабуул Украинанын аскер-деңиз күчтөрү менен коопсуздук кызматынын атайын операциясы болгонун билдирди.

«Көпүрөгө суудагы дрондор менен чабуул коюшту. Көпүрөгө жетүү татал, бирок акыры бул ишти жасай алышты», — деди маалымат булагы. Башка эчтеке айтылган жок.

Украинанын Коопсуздук кызматы расмий комментарийде «бул иштин чоо-жайы жеңиш болгондон кийин сөзсүз ачыкталат» деп билдирди.

«Азырынча биз Путин режиминин символдорунун бири дагы бир жолу аскердик жүктү көтөрө албай калганын кызыгуу менен көрүп жатабыз»,-деп айтылат билдирүүдө.

Украина президентинин кеңсесинин башчысынын кеңешчиси Михаил Подоляк өзүнүн билдирүүсүндө «Россиянын массалык кыргын салуу куралдарын жеткиргенге колдонулган мыйзамсыз конструкциялар түбөлүк турбайт. Анын бузулушу ар кандай себептен болушу мүмкүн».-деп айтты.

Украинанын башкы чалгын башкармалыгынын өкүлү Андрей Юсов көпүрөнүн бир секциясы бузулгандыктан Украинадагы орус армиясында логистикалык проблемалар болорун «Суспільне» украин басылмасына билдирди.

«Жарым арал россиялыктар тарабынан Украинанын аймагынын ичине карай күчтөр менен куралдарды көчүрүү үчүн чоң логистикалык хаб катары колдонулат. Албетте, ар кандай логистикалык проблемалар – оккупанттар үчүн кошумча машакат»,-деди Юсов. (КС)