Amnesty International: 2022-жылы өлүм жазасына кесилгендер көп болду

Сүрөттүн булагы, AFP
Amnesty International уюмунун маалыматына караганда, 2022-жылы өлүм жазасына тартылгандардын саны акыркы беш жылдагы эң жогорку көрсөткүч болду. Анын негизги себеби катары Жакынкы Чыгыштын бир катар мамлекеттери өлүм жазасын көп колдоно баштаганын айтууга болот.
Аталган уюмдун жылдык отчетунда айтылгандай, 2022-жылы 20 өлкөдө жалпысынан 883 адам өлүм жазасына тартылган, бул мурунку жылга салыштырмалуу 53 пайызга көбөйгөн.
Бул өлүмдөрдүн 90 пайызы Иран, Сауд Арабия жана Египетке туура келет.
Жыл сайын миңдеген адам өлүм жазасына тартылат деп эсептелген Кытай статистикага кирген эмес. Себеби Кытайдагы өлүм жазасына тартылгандар тууралуу маалымат жашыруун болгондуктан, мындай статистиканы алуу, ага баа берүү мүмкүн эмес.
Amnesty International ошондой эле Түндүк Кореяда, Вьетнамда, Сирияда жана Ооганстанда өлүм жазасына кесилгендерди аныктай алды, бирок чогултулган маалыматтар бул өлкөлөрдө өлүм жазасына тартылгандар боюнча ишенимдүү статистика топтоо үчүн жетишсиз болгон.
Amnesty International уюмунун отчетуна ылайык, өлүм жазасына тартылгандардын саны негизинен Иран менен Сауд Арабиянын эсебинен көбөйгөн.
Баяндамада айтылгандай, Иранда 2021-жылдагы 314 киши өлүм өкүмүн алса, 2022-жылы 576 киши өлүм жазасына тартылган. 279 киши “адам өлтүрүү” беренеси боюнча, 255 адам маңзатка байланыштуу кылмышка аралашып, дагы 21 адам “зордуктоо” боюнча, 18 киши “Кудайга каршы кастык” беренеси боюнча өлүм жазасына кесилген. Дагы үч кишини белгисиз кылмыштар үчүн өлүм жазасына тартышкан.
“Кудайга каршы кастык” беренеси боюнча эки киши соттолгон. Алар сентябрда Ирандагы өкмөткө каршы демонстрацияларга чыгып, ошол жактан кармалган. БУУнун экспертинин айтымында, бул эки киши кыйноого алынган, айыптоо мажбурланып мойнуна илинген, “кыска жана ойдон чыгарылган сот процесстери” аркылуу өлүм жазасына тартылган.

Сүрөттүн булагы, Amnesty International
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Сауд Арабиясында өлүм жазасына тартылгандардын саны 2021-жылы 65 болсо, 2022-жылы 196га чейин үч эсеге көбөйгөн, бул өлкөдө акыркы отуз жылдагы Amnesty International кызматкерлери тарабынан катталган эң жогорку көрсөткүч.
85 киши терроризмге, 57 киши баңгизатка байланыштуу кылмыштары үчүн соттолгондон кийин өлүм жазасына кесилген, деп айтылат маалыматта. Баңгизатка байланыштуу кылмыштар үчүн өлүм жазасына тартуу 2020-жылдан бери киргизилген мораторийдин аягына чыкканын көрсөтүшү мүмкүн.
2022-жылдын март айында Сауд Арабиянын бийлиги бир убакта 81 кишини өлүм жазасына тарткан. Алардын кеминде кырк бири шиит азчылыгынын өкүлдөрү, анын ичинде эки адам өкмөткө каршы нааразылык акцияларына катышканы үчүн соттолгон.
Буга чейин Amnesty уюму Саудиянын сот бийлиги одоно түрдө мыйзамды бузуп, соттук териштирүүлөрдөн кийин адилетсиз өлүм өкүмдөрүн чыгарганын, анын ичинде кыйноолор, күнөөнү күч менен моюнга алдыруу учурлары катталганын айтып келген.
Египетте былтыр 24 киши өлүм жазасына тартылган. Бул 2021-жылга салыштырмалуу 71% аз, анда 83 өкүм аткарылган.
Amnesty ошондой эле Иракта (11), Кувейтте (7), Палестина аймактарында (5), Йеменде (4) жана Сирияда (белгисиз) кишилер өлүм жазасына тартылганы тууралуу кабарлады.
Amnesty International эл аралык уюмунун баш катчысы Аньес Калламар Жакынкы Чыгыш мамлекеттерин эл аралык мыйзамдарды бузуп, адам өмүрү менен эсептешпей, жашоого коркунуч жаратууда деп айыптады:
“Өкмөттөр жана БУУ адам укуктары одоно бузулуп жатканы үчүн жооптуу кишилерге кысымды күчөтүшү керек жана аларды токтотуу үчүн эл аралык механизмдерди болушун камсыз кылышы зарыл”.
Дүйнөнүн башка аймактары боюнча статистикага АКШ кирет, анда 18 адам өлүм жазасына тартылган (2021-жылы - 11). Коронавирус пандемиясы учурундагы эки жылдык тыныгуудан кийин маңзатка байланыштуу өлүм жазасы Сингапурда кайра кирип, 11 адам өлүм жазасына тартылды.
































