Чыккынчылык кылууга ниеттенди: ФСБнын согушка каршыларды жазалоо тажрыйбасынан

    • Author, Сергей Горяшко
    • Role, Би-Би-Си Орус кызматы
  • Published

2022-жылдан бери ФСБ орусиялыктарды чыккынчылык кылууга ниеттенип жатат деп айыптай баштады. Ага чейин чыккынчылыгы "толук аткарылган" кылмыштар жөнүндө сөз жүрчү. "Тыңчылык иштер" боюнча бир нече айыпталуучу ошол эле калып боюнча темир тор артына камалышты: алар Грузияга, Казакстанга же Түркияга бараткан кезинде эл аралык аба майдандарында жана чек ара бекеттеринде шылтоо менен кармалып, убактылуу кармоочу жайга – майда бейбаштык үчүн атайын абакка жөнөтүлүп жатышты.

Алар андан ары эркиндикке чыгышкан жок, анткени аларга Украина тарапка өтүү аракетин жасап, мамлекетке чыккынчылык кылды деген айып менен сотко чейинки абактарга камалышты. Би-Би-Си Орусиянын Федералдык чалгын кызматы (ФСБ) жүзөгө ашырып жаткан жаңы тажрыйба жана бул чуулгандуу иштер боюнча айыпталган айрым орусиялыктар тууралуу белгилүү болгон маалыматтар жөнүндө баяндайт.

"Орой, адепсиз сөздөрдү айтып жатты"

2022-жылы 20-декабрда Орусиянын президенти Владимир Путин чалгын кызматтарынын кызматкерлерин Коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин күнү менен куттуктап жатып:

"Учурда контрчалгын кызматтарынан, анын ичинде аскердик контрчалгынчылардан өзгөчө эрк, күч-кубатты топтоо талап кылынат. Чет элдик чалгын кызматтарынын аракеттерине катаал бөгөт коюу, чыккынчыларды, тыңчыларды жана диверсанттарды тез арада аныктоо керек", – деп айтты.

Эртеси күнү, 21-декабрда, ФСБ теги тажикстандык Фируз Дадобоевге (Дадабаевге) мамлекетке чыккынчылык кылды деп айып таккандыгын шардана кылды. Коопсуздук күчтөрү анын ишинин чоо-жайын эч ачыкташкан жок. Ошол эле күнү Москванын Лефортово сотунун басма сөз кызматы Дадобоевди камоо мөөнөтү эки айга, 2023-жылдын 26-февралына чейин узартылганын билдирди. Деги Дадобоев мырза качан сотко чейинки тергөө абагына (ТЕРА / СИЗО) камалган эле жана ал жерде канча убакыт отурган? Бул жаатта сот так маалымат берген жок.

Эки күндөн кийин ФСБ Орусиянын үч облусунан бир эле учурда алты киши кармалганын билдирди. Контрчалгын кызматкерлери "Украинанын Коопсуздук кызматына жана куралдуу күчтөрүнө жардам берип жүргөн Орусия менен Украинанын жарандарынын кылмыштуу аракеттерин" токтотушканын билдиришти.

Мамлекетке чыккынчылык кылды деп айыпталгандарга жардам берген "Биринчи бөлүм" ("Первый отдел") аттуу адвокаттар менен укук коргоочулардын бирикмесинин башчысы Дмитрий Заир-Бек ФСБнын 2022-жылдын декабрындагы баяндамасын "демейдегиден тышкаркы" окуя деп баалады:

"Мында кубаттуу жигердүүлүктү жасалма көрсөтүү далаалаты өз мөмөсүн бере баштады, деп айтууга негиз бар. Келгиле, аны "буйрукту көшөкөрлөнө аткаруу" – "ашынган аткаруучулук" термини менен белгилейлик".

ФСБнын баяндамасында айтылган алты кишинин арасында Биробижан шаарынын 36 жаштагы тургуну, геодезист Валерий Качин да болгон. Анын кармалганын 23-декабрда өз пресс-релизинде жарыялаган ФСБ анын кармалуу чоо-жайы тууралуу унчуккан жок: бул геодезист 2022-жылы октябрдын башында кармалып, алгач административдик камакка алынган. Атайын кызмат Качин аймактан чыкмакчы болуп, чет өлкөгө учуп кетүүгө далаалат кылган учурда Биробижанда кармалганын маалымдады, бирок бул кармоо окуясы качан болгонун тактаган жок. Качиндин кайсы жер аркылуу учуп кетүүгө ниеттенгендиги жөнүндө да эч маалымат айтылбады: Биробижанда жүргүнчүлөрдү ташуучу туруктуу каттамы бар аба майданы жок. Ал эми Качин мырзанын жубайы Екатерина болсо өз күйөөсү эч жакка учуп кетүүгө беленденген эмес болчу, деп ырастоодо.

2022-жылы 7-октябрда саат 11:05те Качин мырза шаардын борборундагы Биробижан райондук полиция бөлүмүндө отурган жана аркы-терки сөгүнүп жаткан. Бери дегенде Биробижан райондук сотунун административдик укук бузуу боюнча чыгарган токтомунда ушундай маалымат катталган. Токтомдо Качин "коомдук жайда" (б.а. РИИБдеги иш бөлмөсүндө) өзүн "өзгөчө ызырына алып жүргөнү, орой уят сөздөр менен сүйлөгөнү, анын жосунсуз жүрүм-турумун токтотуусуна карата чакырыктарга эч кандай муюбагандыгы" айтылат. Бул үчүн жана полиция кызматкерлерине баш ийбегендиги үчүн Качинге каршы административдик укук бузуу жөнүндө протокол түзүлгөн.

Ошол эле күнү, күндүз, майда бейбаштык (Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 20.1-беренесинин 2-бөлүгү) боюнча иш сотто каралды. Качин күнөөсүн мойнуна алган жок жана "өз оюн орой, адепсиз сөздөр менен айткан эместигин" билдирди, бирок сот полициячылардын айткандарын олуттуураак деп таап, бул кишиге ушул беренеде каралган эң жогорку жазаны — 15 суткага административдик камакка алуу өкүмүн чыгарды. Качин РИИБде эмне кылганы белгисиз. Ал ТЕРАдан ошол бойдон чыкпай калды. 12-октябрда Биробижан райсоту аны мамлекетке чыккынчылык кылган деген айып менен ТЕРАга кайра жөнөткөн. Эки айдан кийин Качин мырза Москвадагы абакта болуп калды.

Москванын Лефортово сотунун басма сөз кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 275- (мамлекетке чыккынчылык) беренеси боюнча айыпталган Качиндин үстүнөн болгон сот отуруму тууралуу алгачкы жолу 7-декабрда гана билдирди. Андан кийин сот Качиндин камак мөөнөтүн үч айга, 2023-жылдын мартына чейин узартты. Соттун басма сөз кызматы билдиргендей, Качин буга чейин эки айлык мөөнөттө ТЕРАда отурууга үлгүргөн.

Душман тарапка өтүүгө беленденишкен

ФСБ Качин мырзанын Украинанын коопсуздук кызматы үчүн тыңчылык кылган деген шек менен кармалганын билдирди. Коопсуздук күчтөрү геодезист "Украинанын атайын кызматынын көрсөтмөсүнө ылайык иш алып баруу менен" мамлекеттик сырды түзгөн "Еврей автономиялуу облусунун маанилүү инфратүзүмдүк объектилери жөнүндө" маалыматтарды чогултуп, украин чалгынынын өкүлүгүнө өткөрүп берген деген жоромолун шардана кылды. "Ошол эле учурда ал дарек ээси өзүнөн алынган маалыматты Орусия Федерациясынын коопсуздугуна каршы колдонушу мүмкүн экенин аңдаган болчу", – деп ФСБ билдирди.

Орусиялык атайын кызматтын маалыматы боюнча, Качин мырза Орусиядан Украинага чыгып кетип, Украинанын жарандыгын алууга жана Украинанын Куралдуу күчтөрүнө кызматка кирүүгө беленденип жүргөн имиш.

Орусияда 2022-жылдын 14-июлунан тартып Кылмыш-жаза кодексинин 275-беренесинин (мамлекеттик чыккынчылык) жаңы редакциясы күчүнө кирген; ага ылайык “душман тарапка өтүү” мамлекетке чыккынчылык кылуунун дагы бир түрү болуп саналат. "Орусия Федерациясына түздөн-түз каршы болгон күчтөрдүн (аскерлердин) курамына катышуу" – кас тарапка өтүү катары эсептелет. Бул кылмыш үчүн жаза, чыккынчылык үчүн жазанын сыңарындай эле, 12 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратуу түрүндө каралган. ФСБ, пресс-релизге ылайык, Качин мырзаны бир эле учурда эки башка кылмышка – чыккынчылыкка жана Украинага өтүп кетүүгө беленденгендикке шектүү деп саноодо.

Качин мырза – 2022-жылы "тыңчылык" иштери боюнча доого кабылган жыйырмадан ашык жарандын бири. Буга чейин ушундай доого адаттагыдай кабылып жүргөн илимпоздор менен аткаминерлерден (алар мурдатан эле ФСБнын көңүл чордонун ээлеп келишкен) тышкары эми студенттер жана саясий жигердүү жарандар да кылтакка илине башташты.

Орусиянын 2022-жылы 24-февралда кеңири өлчөмдө Украинага басып кириши, – ошондой эле Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 275-беренесинин "душман тарапка өтүү" жааты камтылган жаңы кылмыш курамынын күчүнө кириши, – ФСБнын "тыңчылык" иштерине карата мамилесин чукул өзгөртүп салды. 2022-жылы, маселен, бир караганда, эч кандай окшоштуктары жок кинеге ылайык кармалган орусиялыктар дээрлик 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн болчу айыпка кабылып, ТЕРАда отурушат. Көп учурларда бул кармалуулар окшош калыпка салынган доолорго ылайык улантылууда.

Би-Би-Си мамлекетке чыккынчылык кылууга даярданган же чыккынчылык кылууга далаалат жасаган деген доого кабылып жаткандардын башка да кеминде үчөө тууралуу маалымат топтоду. 2022-жылы алар ошол эле бирдей калып боюнча темир тор артына жеткирилишти. Оболу аларга каршы майда бейбаштык үчүн же башка кылмыш иши боюнча административдик камакка алуу баш коргоо чарасы көрүлдү, андан кийин алар 275-беренеге ылайык доого кабылып, убактылуу кармоо жайынан ТЕРАга көчүрүлүштү.

Алгачкы болуп 21 жаштагы студент Глеб Вердиян бутага алынды. Жаш жигит өзү жашаган Астрахандан Москвага жаңы эле келээр замат атайын тергөө абагына кармалган. Ал ошол эле күнү Стамбулга учуп кеткен жаткан. Вердиян 28-октябрда Внуково аба майданына жакын жердеги аялдамадан "коомдук тартипти бузган" деп кармалган. Ал жерде ал, – Биробижан РИИБиндеги Качинге окшоп, – "адепсиз сөздөрдү айтты". Вердиян 10 күндүк камакка алынган. 7-ноябрда Лефортово соту аны мамлекетке чыккынчылыкка даярданган деген шек боюнча козголгон кылмыш ишке ылайык ТЕРАга жөнөттү. Ага каршы доонун чоо-жайы белгисиз, ага каршы козголгон кылмыш иши жашыруун деп табылды.

31-октябрда 20 жаштагы москвалык тургун Савелий Фролов орус-грузин чек арасындагы "Жогорку Ларс" ("Верхний Ларс") чек ара бекетинде кармалганын "Бумага" гезити ал тууралуу баылмасы маалымдады. Кийинчерээк ал өзү энесине айткандай, орусиялык чек арачылар аны уюкфонду кулпусун ачып туруп берүүгө мажбурлашкан. Күч органдары Фроловду пол жуугуч шыргый менен зордуктайбыз деп коркутушкан. Алар бул жигиттин уюкфонунан, Савелийдин достору айткандай, жаштар "Орусиянын эркиндиги" ("Свобода России") легиону жаатында талкуулаган каттарды табышкан.

Ошол эле күнү Владикавказдын Совет райондук соту Фроловду майда бейбаштык беренеси боюнча 15 суткага атайын тергөө абагына камады. Андан кийин Фролов майда бейбаштык жана милиция кызматкерлерине баш ийбөө доосу боюнча дагы эки административдик жазага татыды. Жаш жигит атайын абактан чыгаарда полиция тарабынан эки жолу кармалган. Жарыяланган сот токтомдорунун бирине караганда, Вердиян жана Качин сыяктуу эле Фролов да "уят сөздөрдү айтканы" үчүн деген доого кабылган.

2022-жылы 2-декабрда Савелийге чыккынчылык доосу боюнча иш козголду. Аны душман тарапка өтүүгө беленденген деп айыпташты. Бул жаш жигит "Орусиянын эркиндиги" легионуна кошулууга даярданып жүргөн имиш. Тергөөчүлөрдүн айтымында, Фролов оболу Грузияга өтүп, ал жактан – Түркияга, андан кийин Польшага, андан ары Украинага барып, ал жактан жанагы легионго кошулуу ниетинде болгон имиш.

Адвокаттын айтымында, Фроловдун Стамбулга билети да, Шенген визасы да болгон эмес, деп "Бумага" басылмасы жазды. Бул басылмага анын сүйлөшкөн кызы Грузияга Савелий өзүн көргөнү барганын, ал жерде жаш балдар үчүн фехтование жаатында ролдук клуб уюштуруп, бул ийримден акча табууга аракет кылуу ниетинде болушканын айтып берген. Фролов мырза "душман тарапка өтүүгө даярдануу" деген өңүткө ылайык "мамлекетке чыккынчылык" беренеси боюнча айыптуу табылганы анык болгон алгачкы орусиялык жаран болуп калды.

Былтыр декабрда Украина тарапка өтүүгө "аракет кылган" деген доо боюнча кылмыш иши тууралуу да маалымдалды. Бул иш боюнча мурдагы жарандык учкуч, 58 жаштагы Игорь Покусин Хакасияда абакта отурат. Одессада туулган Покусин 2022-жылы май айынын акырында Абакан чөлкөм таануу музейинин бет маңдайындагы Z деген энбелгини боёп салып, "Украинага даңк" деген сөздү жазгандыгы үчүн кармалып, ага вандалчылык кылды деп айып тагышкан. Ал күрөөгө бошотулуп, коңшу Красноярскиден Казакстанды көздөй учуп кетүүгө далаалат кылган, бирок ал аба майданынан кармалып, башына баштык кийгизип, аны кайра Абаканга алып келишкен. Орто жолдо аны токойго алып барышып, тапанча жана электр мылтык менен коркутушуп, "Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн катарына кошулуу үчүн Украинаны көздөй бет алган элем" деп мойнуна алып сүйлөөгө мажбурлашкан жана ал сөздү видеого тартып алышкан. Покусиндин аялы "Холод" журналына коопсуздук кызматтары күйөөсүн кантип коркутушканын айтып берген.

Абаканда Покусиндин мурдагы вандализм иши боюнча баш коргоо чарасы катаалыраак чарага – үй камагына өзгөртүлдү. Ал 7-декабрда шарттуу түрдө 6 айга кесилди, бирок эртеси эле ал мамлекетке чыккынчылык беренеси менен кармалып, ТЕРАга жөнөтүлдү.

Покусиндин адвокаты Алексей Котельников Би-Би-Сиге анын кардары күнөөсүн мойнуна албаганын айтты. Ал Украинага Казакстан аркылуу, бирок согушуу үчүн эмес, тууган-уруктарын көрүү үчүн барууга камынганын танбайт. Покусиндин видеого тартылып алынган күнөөсүн мойнуна алганы коркутуу жолу менен жазылган, бирок анын коркутууга кабылганынын күбөлөрү жок, дейт адвокат.

"Кырдаалдын өзгөчөлүгү мына мында: вандализм жөнүндө ага каршы козголгон мурдагы кылмыш ишинин материалдары эми мамлекетке чыккынчылык жаатындагы жаңы кылмыш ишине негиз болуп берди, – деди Котельников Би-Би-Сиге. – Иштин олуттуу бөлүгүн мурунку учурда сүйлөп берген күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү түзөт".

Бул адвокаттын ырасташынча, Покусин мамлекетке чыккынчылык кылуу доосу боюнча иштеги күбөлөрдүн арасынан “тааныш ысымдарды” тапкан.

Кылмыш-жаза кодексинде кылмыш жасоого "ниет кылуу" жана "жасоого далаалат кылуу" деген эки башка өңүт белгиленген. Орусия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренесине ылайык, "ниет кылуу" – бул жасоого мүмкүн болбой майнапсыз калган оор кылмыштын каражаттарын, куралдарын жана шериктерин издөө. Ал эми кылмышты жүзөгө ашырууга байланыштуу конкреттүү аракеттер көрүлсө, андай учурда кылмыш жасоого «далаалат көрүлдү» деп бааланышы ыктымал.

Эки учурда тең соттолуучуга эң жеңилирээк жаза каралган: "ниет кылуу" Кылмыш-жаза кодексинин тиешелүү беренесинде каралган мөөнөттүн төрттөн үч бөлүгүн, "даярдык көрүү" – ошол эле мөөнөттүн жарымына чейинки абактык жазаны камтышы мүмкүн. "Мамлекеттик чыккынчылык" беренеси боюнча бул, тиешелүүлүгүнө жараша, 15ке чейин же 10 жылга чейин эркинен ажыратуу дегенди туюнтат.

Ошол эле учурда тергөө тарабы, чындыгында, доого кабылган жактын өз колуна курал алып, “душман тарапка өткөн” фактын далилдөө зарылчылыгынан иш жүзүндө бошотулган. Демек, күч органдары айыпталуучунун кылмыш жасоого ниеттенгендигин сотко далилдеп бериши эле жетиштүү. 2022-жылдан тартып ФСБ мамлекетке чыккынчылык жаатында доо козголгон учурларда мындай "жөнөкөйлөштүрүлгөн" тергөө амалынын натыйжасын сунуштоону жигердүү колдоно баштады.

Макоо геодезист

Валерий Качин Биробижанга жакын кыштакта туулган. Облустун борборунан 80 чакырым алыстыкта жайгашкан Бабстово жергесиндеги мектепте окуган. Ал украин тегиндеги энеси жана чоң энеси менен жашаган, дейт классташы Игорь Лебедев. 2014-жылы Качин мырза Шолом Алейхем атындагы Амур мамлекеттик университетин "Маалыматтык системалар жана технологиялар" адистиги боюнча аяктаган.

Үй-бүлөлүү, кыздуу болгон. Качин мырза Биробижан шаарынын мэриясындагы мүлктү башкаруу комитетинде мүлк мамилелери жана жарнама бөлүмүнүн башкы адиси кызматында иштөөгө үлгүргөн. Ал жумушунан Качин 2018-жылы кетип калган.

Качиндин жубайы Екатеринанын айтымында, күйөөсү Валерий акыркы жылдары Биробижандын "шаардык уюмдарында" иштеген. Ал документ жүгүртүү жана картография менен алектенген. Ошентип, ал 2019-жылы аймактык кадастрга картограф болуп ишке орношкон. Качин мырза ошондой эле жер тилкелерин ченеген "Бирземпроект" аттуу компанияда жана, андан соң, шаардык көрүстөндө да иштеп, мында да ал жер ченөө менен алектенген.

Качин мырза мезгил-мезгили менен Москвадагы курулуштарга акча табуу үчүн иштегени келип-кетип жүргөн, деп эскерет Лебедев. Ал өзү Еврей автономиялуу облусунан борбор шаарга көчүп келип, досу Валерийди да өзүнө чакырган.

"Ал мага Москвага келип, 2022-жылы эки ай иштеди, баары жакшы, өзүн жакшы алып жүрдү, эч кандай одоно мүнөзү жок. Мен аны бригадир кылдым, инженердин иштерди жасап жүрдү. Анын акыл-эстүүлүгүн көрүп, бардык жетекчилик аны сыйлачу", – дейт Игорь Лебедев. Качин, анын айтымында, "өтө акылдуу" жана мындай адистер курулуш объектилерине дайыма керек, анын үстүнө инженерлер жетишсиз болуп жатышпайбы.

2020-жылдан баштап Качин мырза "Бастак" коругунун илимий бөлүмүндө кенже илимий кызматкер болуп иштеп калды. Ал жерде, кесиптеши Андрей Аверин айткандай, "кабинеттик жумуш" менен алектенген: ал керектүү жер документтерин каттап турчу. "Ал – кесипкөй жер ченегич, картограф, ошондуктан алар аны жумушка алышкан болчу. Адис, бирок макоо болчу", – деп Аверин аны сыпаттады.

Аверин Качиндин өтүнүчү боюнча ага коптерди (төрт дилдиректүү учуучу аспапты) башкарууну үйрөтмөкчү болду, бирок эч майнап чыкпады: "Жөнөкөй эле коптер көрүнгөн, бирок ал бул аспаптын кандай усулда иштетилиши керектигин беш-он жолу сурады, тигинисин айттым, мунусун да аңдаттым. Коптерди ага эки-үч ай бою берсем, аны эч бир жолу колдонбой койду".

Авериндин жоромолуна караганда, Качин мырза ЕврейАОнун ири өлчөмдүү карталарын кимдир-бирөөлөргө берип жатканда кармалышы ыктымал. "Мурда аз-маз урушуп, "ай-йай-йай" деп баш чайкап коюшмак, азыр аны Москвага алып кетишти, эми аны ал жактан бошотуп алыш – тозок ишке жатат ко", – дейт Аверин. Ал атүгүл ал ФСБнын жергиликтүү бөлүмүндөгү таанышынан Качиндин иши боюнча сурамжылоо жүргүзгөн, бирок алар Качиндин эмне үчүн кармалганын билишпейт экен: "Бизге Москвадан келип, алып кетип калышты, дешти", – деп Аверин кол жайды.

Качиндин кесиптеши Аверин: "Биробижандын сыртындагы биздин Еврей автономиялуу облусубуз жана ири калктуу конуштарыбыз украиндик Мариупол шаарынын айланасынын сыңарындай эле көрүнөт – бардыгын тең орус бийликтери талкалап салды. Ал чөлкөмдө кандайча аскердик сыр болушу мүмкүн? Баары жоктун баары эбак эле сатылып кеткен же жок кылынган", – деп айтты.

Аверин мырза ФСБны өз кесиптеши Качинди ЕАОнун инфратүзүмү боюнча жашыруун маалыматтарды чогулткан деп айыптап жатканына ал таң калган пикири менен бөлүштү: "Бул жакта бир гана Кытай менен эле чек ара бар. Кытайлар ансыз деле мындагы жайгашкан нерселердин баарын билишет. Чек арада, биздин аймакта кытай коптерлери ары-бери учуп жүрүшөт. Биздикилер аларга карата эч нерсе кыла алышпайт".

Аверин дагы Качиндин чындап эле Украинадагы согушка барууга беленденгендигинен күмөн санайт: "Ал кабинеттик эле бир киши – эки жылдай чогуу иштештик, аны болгону бир жолу токойго сейилге, корукта ичимдик ичүүгө алып барышкандыр. Анын кичинекей кызы бар. Бул (кылмыш) – ага окшобойт. Ал – миллиондогон карапайым кишилердин катарындагы эле бир оозун ачып жүргөн пенде".

Иш төөнөп, чыгарбай коюу

"Биринчи бөлүм" укук коргоо уюмунун адвокаты Евгений Смирновдун айтымында, күч органдарынын Москвада ишти козгоого даярданууга жана аны багыттоого үлгүрүшү үчүн ФСБ мамлекетке чыккынчылык кылды деп айыптоого камынган кишилерди оболу административдик камакка алуу керек. Смирнов мырза Орусиянын Грузия менен чек арасында кармалган Савелий Фроловду жактоо иши менен алектенет.

"[ФСБга] ага иш жамап, аны эч жакка чыгарбашы керек болчу. Аны атайын ТЕРАга жөнөтүп, документтерин бербей туруп, убактылуу бошотуп, анан аны эч жакка кетпеши үчүн кайра камап коюшту. Алар кандайдыр бир илик тапкан соң, иш козгоону чечкендерине чейин бир-эки апта өтөт эмеспи. Бул апталар бардыгын тымызын макулдашып алуулары үчүн аларга өтө зарыл убакыт болуп саналат", – деп Евгений Смирнов түшүндүрдү.

Адвокат Смирновдун айтымында, азыркы тапта бүткүл Орусияда – Фролов алынып келинген Владикавказдан тартып, мурдагы жарандык учкуч Игорь Покусин абакта жаткан Абаканга чейин, – ушундай шектенүү жолу менен (кээде жүргүнчүнүн сырткы көрүнүшү аларга шектүү көрүнсө деле) кармалышып, андан ары аларга карата мамлекеттик чыккынчылык доосуна байланыштуу козголгон иштер тергелип жатат.

Смирнов мырзанын айтымында, мамлекеттик чыккынчылык доосу боюнча жаңыдан кармалгандар – мындай доо коюлаардан алда канча мурдараак жөн гана администрациялык жазага байланыштуу кармалган кишилер.

Балким, ушундан уламбы, 2022-жылдын декабрь айына чейин аймактык ФСБ башкармалыктары тарабынан 275-берене боюнча "душман тарапка өтүүгө даярдык көрүү" доосу боюнча эч кандай иш козгогон эмес.

Бирок былтыркы жайдан бери ошол эле жасалма калыпка салып, орусиялык күч түзүмдөрү "тыңчылыкка" эч байланышпаган башка доо боюнча (Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесин) колдоно башташты. Бул беренеде айыптуу табылгандар эң көп дегенде 20 жылга абакка кесилиши күтүлөт. Ага ылайык, өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылган орусиялыктар Украина тарабында Орусияга каршы "согуштук аракеттерге катышууга ниет кылган" деп айыпталышууда.

2022-жылдын октябрынан бери Брянск жана Красноярск шаарларынын соттору ушундай өңүттө кеминде сегиз өкүм чыгарды. Бул иштердин мамлекетке чыккынчылык кылган делген кылмыш иштеринен эмнеси менен айырмаланганын түшүнүү мүмкүн эмес: "Окшош эле аракеттер үчүн кишиге 208-берене боюнча да, 275-берене боюнча да иш козгосо болот", – дейт адвокат Смирнов.

Анын оюнча, 2022-жылы ФСБ өзүнүн аймактык башкармалыктарына "душман тарапка өтүү" түрүндөгү чыккынчылык факттарын өз алдынча иликтөөгө уруксат берген, бирок, ошентсе да, чет өлкөгө мамлекеттик сырларды өткөргөн делген доо боюнча иштерди борборго өткөрүп алып жатат.

Ошол себептүү кылмышка шектүүлөрдүн айрымдары жергиликтүү ТЕРАда кармалса, башкалары аймактардан борбор калаанын Лефортово абагына алынып келинди. Маселен, Качин мырза Украинанын пайдасына тыңчылык кылган жана душман тарапка өтүүнү болжогон деп айыпталгандыктан, Москвага алынып келинди.

Жалпысынан 2022-жылы ФСБ мамлекетке чыккынчылык кылды деген доо боюнча 22 ишти ачкан. Бул – контрчалгындын басма сөз кызматынын баяндамаларынан же соттордун сайттарында жарыяланган маалыматтардан гана белгилүү болуп калган иштер. Бул беренеде каралган иштердин далайы жашыруун кызмат же сот тарабынан ачык айтылбай келет.

2023-жылы 2-февралда Москванын Лефортово райондук соту дагы бир кишини – С.Н.Пешковду мамлекетке чыккынчылык кылган деген доо менен тергөө абагына жөнөттү. Ал тууралуу башка эч нерсе, анын ичинде ал конкреттүү эмнеге айыпталып жатканы да, белгилүү эмес. Сот бул иш боюнча кошумча эч кандай маалымат бербей турганын билдирди. (TT)