Тарых музейинде талкаланган табериктердин "табышмагы"

Published

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Дүйнөдөгү айрым өлкөлөр сыртка чыгарылып кеткен тарыхый артефакт, экспонаттарын кайтаруу менен алек болуп жатканда Кыргызстанда аларга мамиле кандай?  

Кыргыз тарыхчылары соңку жылдары Улуттук тарых музейинин баалуу экспонаттары жоголуп же күйүп жок болуп кетип жатканына коңгуроо кагышууда.

Мындан тышкары,  айрым россиялык археологдор Кыргызстанда тапкан табылгаларын өлкөгө таштабай, сыртка алып кетип жаткандыгы тууралуу да маалыматтар бар.  

Бишкектин чок ортосундагы Улуттук тарых музейи көп жылдар бою негизинен туристтер баш баккан маданий борбор болуп келди. Жергиликтүү тургундар анча көп жабыла кире бербегени менен бул музейде ары баалуу, ары тарыхый мааниси бар сейрек экспонаттар бар.

2016-жылы музей ремонтко жабылып, андан кийин анын ичинде эмне болуп жатканы коомчулукка бүдөмүк болуп жатты.

Жабык турган беш жыл ичинде музейди бир жолу табышмактуу өрт да чалды.

“Бери дегенде эле бүгүнкү күнү миңден ашык экспонат ал жакта жок. Кайда кетти, ким алып кетти? Эмне болуп жоголду? Ошол боюнча бүгүнкү күнгө чейин толук маалымат жок. Акыркы жолу 2017-жылы музейди ремонт кылып жаткан мезгилде өрт болгон. Анда атайын күйдүрүүчү зат пайдаланылып, өрттөлгөн деген өрт өчүрүү кызматынын жыйынтыгы турат”, - дейт тарыхчы Кыяс Молдокасымов.

Андагы музейдеги өрттүн иликтөөсү эмне менен бүткөнү коомчулукка белгисиз. Ал гана эмес, ал кырсыкта канча экспонат жабыркаганы тууралуу да расмий маалымат жок.

Бирок былтыр тарых музейинин жер төлөсүн тазалап жатышып, музейдин кызматкерлери жарым-жартылай күйгөн жүздөгөн буюмдарды таап алышкан. Андагы музей жетекчилиги бул тууралуу Маданият министрлигине эки жолу кат да жолдогон.

Тарых музейинин мурунку директору Кеңешбек Алмакүчүков бул тууралуу Би-Би-Сиге буларды айтып берген.

“Тергөө иштери боюнча бир да даана экспонат бузулган жок, жоголгон жок  деп турса дагы, чарбалык териштирүү иштерин жүргүзгөндө башкача болуп аныкталды. Ошол өрт учурунда көп эле экспонаттар жабыркаган. Анысы чыгып калды. Аныкталып калды”.

Музейдин жер төлөсүндө өрттөн чети-башы күйгөн килем жана ала кийизден тышкары жети куту документ да табылган. Алар революцияга чейинки жана совет өкмөтү маалындагы китеп, сүрөт, басылмалар жана башка баалуу документтер болгон.

Ошону менен жалпысынан ал өрттө 2 миң 215 даана экспонат бузулуп же жок болгону айтылат. Ошол тушта музейди жетектеп, шалаакылык кылды деп сынга кабылган мурдагы директор Анара Исиралиева учурунда өрт олуттуу зыян деле келтирбегенин Би-Би-Сиге айтып берген эле.

“Боз үйдүн кийизи күйүп, ошол жактан түтүн чыгыптыр. Андан креслолорго өткөн, килемчелер күйгөн. Түтүн алдына кете берген. Бардык баалуу эскпонаттар чыгарылып, башка жерде сакталып жаткан. Аларды бүгүн алып келип, сырткы ороосун ачып журналисттерге көрсөттүм”, - деп ишендирген Исиралиева.

"2021-жылдын июль айында "Ала-Тоо" аянтынын алдында жайгашкан жертөлөнү ирээтке келтирүү иштерин жүргүзгөнбүз. Музей оңдоп-түзөө иштерине жабылганда музейден чыккан эски буюмдар, эмеректер жертөлөгө чыгарылган экен. Жертөлөдө нымдуулук жогору болгондуктан алардын бардыгы көгөрүп, жараксыз болуп калган. 2016-жылдын июль айында музейде чыккан өрттөн жабыркаган буюмдардын калдыктары да жертөлөгө киргизилген экен. Алгач кийиз буюмдарынын калдыктарын иргеп, алардын каттоо номерлерин, музей фондуна тиешелүүлүгүн аныктоого аракет кылдык. Көпчүлүк буюмдардын каттоо номерлери күйүп кеткен. Ошентсе да тиешелүү фонддун сактоочулары өздөрү жооптуу болгон буюмдарды жакшы билгендиктен, буюмдардын кайсы фондго тиешелүү экендигин билдиришти. Көпчүлүк материалдардын өрттөн жабыркаган жерлери кыркылып,кесилип, тазаланган экен",- деди Би-Би-Сиге аталган музейдин мурунку кызматкери Гүлбара Абдыкалыкова.

Бирок өрттү эсепке албаганда деле, Тарых музейиндеги  ага чейинки экспонаттарга болгон мамиле да суроо жаратпай койбойт.

Кезинде археолог Юрий Баруздин Баткендин Мактым-Гөр аймагынан таап, тарых музейине өткөрүп берген мумия аялдын денеси буга таамай мисал боло алат.  

 2017-жылы ошол кездеги маданият министри Түгөлбай Казаковдун демилгеси менен биздин замандын I – V кылымына таандык мумия табылган жерине кайра көмүлгөн.

Кийин илимпоздор мумияны көмүүдө эрежелер одоно бузулганына, чечим кабыл алууга бүбү-бакшылардын гана кайрылуусу негиз болгонуна нааразылык билдиришкен.

Бирок Түгөлбай Казаковдун азыркыга чейинки башкы жүйөөсү - мумия бузулуп бара жаткан. Бирок аны тастыктаган эксперттик комиссиянын корутундусу болгон эмес. Ал тургай көмүлөр алдында мумиянын абалы фото-видеого  да тартылып, акт да түзүлгөн эмес.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев дагы мумиянын көмүлүшүн айыптап, бул жерде диний түшүнүктөрдөн улам натуура иш болуп калганын айтканы бар:

“Бул негизи чоң эле ката болгон. Өзүн калп эле мусулманмын дегендер пайгамбардын сөзүн унутуп жатат да. Мухаммед пайгамбар бизге насааттарын айткан. Эң күчтүү насааттарынын бири билимге бир саат берсең, түнү менен намаз окуганга барабар. Билимге бир күн берсең үч ай орозо кармабай койсоң болот деген сөздөрүнөн өтүп, бакшылардын сөзүн угуп, билбейм, кандай мындай болуп кетти. Мен, албетте, кайгырып жатам, бул туура эмес нерсе. Абдан натуура болгон”.

Мурдагы президенттин тушунда музейди оңдоп-түзөө жана жаңылоодо коррупция болгон деп кылмыш иши козголгон.

Анын жыйынтыгында Атамбаевдин жакын тарапкери, премьер-министр Сапар Исаков баштаган бир катар мамлекеттик кызматкерлерге да айып коюлган эле.

Тарыхчылар коңгуроо кагып жаткан дагы бир маанилүү жагдай, соңку кезде Кыргызстан аймагында Тарых музейине жетпей эле, жапайычылык менен казылып, сыртка контрабандалык жол менен ташылып жаткан тарыхый-маданий артефакттардын дареги чыгууда.

“Бүгүнкү күнү биздин эчендеген экспонатка коюла турган тарыхый буюмдарыбызды ташып кетип аткандарын билебиз. Ошондой эле мурдагы союз учурунда, падышалык доордо, ошол мезгилде бизден чыккан буюмдардын бир тобу Ленинград жана башка жактарга ташылып кеткен. Мына Санкт-Петербургда “Кунсткамерада” бизден кеткен буюмдар чыгып жатат. Ошолорду кайтарып алуу боюнча бизде да демилгелер көтөрүлүп жатат. Кийин деле Россиядан келген бир нече археологдор табылган баалуу, алтындан жасалган буюмдарды да бизге калтырбай ар жакка ташып кетип аткандагысы да өтө өкүнүчтүү”, -дейт тарыхчы Кыяс Молдокасымов.

Беш жылдан бери жабык турган Тарых музейи оңдоп-түзөөдөн кийин былтыр гана көрүчүүлөргө кайрадан эшигин ачты.

“Музей дээрлик 70% жаңыланып, жаңы экспонаттар жана заманбап мултимедиалык жабдуулар менен толукталды. Анда байыркы таш доорунан баштап Кыргызстандын азыркы күнүнө чейинки тарыхын чагылдырган экспонаттар коюлду. Музейде байыркы палеолит доорунан берки жалпы экспонаттардын саны 106 миңге чамалайт. Мисалы, мурда таш доорунда табылган эки гана артефакт көрсөтүлсө, учурда Кыргызстандын 20-30 аймагынан табылган эстеликтер коюлган”, -деди Улуттук тарых музейинин жетекчиси  Жылдыз Бакашова.

Учурда музейде эң эле баалуу экспонаттар деп Чүй өрөөнүндөгү I-V кылымдагы Шамшы көрүстөнүнөн табылган алтындан жасалган аялдын көркөм буюмдарын атоого болот.

Андан кийин эле эзелки көчмөндөр доорунда жасалган полихромдон жасалган жасалгалардын да өзгөчө орду бар.

Ал эми алтын фольгадан жасалган беткабы Тарых музейинин эле эмес, жалпы эле кыргыз бренди болот деген ишеним бар. Ал элдердин "Улуу көч дооруна" таандык деп саналат.

Ал ортодо күйүп кеткен экспонаттарга ким жооптуу жана аларга эмнеге чара көрүлбөй жатат деген суроо жоопсуз калгандай. Жумушчу топ 2016-жылкы өрттө күйдү, талкаланды деген экспонаттардын тизмесин түзүп, баарын Маданият министрлигинин тиешелүү бөлүмүнө өткөрүп беришкен. Бирок ал тууралуу агын ак, көгүн көк деп чечим кабыл албай келе жатат дешет. Министрдин орун басары сентябрь айында буга кенен жооп беребиз деп жатат.