You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Симонян Сибирде атом бомба жардырууну сунуштады. Эл эмне дейт?
RT каналынын башкы редактору, орусиялык негизги пропагандачылардын бири Маргарита Симонян дүйнөнү байланыш каражаттарысыз калтыруу жана жер орбитасында бардык спутниктерди иштен чыгаруу үчүн Сибирдин асманында өзөктүк бомба жардырууну сунуштады.
Физиктер чындыгында Симонян сунуш кылган нерсе байланышсыз калгандан да, башка кесепеттерге алып келип, анын ичинде Сибирдин калкы үчүн коркунуч туудурмак, деп баса белгилешет.
Орусия Украинага кол салгандан бери, бул жаңжалдагы бардык тараптар Москванын өзөктүк курал колдонушу мүмкүн экенин айтып жатышат. Ал эми орус пропагандасы бирде андай сокку урууга чакырып, бирде ал “коопсуз” деген окуялар менен аудиторияны тынчтандырып келет.
Маргарита Симонян эмнени сунуштады?
Симоняндын бул күтүүсүз сунушу анын программаларынын биринин акыркы чыгарылышында айтылды. Пропагандисттин айтымында, бул ойду ага кимдир бирөө айткан. Сөзмө-сөз айтканда, монологдун ошол фрагменти мындайча болду: “Мында бир акылдуу адам мага мен билбеген жана ойлобогон нерсени айтып берди. Эгерде биз жүздөгөн километрдик аянтта, өзүбүздүн аймагыбызда, Сибирдин үстүнөн термоядролук жардыруу жасасак, жер үчүн коркунучтуу эч нерсе болбойт”.
Симонян “акылдуу адамдын” сөзүнөн “бардык радиоэлектроника, бардык спутниктер, мени азыр тартып жаткан бул камера, жанымдагы телефон, баары иштен чыкмак ... Анан биз 1993-жылдагы зымдуу телефондорго, таксофондорго кайтмакпыз” деген тыянакка келген.
"Мен мындай демекмин: биз ал кезде сонун эле жашабадык беле, андай болсо мен сүйүнмөкмүн.” - деп улантты ал. Ошол эле учурда, бул анын ою боюнча, Орусия согушуп жаткан “жалпы Батышты” да жазаламак.
Маргарита Симонян формалдуу түрдө мамлекеттик кызматтарды ээлебейт жана анын жумушу өзөктүк соккулар боюнча чечим кабыл алуудан алыс, бирок анын сөздөрү бул жолу байкаларлык резонанс жараткан.
Симоняндын идеясы бийлик өкүлдөрүнүн кандай реакциясын жаратты?
Орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков RTнын башкы редактору орус бийлигинде иштебей турганын жана Кремлдин расмий позициясын чагылдырбасын билдирди.
Андай бомба жарылса кыйроо аймагына туш келүү коркунучу бар Новосибирск шаарынын мэри Анатолий Локоть Симонянга окумуштуу катары каршы пикирин айтууга аракет кылды: “Мен, физик катары комментарий берип койсом. Жердеги термоядролук жардырууларда эч бир жакшы нерсе жок. Анын кесепеттери жүздөгөн жылдарга эмес, миңдеген жылдарга таасир этиши мүмкүн. Анткени туруксуз элементтер пайда болот, алардын жарым ажыроо мезгили жүздөгөн жылдарды, кээ бирлериники миңдеген жылдарды түзөт. Жер үстүндөгү термоядролук сыноолор жана термоядролук энергияны, ядролук энергияны чыгаруу менен байланышкан ар кандай жарылуулар маселесине өтө жоопкерчиликтүү мамиле кылуу керек”.
Мамлекеттик Думанын Алтай аймагынан шайланган депутаты Мария Прусакова (КПРФ) Симоняндын сунушун жеке кемсинтүү катары баалады. "Мен сизге өзүңүз түшүнбөгөн маселелерди коомдук жайда эмес, ашканада талкуулоону катуу сунуштайм", - деди ал Симонянга видео кайрылуусунда.
Москва шаардык думасынын депутаттарынын биринин жардамчысы Николай Королев өзүнүн социалдык түйүндөрүндө Симоняндын сөздөрүн текшерүү өтүнүчү менен укук коргоо органдарына кайрылганын билдирди. "Мындай билдирүүлөр Россия Федерациясынын мыйзамдарын бузуу болуп саналат, бул билдирүүлөр абсурд жана жапайычылык", - деп жазган ал. Бирок, ошол эле кезде RT жетекчисинин юридикалык жоопкерчиликке тартылышы күмөн экенин белгилеген
Физиктер эмне дешет?
Радиоактивдүү калдыктардын коопсуздугу программасынын физик-инженери Андрей Ожаровский RTVi каналына Сибирдин үстүндөгү термоядролук жарылуу Америка менен Европанын электроникасын жок кылбайт, бирок экологиялык кесепеттер (катастрофалык болбосо да) эбегейсиз чоң аймакта сезилерин айтты.
"Менин оюмча, андай жардыруу эч кимди коркута албайт, болгону андан жүз километр радиуста турган спутниктер жабыркашы мүмкүн, башка эч нерсеге чоң зыян келтирилбейт", - деди окумуштуу. Ожаровский түшүндүргөндөй, биринчи кезекте корголбогон техника гана жабыркайт - башкача айтканда, күнүмдүк тиричиликтеги электр каражаттары, унаа стартерлери, уюлдук телефондор жана компьютерлер зыянга учурайт.
“Бардык аскердик электроника өзөктүк жарылуудан кийин да иштөөгө ылайыкталган. Аларда сактагычтар бар, электромагниттик импульс пайда болгондо, жөн гана электр чынжырлары ажырап калат”, - деп белгиледи окумуштуу.
Андрей Ожаровскийдин айтымында, өзөктүк бомба космосто жардырылса да, Жердеги радиоактивдүү булгануу атмосферадагыдай чоң болбойт, бирок мындай жарылуунун терс кесепеттеринен эбегейсиз чоң аймак жабыркайт. "Радиоактивдүү булгануу болот, бирок ал кеңири аймакка жайылып, концентрациялары анчалык деле чоң болбойт", - деп белгиледи окумуштуу.
Новосибирсктик физик, Новосибирск мамлекеттик техникалык университетинин доценти Валерий Христофоров НГС басылмасына берген маегинде Симоняндын сунушу эбегейсиз зор күчтүн жарылуусуна тиешелүү экенин белгилейт, анткени сөз бир эле учурда эки бомбаны жардыруу жөнүндө болуп жатат: биринчи атомдук бомба жарылып, ал суутек бомбасынын жарылуусуна алып келет. Мындай жарылуу бийиктикте болгон күндө да, радиациялык булгануудан сактануу мүмкүн эмес.
“Ошону менен бирге радиоактивдүү жаан атмосферада жылып отуруп, акыры жамгыр менен кошо жерге түшөт, ал чаң бардык адамдардын башына жаайт”, - деди физик басылмага берген маегинде. Ошол эле учурда ал радиоактивдүү жарылуулар кайда түшөөрүн алдын ала айтуу мүмкүн эмес экенин баса белгиледи.
Орусия Илимдер Академиясынын Сибир бөлүмүнүн Ядролук физика институту да NGSке берген маегинде мындай жарылуудан радиоактивдүү булганууну болбой койбойт деп белгиледи. Окумуштуулар миллиондогон адамдар өлүшү мүмкүн деп эсептешет. "Баары жарылуу күчүнөн көз каранды, бирок учурдагы жарылуу күчү менен - бул жергиликтүү экологиялык кырсык гана болот. Радиация бүт жер жүзүнө жайылып, жаан-чачын менен башка аймакка же бөтөн өлкөгө түшүшү мүмкүн - бул бардык жерде пайда болушу ыктымал болгон кесепеттер. Катастрофалык кесепеттер жеринде гана болот,” - деп белгилешти өзөктүк физика институтунун окумуштуулары басылмага берген комментарийинде.
Орус бийликтери өзөктүк куралды кантип жарнамалап жатат
2018-жылы Орусиянын президенти Владимир Путин Орусиянын аймагына кол салууга жооп катары Орусия өзөктүк курал колдонушу мүмкүн экенин айткан. Дал ошондо ал: “Биз, агрессиянын курмандыктары катары, биз, шейит катары, бейишке чыгабыз, алар жөн эле өлүп калышат” деген сөздөрдү айткан. Андан соң бул билдирүү социалдык тармактарда какшыктын жана тамашанын толкунун жаратты.
Бирок, Путин 2022-жылы Украинага басып киргенин жарыялагандан кийин өзөктүк талкуу башка мааниге ээ болду. Орус президенти согуштун алгачкы күндөрүндө эле дүйнөнү өзөктүк курал менен коркутуп, жаңжалга кийлигишпөөнү эскерте баштады.
Би-Би-Синин Мониторинг кызматынын маалыматына караганда, телепропагандисттер да бул темага көп кайрыла башташты.
“Акыркы эки жуманын ичинде орусиялык телевидениеден ... зарыл болсо ... өзөктүк куралды кантип колдонуу керек деген сөздөр эки жүз жолу айтылды окшойт. Эки жүз жолу. Эки жуманын ичинде". Бул иттердин тамагын жарнамалаган сыяктуу эле болуп баратат. Владимир Путин кнопканы басабы же баспайбы. Эч кимибиз билбейбиз", - деди, июнь айында, кийинчерээк “чет элдик агент” деп табылган Нобель сыйлыгынын лауреаты Дмитрий Муратов.
Ушул эле июнда Кремлге ыктаган саясат таануучу Сергей Карагановдун “Глобалдык саясаттагы Орусия” журналындагы “Оор, бирок зарыл чечим” деген макаласы кеңири резонанс жараткан. Ал айткан өтө оор чечим тактикалык өзөктүк куралды колдонуу болчу. (DO)