Тарых музейи качан ачылат?

    • Author, Элеонора Сагындык кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
  • Published

Кыргызстан германиялык REIER компаниясына болгон 225 миң евро карызынан кутулмайынча, Тарых музейи ачылбайт өңдүү. Кыргыз өкмөтү карызды эмненин эсебинен төлөйт, ал да белгисиз.

Музейдеги коррупция боюнча сот отурумунда бүгүн күбөлөр көрсөтмө берип, жаңы жагдайлар ачыктала баштады.

"Музей жабык"

Бишкектин чок ортосунда жайгашкан Тарых музейинин жабык турганына 3,5 жылдан ашты. Башында ал оңдоп - түзөө иштерине жабылган эле. Жаңыланган музей былтыр эле эшигин ачмак. Бирок оңдоп түзөө иштеринде миллиондогон акчалар желди делип, кылмыш иши ачылып, музейди ачуу иши создугуп кетти.

"Музей азыр жабык. Маданият министрлигине кайрылсаңыздар. Алардан буйрук чыгармайынча биз ача албайбыз", -деди Тарых музейинин директору Кеңешбек Алмакүчүков. Ал биздин алдыбыздан, музейдеги коррупция боюнча келген Баш прокуратура өкүлүн сыртка узатып бара жатып чыгып калды.

Тарых музейи учурда катуу кайтарууда экени да белгилүү болду. Анын бир гана кызматтык эшиги иштеп, анын оозунда да милиция кызматкерлери күзөттө турат.

"Билесиздер да, Vitrinen-und Glasbau REIER GmbH деген немис компаниясына биздин карызыбыз бар. Ал компанияга музейге эмерек, экспонаттарды койгон. Эми музейде баары электрондуу болуп калды да. Ал эми алардын программаларынын ачкычтары ошолордо. Акчасы төлөнгөндөн кийин берет, анан биз ачабыз", -деди маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Би-Би-Сиге.

Өкмөт немис жеке менчик компаниясына болгон карыз эмне эсебинен жабылат, дегеле төлөнөбү, расмий түшүндүрмө бере элек.

Уурдалган миллиондор

Учурда иш сотто каралып, бүгүнкү отурумда музейдин кызматкери, башкы сактоочу Нурхат Иманкулова көрсөтмө берди. Ал музейди жаңылоодо президенттик аппараттын мурдагы кызмат адамдары түздөн түз кийлигишип келгенин, кесипкөй адистердин пикири эч эске алынбаганын айтты.

Иманкулова Кыргызстан азыр карыз болуп жаткан немис компаниясы өзүнө алган милдеттенмелерди толук аткарган жок, деди:

"Биздин концепциянын 90% ишке ашпай калган. Концепцияда ар кайсы темада барельеф, макет жана инсталляциялар бар болчу. Мисалы, енисей кыргыздары деген жерде биздин эзамандын 751 жылдагы кармаштын диорамасы болушу керек эле. Кыргыз мамлекетин түптөгөндөр деген бөлүмдө Жусуп Абдрахманов Баялы Исакеев отуруп алып талкуу кылып жатканын чагылдырган барельефи болушу керек эле. Азыр кафетерий кылып коюшту, музейдин ошол жеринде кыргыз элинин жаралуу картасы турушу керек эле. Анын баары аткарылган жок".

Тарых музейин жаңылоо 2016-жылы башталып, ремонт иштерине кеткен каражатты Түркиянын кызматташтык жана координациялоо агенттиги көтөргөн.

Ал эми оңдоп-түзөө иштеринин экинчи этабы толук мамлекеттик казынадан жүргөн.

Алдын ала ага 1 миллиард 569,4 миллион сом чыгымдалганы айтылып жатат. Анын 700 миллион сому куруу жана монтаж иштерине, ал эми 869 миллион сому - экспонаттар жана жабдыктар менен камсыздаган Vitrinen-und Glasbau REIER GmbH компаниясына кеткен.

Коррупциялык жаңжал

Тарых музейиндеги коррупция ачыкка чыкканына бир жыл болуп калды. Коопсуздук Кеңеши музейди оңдоп-түзөөдөн мамлекеттик бюджет миллиондогон зыян тартканын билдирген.

"Аудитордук текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча 118 миллион сомго тете бюджеттик акча максатсыз колдонулганы такталды. Кийинчерээк Эсеп палатасы кызмат көрсөтүүлөр баасы жогору баада көрсөтүлгөндүктөн дагы 47 миллион сом ортодо уурдалганын аныктады. Бул курулуш иштери боюнча келтирилген чыгымдар эсеби гана. Ал эми музейге деп экспонатттарды сатып алуу боюнча тактоолор дагы деле жүрүп жатат", - деген эле буга чейин Коопсуздук Кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев.

Оппозициялык "Ата Мекен" фракциясы музейди оңдоп-түзөө учурунда миллиондогон акчалар уурдалып кетти деп чуу көтөргөндөн кийин, Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон эле.

Учурда музейди реконструкциялоо үчүн кеткен чыгымдар гана эсептелип бүттү, аны жаңылоодо сатылып алынган экспонаттардын жөнү бар беле, эсеби чыга элек.

Музейди оңдоп түзөө ишинде мурдагы премьер-министр Сапар Исаков, президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаева айыпталууда. Сапар Исаков муну саясий иш деп атап келатат.

Тарых музейиндеги жиги жок миллиондор - Бишкек ЖЭБден кийин эле коомчулукту үч көтөргөн коррупциялык жаңжал болуп калды.