Музейдеги коррупция: кылмыш бар, фигуранттар жок

    • Author, Элеонора Сагындык кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
  • Published

Парламенттеги оппозициялык "Ата Мекен" фракциясы баш прокуратура жана УКМКга бир ай ичинде Тарых музейин жаңылоодо аныкталган коррупциялык иштин фигуранттарын табуу талабын койду.

Ошондой эле музейди реконструкциялоодо жоголду делип жаткан 14 миң чарчы метр гранит жана төрт миң чарчы метр көлөмүндөгү мрамордун дарегин табууну буйруду.

Кылмыш бар, бирок фигуранттары жок

Фракция жыйынына келген УКМК алдындагы Коррупцияга каршы кызматынын төрага орун басары Талантбек Кожонов Тарых музейине байланыштуу ачылган кылмыш иши боюнча тергөө амалдары 13-октябрга чейин созуларын билдирди.

"Турак жай, жарандык курулуш департаментинин кызмат адамдарынын, СМУ-3 ЖЧКУсунун жетекчилеринин мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында 118 миллион 215 миң 200 сом бюджеттик акча каражаттары мыйзамсыз пайдаланганы аныкталды. Бул фактылар боюнча баш прокуратура Кылмыш кодексинин 189, 304, 306, 308, 221 - беренелеринде көрсөтүлгөн кылмыштардын белгилери менен кылмыш иши козголуп, тергөөсү УКМКга тапшырылган. Эсеп палатасы тарабынан жүргүзүлуп жаткан аудит аяктай элек", - деди Талантбек Кожонов.

Коррупцияга каршы кызматынын төрага орун басары музейди жаңылоодо чыгымдар ашыра көрсөтүлүп, Германиядан музейдин концепциясына туура келбеген экспонаттар сатылып алынганы аныкталганын айтты.

Алалы, музейдин ичиндеги кафетерий үчүн алынган кадимки бир отургучтун баасы 147 миң 413 сом деп көрсөтүлүп, кофе кайнатуучу жабдык 147 миң сомго бааланган.

Экспонат катары Германиядан алынган эки аттын бирөөсүнүн баасы 28 миң долларды чапчыган.

Фракция мүчөлөрү кылмыш иши ачылганына эки ай өтсө да, күнөөлүү адамдар аныкталбай, айып эч кимге коюла электигине нааразы болушту.

УКМК өкүлдөрү тергөө жүрүп жатканын, анын жыйынтыгында тийиштүү адамдарга айып коюларын айтышты.

Гранит кайда, мрамор кайда?

"Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов Тарых музейин жаңылоодо демонтаждалган 14 миң чарчы метр гранит жана төрт миң мрамор кайда экени тууралуу териштирүү болуп жатабы деген суроо койду:

"Бул гранит менен мраморлор жөн эле гранит, мрамор эмес. Бул Кыргызстан эгемендикке чыкканы, ушул Ала-Тоо аянтында болгон саясий процестердин баарына күбө болгон. 2005 жана 2010-жылы ошолордун үстүнө кан төгүлгөн. Ошол кан төгүлгөн мраморлорго кимдин колу, ниети ошого барды? Кайда кетти?"

Архитектура, курулуш жана турак жай - коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчилиги демонтаж учурунда алынган баалуу таштар "Кыргызтелеком", Бишкектеги Онкологиялык оорукананын ремонт иштерине жумшалганын, бир бөлүгү музейдин өзүнө төшөлгөнүн, калганы СМУ-3 курулуш компаниясынын сактоосунда экенин жооп кылышты.

Буга анча ынабаган фракция тергөө алкагында бул иштин да териштирилишин талап кылып, баш прокуратурага баалуу таштар кайда экенин текшерип чыгууну буйруду.

Табышмактуу СМУ-3

Тарых музейин жаңылоодогу башкы подрядчик курулуш уюму - СМУ-3 дагы "Ата Мекен" фракциясынын бүгүнкү жыйынын башкы темасы болду.

Шектүү жагдайда сынак менен тандалып алынып, эч кандай техникалык-экономикалык негиздемеси жок иш баштап, чоң суммада акчалар менен иш алып барууга укук алган бул уюм кимдики жана ал кимдин кызыкчылыгында иштегени боюнча суролор көтөрүлдү.

"Мен интернетте бул СМУ-3 деген эмне деген уюм экени тууралуу маалымат издедим. Эмне назарыма илинди. Ири объектилерди куруптур: ипподромду курган СМУ-3 экен, улуттук тарыхый музейин да куруптур, Ала-Тоо конушунда №82 мектепти да ушу СМУ-3 куруптур. Бирок ал мектеп курулуп бүткөндөн үч жыл өтпөй полу түшүп калган. Бирок ушундай нерселердин фонунда 2016-жылы бул ЖЧКУнун директору Мендеев ошол убактагы президент Алмазбек Атамбаевден ардак грамотасын алыптыр", -деди депутат Наталья Никитенко.

Курулуш, реконструкция иштерин баштоо алдында өкмөттү, Жогорку Кеңешти кыйгап өткөн чечимдер кабыл алынып, мурунку президенттик аппараттын түздөн жетегинде иш алып барылганы айтылып, айрымдарынын ысымдары депутаттардан тарабынан кайра-кайра айтылып жатты.

Ошентип фракция бүгүнкү жыйында айтылгандар боюнча бир айлык мөөнөт берип, СМУ-3 курулуш ишканасы, жоголду делип жаткан гранит-мраморду таап жана коррупциялык схемадагы фигуранттарды аныктап, айыптарды кою тапшырмасын баш прокутура менен УКМКга жүктөдү.

Жалпысынан музейди жаңылоого 1,5 миллиард сомдон ашык бюджеттен акча бөлүнүп, учурда анын 118 миллиону ортодо жөн эле желип кеткени такталды.