“Жөн эле викторинабы?”: жаш талапкерлердин дебаты талкууда

Published

Коомдук телерадиоберүү корпорациясы (КТРК) парламенттик шайлоо алдында жаш талапкерлер арасында өзүнчө дебаттарды өткөрүүдө.

Кечээ биринчи чыгарылышы көрсөтүлүп, ага  “Реформа”, “Мекен Ынтымагы”, “Кыргызстан” жана  "Ооган жана башка согуштардын ардагерлери" саясий партиясы жана “Мекеним Кыргызстандын” жаш талапкерлери катышты.  

Дебаттардан кийин жаштардын саясий дарамети жана КТРКнын дебаттарды өткөрүү үчүн тандап алган форматы менен суроолору сынга кабылды.

Кыргызстандагы кезектеги парламенттик шайлоо коронавирустун жайылуу коркунучу сакталып турган кооптуу шартта өтүүдө. Тышкы карыз алкымдан алып, экономика очорулуп, өкмөттү кышка даярдык көрүү убайымы этектеп турган маал.

Мына ушундай шартта өтүп жаткан дебаттагы спикерлердин кечээки риторикасы жаш баланын оюнундай эле таасир калтырганы коомдук сайттарда талкууланып жатат.

“Бул менин чоң саясаттагы биринчи дебатым болду. Буга чейин студент кезимде дебаттык клубдарда мелдештерге катышып жүргөм. Бирок мелдеш менен реалдуу элдин алдында чыгууда, албетте чоң айырмачылык бар. Кечээки дебат катышуучулар,  уюштуруучу, керек болсо көрүүчүлөр үчүн да стресс болуп калды окшойт. Себеби, бул жаштар арасындагы биринчи дебат.  Албетте, мен тарапка деле сындар айтылды, айтылып жатат. Бирок бул жаш саясатчылар үчүн жаңы тарых барагын ачып берди”,- деди “Реформанын” өкүлү Эркин Нурбаев.

Бул жолку шайлоодо партиялар катарына жаштарды көбүрөөк кошту.  Шайлоого аттанган жаш лидерлердин көбүнүн саясий бышып-жетилбегени,  жаштык демине гана таянып жатканы бул дебаттарда даана байкалып калды.

Күнөөнү жаш саясатчыларга эмес, дебаттын формат ойлонуштурган КТРКга койгондор да болууда. 

Эчен жылдардан бери шайлоого байкоо салып келген жарандык активист Динара Ошурахунова талапкерлерди  курагына жана гендерине карап бөлүп, шайлоо алдында талкуу уюштуруунун кажети бар беле деген суроо көтөрдү.

“Угушумча КТРК дебатты бир нече форматка бөлүп коюптур. Жаштар деп, ал жерге 31 жашка чейинки партия өкүлдөрү келе алат экен. Экинчиси,  аялдардын дебаттары. Үчүнчүсү, лидерлердин дебаттары өзүнчө болот экен.  Эмнеге андай бөлүп жатканы түшүнүксүз?  Кеп жаштар жана аялдар кантип сүйлөйт дегенде эмес, партия келсе иштейби же иштебейби ошол маанилүү.  Дебаттар шайлоочуга тандоо жасаганга жардам бериши керек. КТРКга коомдук телеканалга ушундай мүмкүнчүлүк берилип жаткандан кийин даярданышы керек эле. Жөн эле викторина болуп калыптыр”.

Жаштар дебаты эки саатка уланып, үч бөлүктөн турду.  Жаш лидерлер өздөрүн, андан соң партияларын, программаларын тааныштырышты.  Шайлоочулардан келген кыска суроолорго жооп беришип,  өз ара бири-бирине суроо беришти.

Коомдук телеканалдын генералдык директору Жайнак Үсөнов КТРКнын дарегине айтылып жаткан сын-пикирлерге жооп кайтарды:

“Бул жаңы багыт, көп эле кишилер жакшы ой-тилектерин айтышууда. Жаш жана айымдардын теле-дебаттар квоталык жоболордон улам сунушталган.  Ал эми форматы Боршайкомдун жумушчу тобу менен макулдашылган. Мурда дебаттар бир гана лидерлердин катышуусу менен өтүп, башка талапкерлер көрсөтүлчү эмес. Азыр жаңы партиялар, анын ичинде жаңы ысымдар чыгууда. Карантиндик чектөөлөрдү да эске алдык. Себеби, талапкерлер эл менен ири иш-чара өткөрө албай калышты. Суроолорду көрүүчү, шайлоочуларга эфир, сайт аркылуу кайрылып чогултуп, талапкерлерге жолдодук”.

КТРКдагы жаштар дебаты шаршемби жана жума күндөру уланат. Графикке ылайык 16 сентябрда “Социал-демократтар”, “Мекенчил”, “Ыйман Нуру”, “Республика”, “Ордо” партияларынын жаштар канаттары дебатка чыгат.

Ал эми 18-сентябрда “Чоң казат”, “Замандаш”, “Ата Мекен”, “Биримдик”, “Бир Бол”, “Бүтүн Кыргызстандын” жаш канаттары тең тайлашат. EKa