Трамп Илон Масктын ыйгарым укуктарын чектей баштады

 Трамп

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

АКШ президенти Дональд Трамп министрлер кабинети менен жыйын өткөрүп, анда кадр саясаты боюнча акыркы сөздү DOGE жетекчиси Илон Маск эмес, федералдык ведомстволордун жетекчилери айтат деп билдирди. Бул тууралуу Reuters, Politico жана CNN бийликтеги ишенимдүү булактарына таянуу менен жазып чыгышты.

Трамптын федералдык мекемелердин жетекчилери менен жолугушуусу 90 мүнөткө созулуп, ага журналисттер киргизилген эмес. Бирок медиа агенттиктери андагы чиновниктерге шилтеме берип, маалымат таратууда.

Президент Трамп Илон Масктын федералдык өкмөттөгү кызматкерлердин санын жана чыгымдарын кыскартуу аракеттерин толугу менен колдой турганын айткан. Бирок Маск жетектеген Өкмөттүн натыйжалуулугун жогорулатуу департаменти кеңеш берүүчү гана ролду аткарышы керектигин Трамп билдирген. Бул маалыматты Reuters агенттиги жазды.

Илон Маск Трамптын бул буйругуна макул экенин ачык айтты. Politico жазгандай, Маск жетектеген бөлүм "бираз ката кетиргенин" мойнуна алган.

CNN агенттиги билдиргендей, бул окуя Масктын кеңири ыйгарым укуктарын чектөөгө аракет кылган алгачкы мисал болуп калды. Politico болсо "бул Масктын мандатын кыскартуудагы биринчи олуттуу кадам" деп жазды.

Ак үйдөгү жолугушуудан кийин Трамп Truth Social коомдук сайтка мамлекеттик кызматкерлердин санын кыскартуу идеясынан баш тартпай турганын, бирок мыкты иштеген кызматкерлерди сактап калуу маанилүү экенин жазды.

"Биз балтаны эмес, скальпелди колдонуу керек деп айтып жатабыз. Алар [кабинеттин мүчөлөрү], Илон, DOGE жана башка кыйын адамдар биргелешип, тарыхый ийгиликке жетише алышат", - деп жазды Трамп.

АКШ президентинин айтымында, жолугушуу абдан позитивдүү маанайда өттү. Трамп мындай жолугушууларды мамлекеттик кызматкерлердин саны пландалган чекке жеткенге чейин өткөрүп турарын убада кылды.

Маск

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Акыркы апталарда Трамптын администрациясы көп сандаган агенттиктин он миңдеген федералдык кызматкерлерин жумуштан бошотту.

АКШнын жаңы администрациясы кызматка киришкенден бери Билим берүү министрлигине, Чакан бизнести башкарууга (SBA), Керектөөчүлөрдүн финансылык коргоо бюросуна (CFPB), Жалпы кызматтар администрациясына (GSA), Почта кызматына (USPS) жана башкаларга толук жабыла турганы, кыскартуулар жана мөөнөтсүз эс алуулар жөнүндө билдирүү жөнөттү.

Федералдык судья жумуштан бошотуу же кыскартуулар боюнча иште мыйзам бузуу фактылары бар деген билдирүү тараткан эле.

Tesla жана SpaceX компаниясынын башкы директору Илон Маск өкмөттүк эффективдүүлүк департаментинин (DOGE) башчылыгына келген учурда мамлекеттик чыгымдарды кыскартуу, коррупция менен күрөшүү өзүнүн негизги милдети экенин айткан.

Февраль айынын аягында Масктын Кызматкерлерди башкаруу кеңсеси (Office of Personnel Management — OPM) мамлекеттик ведомстволордогу жана агенттиктердеги миллиондогон кызматкерге бир жумада өзүнүн аткарган иштери тууралуу отчет берүүнү суранып, кат жөнөткөн.

Кээ бир агенттиктер өзүнүн кызматкерлерине дароо эле бул талапка баш ийүү керектигин айткан. Ошол эле учурда АКШнын статегиялык маанилүү деп саналган мекемелери, анын ичинде ФБР, Мамлекеттик департамент жана Пентагон Илон Масктын талаптарын аткаруудан баш тарткан.