You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Эрте шайлоонун илеби, Жогорку Кеңештеги кол топтоо
Жогорку Кеңеште өзүн-өзү таркатуу боюнча депутаттар арасында кол топтоо башталганы белгилүү болду. Бул үчүн 30дан кем эмес депутаттын кол тамгасы керек. Жетинчи чакырылыштын иш мөөнөтү кийинки жылы соңуна чыкмак.
Кандай саясий себептерден улам Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таркатып кезексиз шайлоого жол ачып жатат?
Башкы аргумент
Депутат Исхак Масалиев парламент өзүн-өзү таркатууга барарын биринчилерден болуп кыйытып чыккан эле. Кезексиз парламенттик шайлоонун муктаждыгын ал мындан көрөт:
"Булардын аргументи мындай: 2027-жылы январда президенттик шайлоо болот. Жаңы парламент шайлоосунан кийин кокустан соттук териштирүү жана башка талаштар болуп калса кандай болот? Анда президенттик шайлоону ким дайындайт деген суроо пайда болуп атат да. Ошого байланыштуу келгиле кезексиз шайлоо өткөрөлү деп атышат".
Масалиев мыйзам боюнча кезексиз шайлоону өткөрүү тартиби бир аз башкача болорун эске салды. Алалы, шайлоого байланыштуу бардык процедуралардын мөөнөтү үчтөн бирге кыскарат.
"Мисалы, кадимки шайлоо болгондо жалпы процесске 60 күн кетмек, азыр бары-жогуна 45 күн болот. Ошондо, талапкерлигин жылдырууга 15, аларды БШКнын каттоосуна дагы 15 күн берилет. Ал эми үгүт иштери 15-20 күнгө кыскарат. Ушу ойлоп атам, алардын эсеби боюнча шайлоо ноябрдын этегине барат", - дейт депутат.
Жогорку Кеңеште өзүн-өзү таркатуу маселеси каралышы үчүн бери дегенде 30 депутат демилге көтөрүп чыгышы керек. Мындай демилгени 90 депутаттын кеминде 60ны колдогондо гана парламент өзүн-өзү тарката алат.
Шайлоо тууралуу мыйзамга ылайык, бул сунуш парламентте колдоо тапса, президент беш күндөн кечиктирбей кезексиз шайлоо тууралуу жарлыгын чыгарат. Мындан соң 45 күндүн ичинде кезексиз шайлоо өтүп калышы керек.
Жаңыча шайлоо
Быйыл жазында Кыргызстанда "Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзам жаңыланды. Аны Улан Примов баштаган депутаттык топ демилгелеп чыккан.
Жаңы эрежелер боюнча, Жогорку Кеңеш эми көп мандаттуу 30 округдан шайланган үч талапкерден, жалпы 90 депутаттан турмакчы.
"Округдарды бөлүштүрүү калктын санына карап жүрүп жатат, айрымдарынын аймагы чоң, орточо эсеп менен ар бир округга 140 миң шайлоочу туура келип атат. Бирок округдардын схемалары, чек аралары толук тактала элек, шайлоо жарыялангандан кийин жети күндүн ичинде бекитилет",- деп түшүндүрдү БШК өкүлү Абдыжапар Бекматов.
Анын айтымында, округдарды бекитүүдө аянт эмес, киши башы эске алынат. Айрым учурда райондор өздөрү караган облуска эмес, башка өрөөнгө да кошулуп калуу ыктымалдыгы бар.
Ар бир округдан шайланып келчү талапкерлердин бирөө сөзсүз түрдө гендердик квотага ээ болот.
Келе жаткан шайлоонун мурдагылардан айырмасы:
Шайлоо фонду 10 миллион сомдон 20 миллион сомго чейин көтөрүлдү;
Талапкерлерге бир миң адамга чейин үгүтчү жалдоого мүмкүнчүлүк ачылды;
Күрөө акы 300 мин сом болот, бирок жеңүүчү талапкерлерге БШК мурдагыдай анын кайсы бир бөлүгү кайтарбайт.
"Тескери селекция"
Жогорку Кеңештин өзүн-өзү таркатуусу тууралуу жаңылыкка карата коомчулукта реакциясы бир кылка эмес.
Саясий талдоочу Алмазбек Акматалиев бул маселеде Жогорку Кеңешке басым болуп жатат деген сөздөрдү четке кагып:
"Жогорку Кеңеш өзүн таркатып, жаңы шайлоо болсо –мында кимдир бирөөнүн кыйтырлыгын же бийлик бутактарындагы интригаларды издебей деле койсо болот. Жаңы шайлоого үч-төрт себептер анык болуп турат. Жаңы Конституция, Жогорку Кеңеш тууралуу жаңы мыйзам...себеби толтура", - деп жазды.
Мамлекеттик ишмер Эмилбек Каптагаев депутаттардын бул аракети алардын "мезгилдин талабына жооп бере албай, ишке жарабай калдык деп моюнга алганы, анда бул депутаттар кийинки шайлоого баруусуна моралдык укугу жок деп айтууга туура болот" деп коомдук сайтта өз пикирин билдирди.
Айтор, 2021-жылы жарым жартылай пропорционалдык система жана бир мандаттуу округдардан шайланып келген парламенттин жетинчи чакырылышы таркары анык болуп калды.
Депутаттардын төрт жылкы ишмердигинин жыйынтыгы кандай болду?
"Тилекке каршы, ар бир кийинки парламент профессионал эмес, популисттик болуп, тескери селекция жүрүп жаткандай болуп атат. Бул чакырылыш көз каранды парламент экенин ачыктап койду. Факты келтирейин: ондогон депутаттар мандатын белгисиз жагдайлар менен тапшырып, ЖКдан чыгып кетишти. Бир нечеси соттолуп, камалышты. Бирок өз укугун, макамын, мандатын коргой албаган депутаттар эл үмүтүн актабады", -деген пикирин коомдук ишмер, активист Мавлян Аскарбеков бөлүштү.
Бирок күн мурун БШК өкүлү Узарбек Жылкыбаев "Азаттыкка" маек куруп жатып, аракеттеги парламентти "чабал, коркок" дегенге болбойт, Башмыйзам боюнча "президенттин Жогорку Кеңешти таркатуу укугу жок, парламент өзүн-өзү гана тарката алат" деген эле. Айтымында, керек болсо парламент өзүн өзү тарткатуудан баш тарта алат. Ал тургай Жогорку Кеңештин президентке импичмент жарыялоого укугу бар.
Деген менен азыркы саясий жагдайда парламенттин өзүн өзү таркатуудан баш тартуу ыктымалдыгы азыраак болуп турат. EK