Дрон чабуулу. Орусияда дрондордун үстөккө-босток соккусу эмнеден кабар берет?

Published

Павел Аксенов,

Би-Би-Си Орус кызматы

Дрондордун Орусиянын бир катар аймактарына үстөккө-босток чабуулу – Кремлдеги режимдин Украинага толук өлчөмдө басып кирүү далаалаты башталгандан берки эң чоң окуялардын бири болду.

Дүйшөмбү күнү (2023-жылы 27-февралда) кечинде Белгороддо үч дрон кулаган же атып түшүрүлгөн, дагы бир дрон Брянск облусундагы Сураж районунун аба мейкиндигинде атып түшүрүлгөн. 28-февралга караган түндө дрондун соккусунан Туапседеги мунай ишканасында жарылуу болду жана Адыгэ Республикасында дагы бир дрон кулап түшкөн. Шейшемби күнү (28-февралда) эртең менен Москва облусунун Коломенск районундагы газ кысма ишканасынын жанына дагы бир дрон кулап түшкөнү тууралуу маалымат жарыяланды.

Акырында айтсак, учуучу белгисиз нерсенин айынан Ленинград облусунун аба мейкиндиги бир кыйла убакытка жабылып калгандыгын питердик "Фонтанка" басылмасы өз булактарына таянуу менен билдирди.

Ар кандай маалымат булактарынын кабарлашынча, орусиялык аскерлер "Бирдиктүү аба кыймылын башкаруу системасына" шарттуу белги болгон "Килем" ("Ковёр") сигналын берген. Бул сигнал Орусиянын мамлекеттик аба мейкиндигинин чек арасын бузуп өтүү аракети жасалды дегенди туюнтат. Адатта мындай сигнал берилгенден кийин бардык жарандык каттам жүргүзүп жаткан учактар дароо тиешелүү аймакты таштап кетүүгө же аба майданынн конууга милдеттендирилет.

Кийинчерээк Орусиянын Коргоо министрлиги "аба кыймылын көзөмөлдөөчү жарандык бийлик органдары менен өз ара аракет боюнча" машыгуу өткөрүп жатканын белгилеп, абага кыргын учактар көтөрүлүп чыккандыгын билдирген.

Аба мейкиндигинде кандайдыр бир учуучу нерсе болгон-болбогондугу тууралуу бул билдирүүдө так маалымат камтылган эмес.

Расмий Киев бул окуялар боюнча алгач эч кандай пикир билдирбеди (ал эми 1-мартта Украинанын президентинин кеңсесинин башчысынын кеңешчиси Михаил Подоляк мырза бул дрондорго Украинанын бийлигинин эч тиешеси жок деп “Твиттердеги” баракчасы аркылуу шардана кылды).

Айрымдар болсо, Украинада бир жылдан ашык убакыттан бери кеңири өлчөмдөгү согуш жүрүп жаткандыгын, баскынчыларга каршы айыгышкан күрөш маалында буга чейин Орусияга каршы дрондор колдонулган учурлар болгонунун эске алып, 27–28-февралдагы дрондук соккулардын артында Украинанын күчтөрү турат, деп жоромол кылышууда.

Айтмакчы, 2022-жылы декабрдын башында Орусиянын Саратов жана Рязань облустарындагы бир нече аба майданы дрондордун соккусуна кабылган болчу. Орусиянын Коргоо министрлиги ал чабуулдар үчүн Украинаны айыпташкан жана украиндер мурда чалгын үчүн өндүрүлгөн эски советтик дрондорду эми сокку уруучу дрон кылып кайра жасап чыгышыптыр, дешкен. Ушундай алыскы мерчемдерге советтик Ту-141 чалгын дрону гана учуп жете алмак. Ал эми украиндердин аскердик кампасында мындай эски дрондордун далайы жатат.

Дрон соккуларынан жабырланган орусиялыктар тууралуу эч маалымат айтыла элек. Туапседеги жарылуунун натыйжасында кыйроолор орун алган. Мындан тышкары Белгороддо көп кабаттуу үйлөр жабыркаган. Бардык дрондордо жардыргыч заттары бар дүрмөттөр болгонбу жана бул жардыргыч жабдуулар иштетилгенби же жокпу – бул жаатта так маалымат жок.

Даярдалган, багытталган, үстөккө-босток жасалган чабуул

Бул соккулар (эгерде алар чындап эле Украина бийлиги тарабынан уюштурулган болсо) башка чабуулдардан айырмаланчу бир нече өзгөчөлүккө ээ.

Алгачкы жолу күжүрмөн дрон Москва облусуна чейин учуп жетти. Бул, биринчиден, Москва шаары өзүнүн өкмөттүк имараттары, маанилүү инфратүзүмдүк курулуштары жана, жок эле дегенде, аларга көз каранды болгон калкы менен бирге кол салуунун бутасына айланышы ыктымал дегенди билдирет.

Москва облусунда дрондун кулап түшүүсү Москва шаарынын жана аны курчаган облустун тургундарына психологиялык оор таасирин тийгизээри бышык. Буга чейин, байкоочулар белгилешкендей, бир нече жүздөгөн чакырымдай алыс жайгашкан кан майдан Орусиянын борбор шаары үчүн таптакыр чоочун окуядай эле сезилип келген.

Бирок, 2023-жылы январдын аягында Москвадагы бир нече үйлөрдүн чатырына абадан коргонуу системалары орнотулгандан окуядан кийин, бир катар жергиликтүү тургундар интернеттеги коомдук тармактарда муну байма-бай талкуу кылышты.

Көпчүлүк калайык мындай системаларды ыктымалдыгы четке кагылбай турган чыныгы коркунучтун белгиси катары тынчсыздануу менен кабыл алышкан. Эми болсо мындай коркунуч тек гана жоромолдон турмуш чындыгына айланып калды, анткени кооптуу дрон Москва аймагына чейин учуп жетти го.

Анан калса, Украинанын чек арасынан Москва облусундагы алиги дрон кулаган жайга чейинки аралык 450 чакырымдан ашат.

Краснодар аймагындагы Кара деңиз жээгиндеги Туапсе порт шаарынан Украинанын кан майдан тилкесине чейинки аралык 420дай чакырымды камтыйт.

Бул согуш тилкеси Краснодар аймагына таандык Адыгэ Республикасындагы Гиагин районуна караштуу Новый кыштагынан 380 чакырымдай алыстыкта жайгашкан.

Дагы бир маанилүү жагдай: дрондук бир нече сокку, – бир нече сааттык айырмасы гана болбосо, – болжол менен дээрлик бир убакытта жүзөгө ашырылган. Ал түгүл абадан коргонуу системасы кыйла жогору өнүккөн өлкө үчүн деле, бир гана жайда аба соккусуна каршы күрөшүүгө караганда, бир нече багыттан жасалган чабуулдун мизин кайтаруу алда канча кыйыныраак милдет болуп саналат.

Анын үстүнө 28-февралда таңга маал Орусиянын бир нече чөлкөмүндө жергиликтүү үналгы жана сыналгы компаниялары аба чабуулу тууралуу чукул эскертүү жарыялашты. Алар обого чыгарган билдирүүлөр маалында сиреналар да жаңырып, ага коштолуп жарандарды тез арада аба соккусунан коргонуу жайларынан баш паана табууга чакырган эскертүүлөр жана "ракета чабуулу" жөнүндө кулактандыруулар айтылып жатты.

Кийинчерээк Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул дүрбөлөң салган чакырыктар –эскертүү системаларынын хакерлер тарабынан бузулушунун кесепети болгонун билдирди.

Эгерде бул окуя – чын болсо, анда мындай иш-чара Орусиянын аймагынын деле кооптуу экендиги жөнүндөгү факттын өзүнөн туулчу психологиялык терс таасирди ого бетер күчөтөөрү ажеп эмес.

Ар башка түргө таандык жабдуулар

Бул дрондук чабуул үстөккө-босток жасалды жана багытталып турду. Мындан тышкары, ал чабуул ар түркүн каражаттар менен да жүзөгө ашырылгандыгы эске алууга арзыйт.

Адыгэде дрон кыйраган жерден алынган сүрөттөргө караганда, ал турбореактивдүү кыймылдаткыч менен жабдылган экен: сүрөттө турбинанын канаттары даана көрүнүп турат.

Туапседеги мерчем жайга жасалган дрондук сокку байкоо камерасы аркылуу тасмага түшүп калган. Кадрларда видео ырааттуулугу менен аудио треги дал келбесе да, ал үндү да жаздырса керек, деп адистер жоромол кылышууда. Бирок, эгер бул үн чын эле жабдуу чыгарган доош болчу болсо, анда, бул доошко караганда, алиги дрон жерге кыйрап түшкөнгө чейин иштеп турган реактивдүү кыймылдаткыч менен жабдылган сыяктанат.

Эгер бул дрондук соккулар Украинанын Куралдуу күчтөрү тарабынан жасалган болсо (азырынча расмий Киев бул доону четке кагууда), анда бул реактивдүү кыймылдаткычы бар дрондор мурдагы советтик Ту-141 дрондорунун негизинде жакшыртылган аскердик курал болуп саналышат. Украина мындай жакшыртылган дрондорду буга чейин 2022-жылы декабрда алыскы жана стратегиялык мааниси зор аба майдандарына каршы жасалган чабуулдарда колдонгон болчу.

Москва облусунда дрон кулаган жерден алынган сүрөттөргө караганда, бул дрон – беркилерден таптакыр башка жабдуу сыяктанат. Ал сыртынан караганда украиналык Ukrjet ("Укржет") компаниясы өндүрүп чыгарган UJ-22 Airborne дронуна окшоп кетет. Бул дрон – орточо бийиктикте учурулчу жана узак аралыкка учуп жетүүгө жөндөмдүү (англисче "medium-altitude long-endurance - MALE") болгон кыйла чаканыраак дрондордун тобуна кирет.

Согушта мындай дрондор көбүнчө чалгындоо, байкоо жүргүзүү жана ар кандай куралдарды пайдалануу – чакан бомба таштоо же ракета атуу үчүн колдонулат. UJ-22 дрону майдараак ок-дарыларды таштай алат.

Бул дрон чаканыраак түрдөгү дрондордун ичинен да кичине көлөмү менен эзгөчө айырмаланат: анын канаттарынын узундугу болгону 4,6 метрди гана түзөт. Салыштыруу үчүн айтсак, анын "теңтушу" болгон түркиялык " TB-2 Bayraktar" дронунун канаты 12 метрди түзөт.

UJ-22 Airborne дрону "кайра келбес камикадзе" жабдуусунун ролун аткаруу үчүн иштелип чыккан эмес, бирок анын маңызын өзгөртүүгө болот. Ал абага 20 килограммга чейинки салмактагы жүктү көтөрүүгө жөндөмдүү, бирок анын кыйла алыскы аралыкка жетишин камсыздоо үчүн ал көтөрчү жүктү азайтууга болот. Бул аппарат оператордун көзөмөлү астында 100 чакырымга чейин учурула алат. Ал эми автономдуу режимде болсо ал 800 чаырымга чейин учууга жөндөмдүү.

Белгород облусунда тартылган видео тасмада сырткы шекили жана чен-өлчөмү боюнча UJ-22 Airborne дронуна өтө окшош дрон чагылдырылган, бирок анын түрүн так аныктоо кыйынга турат.

Аба соккусу учурунда мындай ар кандай түрдөгү дрондордун колдонулушу да абадан коргонуу системасынын ишин кыйындатат. Чындыгында, бул дрондордун мерчемдеринин ар бири өзгөчөлүктөргө ээ.

Мисалы, Ту-141 дрону радар экрандарында ачык көрүнүп турган чоң металл нерсеи болуп саналат. Ал анча зор эмес бийиктикте жана кыйла жогорку ылдамдыкта уча алат. Анын экрандагы энбелгиси реактивдүү кыймылдаткыч менен жүрчү кыргын учагыныкына туура келет.

UJ-22 дрону болсо радар экранында алда канча начар көрүнүп турат: анын дизайнында көмүртек буласы колдонулат. Ал эми бул дрондун өзү төмөн бийиктикте кыйла жай учуп келет да, карааны жердеги радарларга начар илинет.

Орусия ирандыктар өндүргөн "Шахед-136" дрондору менен Украинанын аймагын аткылай баштаганда, Украинанын Куралдуу күчтөрү алыскы аралыкка мерчемделген дрондордун сары изине чөп салуу көйгөйүнө туш болгону эсте.

Туапседеги өрт тууралуу билдирүү 28-февралга караган түнкү саат экилер чамасында келип түшкөн. Адыгэнин жетекчисинин кабарлашынча, болжол менен ушул эле маалда Новый кыштагына жакын жайда да жардыруу катталган. Эки учурда тең Ту-141 дрондору колдонулган, деп түкшүмөлдөнүүдө.

Дрондордун Белгород аймагына сокку ургандыгы тууралуу кабарлар 27-февралда кечкурун келе баштады. Ал эми Брянск облусунда дрон кайсы убакта атып түшүрүлгөндүгү тууралуу так маалымат айтылбады. Москва жана Ленинград облустарында болгон окуялар шейшемби күнү (28-февралда) эртең менен маалымдалган.

Бул соккулардын бардыгынын улам жаңы "толкундук ыргак" катары жүзөгө ашырылгандыгы – абадан коргонуу ишин татаалдаштырган жагдай болуп калгандай. Эгерде чынында дагы Ту-141 жана UJ-22 дрондору колдонулган болсо, анда алар радардын экранында өз ара айырмалуу көрүнүшөт жана алар өз ара ар кандай ылдамдыкта учушат. Демек, абадан коргонуу системасы ар бир сокку толкунунан кийин мурдагы дрон учурулганда белгилүү болгон сапаты бар дрондорду издөөгө даярданган чакта, таптакыр башка түрдөгү дрон учуп келсе, бул система чаташып калышы ажеп эмес.

"Дрондордун соккусу" эмне натыйжа берди?

Бул дрондук соккулардын буталары белгисиз бойдон калды. Сыягы, бир гана дрон өзү багытталган мерчемди – Туапседеги мунай сактоочу жайды кыйрата алган. Москва облусунда болсо дрон инфратүзүмгө таандык мерчемдин өзүнө тийбестен, тек гана анын жанына кулап түшкөн.

Калгандары болсо абадан коргонуу же электрондук согуш системалары тарабынан атып түшүрүлгөн, же болбосо башка себептерден улам кулаган. Арийне, бул дрондор кулап түшкөн жайларга жакын жерлерде эч кандай өтө маанилүү мерчемдер деле катталган эмес.

Айрым жоромолдорго караганда, Белгороддо дрондор навигациядагы (багыттоодогу) кетирилген каталардын айынан жөн гана үйлөрдү сүзүп кыйрап калышкан. Ал эми Москва облусуна кулаган дрон, балким, мермечин көздөй так багытталган эмес, же болбосо, күйүүчү майы түгөнүп калган сыяктанат, деген жоромолдор ортого салынды.

Бул дрондук соккунун психологиялык таасири да бар: бул чабуулдар Украинанын колунда Орусиянын аймагындагы мерчемдерди жок кылуу мүмкүнчүлүгү бар экендигин айгинелеп койду жана Орусиядагы абадан коргонуу системасы дрондорго каршы дайым эле майнаптуу туруштук кыла албастыгын ашкерелеп салды.

Акыр-аягында белгилесек, мындай дрондук чабуул аркылуу жетишүүгө мүмкүн болгон дагы бир натыйжа бар: бул – дрондук сокку учурунда абадан коргонуу системаларынын кандайча иш-аракетке келтирилгендиги жөнүндө кыйыр маалымат топтоо мүмкүндүгү. Бул жагдай өзгөчө Туапсе менен Адыгэдеги буталарга чабуул жасаган дрондордун иш-аракетине тиешелүү.

Туапсе менен Адыгэ аймактары Кара деңизге жакын жайгашкан. Ал эми Батыштын чалгын учактары орусиялык баскынчылык аракеттер башталган 2014-жылдан бери Кара деңиз аймагынын аба мейкиндигин кылдат иликтеп, күзөттө турушат. Ошондуктан, мындай соккулардын кыйыр (көмүскө) максаты – Орусиянын абадан коргонуу системаларынын бирдиктеринин, атап айтканда, радарлардын, жайгашкан орундарын ашкерелөө болушу деле ыктымал. (TT)