You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Кадырбеков: парламенттин өзүн таркатуу тажрыйбасынан качышыбыз керек
Кыргызстанда буга чейин президенттин чечиминен улам, же саясий кризистерге, элдик толкундоолорго байланыштуу ишин мөөнөтүнөн мурда токтоткон же ага аракет жасаган парламент чакырылыштары болгон.
Экс-депутат, БШКнын мурдагы мүчөсү Ишенбай Кадырбековдон Би-Би-Сиге бул жолкусу эмнеси менен айырмаланып жатат, талдап берди:
И.Кадырбеков: Жогорку Кеңеш өзүн өзү таркатып жатканын, чынында, азыр түшүнүш кыйын. Кийинки парламенттик шайлоо жана президенттик шайлоо удаалаш болуп калат экен деген сөз болуп жатат.
Эртелей шайлоо өткөрүүдө кандайдыр бир саясий кызыкчылыктар жатат деп ойлобойм. Себеби, парламент саясатка көп кийлигишпей Конституциялык укугунун негизинде өз ишин аткарып жатат. Чынын айтканда, аракеттеги Баш мыйзамда мыйзам чыгаруучу орган катары парламенттин саясатка кийлигише турган укуктары чектелип калган. Ал мыйзам чыгаруу укугунун негизинде гана иш алып барууда. Кыргызстан азыр президенттик башкаруудагы мамлекет болуп аткандан кийин, президент саясатты толугу менен өз колуна алды. Буга альтернатива болчу күч калбай калды. Жыйынтыктап айтканда, азыр саясий кризис жок. Кезексиз шайлоого президенттин да, Жогорку Кеңештин да кызыкчылыгы жок. Болгону эле катарлаш шайлоолордун уюштуруунун техникалык жагы себеп болду деп ойлоп атам.
Ошентсе да бул прецедент болбош керек, парламенттин өзүн-өзү таркатуу тажрыйбасынан качышыбыз керек.
Өз учурунда легендарлуу парламент дагы өзүн-өзү таркатууга аракет жасап, бирок кворум топтой алган эмес. Азыр легендарлуу парламент өзүн-өзү таркатканы тууралуу айтылып жүрөт, бирок ал туура эмес. Андай демилге болгон, бирок бул тууралуу жыйынга чогула албай калган. Депутаттар Кумтөр маселесин катуу көтөрүп, мамлекет кызыкчылыгына каршы иштегендерди аныктоого даяр болуп калган эле. Бийлик тарабынан ошондо парламентти иштетпей таркатуу аракет болгон.
Би-Би-Си: Кийинки шайлоолор жаңы эрежелер менен өткөнү турат, мыйзамдар жаңыланды бирок элдин шайлоого карата мамилеси канчалык өзгөрдү?
И.Кадырбеков: Азыр маанилүүсү, Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо тууралуу жаңы мыйзам менен шайлоо өткөнү жатат. Соңку он-беш жылда эл Кыргызстанда шайлоо процессинен сыртта калып калган. Баш мыйзамда бизде демократия деп жазылган, бул эми эл бийлиги деген сөз да. Эл болсо өзүнүн бийлик укугун шайлоонун негизинде президентке жана парламентке өткөрүп берет.
Биз пропорционалдык шайлоо системасына өткөнү эл ким депутат болорун аныктабай, партиянын лидерлери чечип калган, партиялык тизмени ошолор аныктап калбады беле. Партиялардын эле шайлоосу болуп, шайлоочу ким депутат болорун билчү эмес, анда добуш берүү гана укугу гана калып, шайлоо укугу ажыратылган. Бул эмнеге алып келди. Шайлоочу өз добушун сатып, керек болсо шайлоого катышпай, кызыкпай калды. Соңку шайлоого активдүүдүлүк 37% гана болгону бийлик башындагылар чоң сигнал болду. Бул деген элде шайлоого ишеним жок калганынын көрсөткүчү да. Андыктан бийлик элге өзүнүн шайлоо укугун кайтаралы деп кайрадан мажоритардык системага кайтып жатат. Эми эл шайлоо укугунан пайдаланып, акыл-аң-сезими менен тандайт. Бул чоң жетишкендик.
Би-Би-Си: Бирок партиялык тизме менен шайлоого чейин мажоритардык система менен өткөн шайлоолордо деле деле добушун сатуу, жердешчилик өңдүү көрүнүштөр болуп келбеди беле...
И.Кадырбеков: Шайлоодо баары бир ар кандай окуялар болот. Каалайбызбы же жокпу жергиликтүү бийлик, аким, губернаторлор шайлоого кийлигишпөө, сырттан байкоо салуу керек деген чакырыкка карабай алар өз кызмат абалынан пайдаланышып, жакын адамдамдарына жан тартып атпайбы. Андайлар болушу мүмкүн. Окгругдарда шайлоо болуп аткандан кийин жергиликтүү бийликке көзөмөл күчөшү керек.
Добуштарды сатып алуу да болушу мүмкүн. Айтоор, бизде боло келген тууганчылык, урукка бөлүнүү дагы кайталанышы толук мүмкүн. Мындан, баары бир, бул жолу деле алыска кете албайбыз. Ошол үчүн жеринде көзөмөл күчөтүлүшү керек.
Би-Би-Си: Эртелей шайлоо өтүп калса, талапкерлер көп мандаттуу шайлоо округдарынан шайланып келет. Бир округдан кеминде үч талапкер жылдырылып, атаандаштык өтө курч мүнөздө болору алдын ала эле болжонуп атат. Талапкерлер үчүн бул шайлоодо эң эле татаалы эмне болот?
И.Кадырбеков: Эми мындай шайлоо системасын биз буга чейин айылдык кеңеш депутаттарын шайлоодо адаптация кылып көрдүк да. Атаандаштык чоң болгону жакшы эле болот экен. Бирок эми округдар мурункудан чоңураак болуп атат, анан бир канча атаандаштардан алдыга суурулуп чыгыш өтө оор нерсе.
Мисалы, мен эки жолу бир мандатту округдардан шайлоого катышкам, анда 350 округ болгон, он-он беш миң адамдын добушуна ат салышканбыз. Буга чейинки шайлоолорго катышкан киши катары айтайын, эл тамырчы болот. Элдин ишенимин алыш оңой эмес. Мен өзүм эки жолу бир мандаттуу шайлоого катышкам. Элдин өзүңдүн талапкерлигиңе ынындырыш кыйын, кечээ эмне кылдың эле ошонуңду сурайт. Убадаң кызыктырбайт.