"Баарын жасайм, бирок фронтко барбайм”. Россияда мобилизациянын биринчи күнү кандай өттү?

Published

Аскердик тажрыйбасы жок аспиранттарга жана каршылык көрсөткөндөргө келген чакыруулар, 200 миң рублга чейин кымбаттаган билеттер, көз жаш жана эс алдыруучу дарылар – бул россиялыктарга мобилизация жарыяланган биринчи күнү орун алган нерселер болду.

21-сентябрда Санкт-Петербургдагы Смольный губернаторунун резиденциясынын жана "Россия" банкынын маңдайындагы "Таврический" бизнес борборунда иш күнү такыр эле башталбай жатты.

Офис кызматкерлери президенттин кайрылуусун көрүп жатышты, деп айтып берди Би-Би-Сиге ал бизнес борбордогу офистерде иштегендердин бири.

"Кандайдыр бир 80-жылдардагы sci fi фильмегидей болду", Путин бардык телевизор, монитордон көрүнүп жатты, кабинеттерде, өтмө бөлмөлөрдө, телефондордо анын үнү жаңырып жатты: "Чынын айтсам, коркунучтуу болду", - дейт 28 жаштагы Дмитрий.

Жарым-жартылай мобилизация жарыялангандан кийин офисте чаттар кызыды, эч ким жумушка көңүл бурган жок, дейт ал.

Дмитрий жумушунан суранып, түштөн кийин жакын жердеги Лиговская көчөсүнөн валюта сатып алды. Ал ага аскердик чакыруу келет деп корккон деле жок, себеби жазында батир алмаштырган, уруксаты жок акцияга катыштың деп мурунку батирине буга чейин полиция келген эле.  

"Азыр мен жакынкы рейс менен учуп кетип, жыйнаган акчамды коротсомбу же кечинде каршылык акциясына чыгып, анан полициядан качсамбы деген ой келип атат. Азыр абал жакшы деле эмес. Бирок менде Путин жеңилди дегендей сезим болуп жатат. Ал телевизордон Украинаны жеңгенге кубаты жок экенин моюнга албадыбы, эми ал фронтту орустардын жансыз денеси менен жапканы жатат", - деди ал.

Дмитрий банкта жүргөндө, Москвада 26 жаштагы Сергейдин ата-энеси баласына келген аскердик чакырууну эмне кыларын билбей турушту.

Аспирант жана ЖОЖдо окутуучу болуп иштеп келген алардын уулу шейшемби күнү тамак-аш буйруп, круьердин күтүп отурган. Бирок ага курьердин ордуна штаттык кийимчен эки адам келишти. Алар военкоматтан чакыруу алып келип, аны алдым деп кол койдуруп да алышкан. "Кол койдуруп, анан тапшырышкан. Эчтеке деп түшүндүрүшкөн да эмес. Башкысы кол койдуруп алышкан".

Гидродинамика боюнча адиске военкаматка пландоо жана мобилизациялык ресурстарды даярдоо бөлүмүнө аскерге чакыруу келди, Би-Би-Синин колуна ал чакыруунун көчүрмөсү тийди.

Чакыруу келген адам болгону 26 жаштагы окутуучу. Бирок ал студент кезинде аскердик кафедрада абадан коргоону жана ракеталык аткылоого каршы куралдарга каршы запастагы офицерлерди даярдоо программасын окуган.

"Ал кафедраны аяктагандан кийинки запастагы лейтенант болгон. Тажрыйбасы жок, -  деди анын өгөй атасы Би-Би-Сгиге тынчсыздануусун билдирип. – Эмне кылышты да билбейбиз. Буга чейин аскердик чакырууга барбай койсо, жазасы аз эле. Эми Кылмыш кодексине өзгөртүү кирип, такыр эле түшүнүксүз болуп калды".

 Сергейди баккан атасы мунай өндүргөн мамлекеттик компанияда иштейт. Ал журналисттер менен сүйлөшкөндөн кийин көп өтпөй жумушчу жетекчиси жазган маалыматты окуду. Анда кадрлар бөлүмү аскерге чакырууга барбай коюуга себеби бар кызматкерлер тууралуу эртеңден калбай маалымат берүүнү талап кылып жатканы айтылат.  

Сергейдин "зооту" бар, анын фамилиясы аскерге чакырууга жатпаган кызматкерлердин тизмесинде.

"Колу, бутун сындырып болсо да,СИЗОго түшсө дагы кыргынга барбоонун аракети"

Андай "зооту" жок россиялыктардын көбү кантип согушка барбай койсо болот ойлонуп атып күн өткөрүштү. Согуш алар күткөндөн жакын чыгып, аскерге барууга буга чейин кызмат өтөгөн эркектер да даяр эмес болуп чыкты.

Москвалык Вячеслав жана анын армияга барып келген көпчүлүк достору медкызматкер тааныштарын издеп, согушка барбай коюунун жол-жобосун издей башташты.

"Жиндикана жана наркодиспансер жакшырак жана арзан вариант катары көрүнүп жатат. Барбай коюунун жолун сатып алуу азыр коркунучтуу болуп калды".

"Бул жерде башкысы сени анан салып бербегидей, жүйө даярдап коюу керек. Мисалы, эгер машинаны чегип алып айдап баратып, кармалсаң анан анализ берсең, сенден айдоочулук күбөлүктү эле алып койбой, наркодиспансерге да көрүн дешет. Так айта албайм, бирок согушка андайларды алышпайт", - деп ой бөлүштү Вячеслав Би-Би-Сиге.

Анын тууганына аскерге чакыруу келди, башында домком аркылуу документ текшеримиш болуп  берип иели дешкен. Бирок ал катталган жерде апасы гана жашайт, чакырууну энесине беришкиси келген эмес. Ал чакырууда 19-23-сентябрда военкаматка келүү керектиги айтылат.  

"Тууганым аскердик тажрыбасы жок десантник, эми ал бекинип алып, эч ким менен сүйлөшпөй атат. Ал айтишник эмес, автомеханик, ал оңой ойт берип кете албайт эми. Эки баласы бар, бир анан үч жашта. Эмне кыларын билбей калды", - дейт Вячеслав

"Колу-бутумду сындырып, керек болсо абакта отурууга даярмын, бирок кыргызга баргым келбейт. Ошондуктан мен азыр тынчсызданбай эле турам. Аскерге чакырууну кийинкиге калтыра турган адамдарданмын, бирок эртеби-кечпи ал укугуман да ажырарымды жакшы түшүнүп турам", - дейт Калиниграддан дагы бирөө Би-Би-Сиге.

Эртең менен ал анын айрым досторун аскерге чакырып жатканын укту.

"Согуш башталган биринчи жумаларда паника баскан, бирок эми киши жегичтердин оюн билип калдык, кантип айла-амал кылса болот билип калдык. Планын болсо, белгисиздик анчалык коркутпайт. Сарсанаа болуп өзүнө, аялыңа, кызыңа жардам бере албасың да. Андан башка деле ойлончу нерсе көп", - дейт ал.

Би-Би-Сиге күн ичи Россиянын ар кайсы бурчунан жазып жатышты. Көп адамдар жумушунда алардан кокусунан аскердик билеттеринин көчүрмөсүн жана башка маалыматтарды сурашканын айтып беришти. Айрым уюмдарда аскердик чакырууга бара турган адамдардын тизмесин да сурашкан.  

Би-Би-Сиде кеминде мындай мазмундагы Башкирия жана Подмосковьеден келген үч кат бар. Алардын баары 20-сентябрда келген, демек Путин мобилизация тууралуу жарыя кыла электе келген десе болот.

Ал каттардын биринде асердик-эсеп адистиктердин коддору берилип, военкоматка ким көбүрөк керек баамдаса болот. Мындай коддо мамлекеттик сырга кирет, андыктан Би-Би-Си аларды жарыялай албайт. Октябрьский шаарына келген аскердик чакырууда деп айтылат: "бул катты аларыңар менен запастагы жарандард иш-сапар жана эс алууга жөнөтпөгүлө".

Аскерден чакыруу күткөн көпчүлүк эркектер жакында алардын астында тандоо келерин түшүнүштү. Түрмө же согушка барууга туура келет.

"Кечээ терапияда жакында орун алышы мүмкүн ушул кырдаалды талкууладык. Андыктан денебизди болушунча көпкө сактоо чечимине келдик. Эң жакшы вариант бул – мобилизацияга баш ийбей түрмөгө баруу экен. Навальныйдын мисалын карап, Россиядагы кыйноолордун бай тарыхына үңүлсөк деле бөтөлкөгө отуруп каза болуу мүмкүнчүлүгү чекеге ок жепк аза тапкандан азыраак экен. Эмне кылсам да, фронтко барбайм".

Шаршембиден тарта түрмөдө отурган россиялыктардын акыбалына көз артканга чейин баргандар болду. 28 жаштагы Яна абактагы күйөөсү менен мобилизацияны тууралуу сүйлөштү.

"Сеть" аттуу анархист жана антифашисттерди уюштуруу үчүн кесилген анын жолдошу Карелиядан чалды. Яна болсо цензорлор алардын телефондук сүйлөшүүсүн бат бүтүрүп салбасын деп сөзүн ылгап жатты.

"Болбосо жазында согушту талкууладыңар деп сүйлөштүрбөй коюшкан. Анан биз айласыздан "Биздин урматтуу президент Мариуполду бошотту" деген стилде сүйлөшкөнбүз".

Эми болсо алар ачык сүйлөшүштү. Мен эми ал согушта каза таппайт, багың бар экен деп тамашаладым . колониялан дагы мажбурлап согушка алып бара башташса, террорист дегендерди согушка албайт. Анын достору да кетип калышкан, эми аларды дагы согушка жөнөтө албай калышты".

Аскердик чакырууну албай калуунун эң ишенимдүү жолу – бул бир күн мурда сыртка чыгып кетүү болду. Бирок андай мүмкүнчүлүк барында эле болгон жок. Мобилизизация жарыяланганы билеттер баасы эки эсеге өстү.

Москвадан визасыз тикелей рейстер Стамбул, Ереван жана Бакуга билеттер бат эле түгөнүп калды.

Эми Стамбул 85 миңге, Ереванга 103 миң сомго кетүү мүмкүн болуп калды.  

Кечке карай аскерге чакырыла турган курактагыларды Россиядан чыгарууга бөгөт коюу тууралуу коркунучтардын негизи бар экени анык болуп калды. ММК Курск облусунун башкы аскерий комиссары Владимир Родионовдун сөзүн цитата келтирип, ал 21-сентябрдан тарта запастагы жарандарга аймактан чыгууга тыюу салынат деген. EK