You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Украинадагы согуш 2023-жылы эмне болот? Беш башка көз караш
Украинадагы согуш жаңжалы жылнаама боюнча экинчи жылдын босогосун карай жылууда. Би-Би-Си 2023-жылы согуш окуялары кандайча өнүгүшү ыктымалдыгы жаатында бир нече аскердик серепчинин адистик жоромолун баяндайт.
Согуш келээрки жылы соңуна чыгышы мүмкүнбү, эгер ошондой болсо, анда кантип аяктайт – согуш талаасындабы же сүйлөшүүнүн натыйжасындабы? Же В.Путиндин режими таңуулаган жаңжал 2024-жылда дагы улантыла береби?
"Орусиянын жазгы чабуулу тагдыр чечээр окуя болот"
Майкл Кларк, Стратегиялык изилдөөлөр институтунун директорунун орун басары, Эксетер, Улуу Британия.
Улуу Евразиянын даркан талааларынын кайсы бучкагында болсо да башка өлкөгө басып кирүүгө аракет кылгандар ошол талааларда кыштоого мажбур болушат.
Наполеон, Гитлер жана Сталин өз аскерлеринин бул талааларда ызгаардуу кышты баштан кечирген маалында аларды ийкемдүү башкарууга аргасыз болушкан. Азыркы тапта болсо, буга чейинки баскынчылык амалдары майнапсыз болуп, туңгуюкка кептелген Владимир Путин Орусиянын жаңы чабуулуна беленденүү үчүн өз аскерлерин талаада ызгаарлуу шартта кыштатууга аргасыз.
Украинадагы уруштун эки тарабы тең убактылуу тыныгууга муктаж, бирок украиндер баскынчыларга салыштырмалуу алда канча мыктыраак жабдылган жана өз чабуулун кыш маалында да улантууга дилгир. Алар орусиялык жоокерлерди чегинте берүүгө, жок дегенде, Донбасста андан ары сүрүп чыгарууга умтула беришет ко, деп күтүүгө болот.
Кременная жана Сватово аймактарында украин жоокерлери орусиялык жоокерлерди 2022-жылдын февралында орусиялык баскынчылык башталган жерден алыс эмес жайгашкан тилкеге – кезектеги табигый коргонуу тилкесине – карай 60 чакырымдай аралыкка чегинте тургандай ири чабуулдун босогосунда турушат.
Киев азыркы жетишкендиги менен токтоп калгысы келбейт, өзгөчө, жеңиш абдан жакындап калгандай сезилген учурда эч маалкатып калгысы жок. Ошого карабастан, Херсон бошотулгандан кийин Украинанын түштүк-батыштагы чабуулу кыйла маалкап калышы ажеп эмес.
Орусиянын Крым жарым аралындагы аялуу автожол жана темир жол байланыштарына андан ары басым жасоо үчүн Днепрди кечип өтүү украин жоокерлери үчүн зор кыйынчылык туудурушу ажеп эмес. Бирок Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн жаңы ири чабуулунун ыктымалдыгын жокко чыгарууга эч болбойт.
2023-жылы Орусиянын жазгы чабуулунун жыйынтыгы – согуш үчүн өзөккү өңүткө айланат. Путин жакында аскерге чакырылгандардын 50 миңдейи кан майданда экендигин моюнга алды; алардын калган 250 миңдейи 2023-жылы согуштук аракеттерге катышуу үчүн машыктырылууда.
Бул орусиялык жаңы чакырылган жоокерлер тобунун тагдыры согуш талаасында чечилмейинче, азыркы согушту улантуудан башка эч кандай сценарий жокко эсе.
Мүмкүн болгон башка жалгыз сценарий гана бар. Ал – кыска мөөнөттүк жана туруксуз мүнөздөгү ок атышууну токтотууга жетишүү. Путин эч токтобой тургандыгын ачык аңдатты. Ал эми Украина бийлиги болсо өз өлкөсү үчүн күрөшө берэээрин таасын аңдатты.
"Украина өз жерлерин кайтарып алат"
Андрей Пионтковский, Вашингтондо байырлаган окумуштуу жана серепчи.
Украина жеңишке ээ болот; ал 2023-жылдын жазынан кечиктирбей аймактык бүтүндүгүн толук калыбына келтирмекчи. Бул тыянак эки өңүт аркылуу аныкталат.
Биринчиси – бул украин аскерлеринин жана бүтүндөй украин элинин азыркы доордогу согуш тарыхында эч болуп көрбөгөндөй шыктануусу, чечкиндүүлүгү жана каармандыгы.
Экинчи өңүт – бул узак жылдар бою орусиялык диктатордун ыгына көнө берип келген Батыш акыры-түбү эрезеге жетип, өзү кабылган тарыхый милдеттин түйшүгүнүн деңгээлин аңдап калгандыгы. Муну НАТОнун Башкы катчысы Йенс Столтенбергдин жакында жасаган төмөнкү билдирүүсү эң сонун чагылдырат.
"Биз төлөп жаткан баа акча менен өлчөнүп келет. Ал эми украиндердин төлөгөн баасы – кан менен өлчөнөт. Эгерде авторитардык режимдер күч колдонуу мөмө берээрин көрүп, (ага кыныкчу) болушса, анда биз бардыгыбыз тең алда канча жогорку бааны төлөп калабыз. Андай шартта дүйнө жүзү адамзаттын бардыгы үчүн коркунучтуу жайга айланат".
Украинанын сөзсүз түрдө жеңишинин мезгилдик так мерчеми – согуш талаасындагы күчтөрдүн тең салмактуулугун өзгөртө турган аскердик чабуул куралдарынын жаңы түрмөгүнүн (танктар, учактар, алыскы аралыкка атылчу ракеталардын) НАТО тарабынан Украинага жеткирилишинин ылдамдыгы менен аныкталат.
Мен жакынкы айларда (балким, апталарда) согуш өнөктүгүнүн чечүүчү мерчеми – Мелитополь үчүн уруш болуп калат ко, деп күтөм. Мелитополду кайрадан бошотуп алуу аркылуу украиндер Азов (кырым татарча – Азак) деңизине чейин оңой-олтоң жиреп келишет да, баскынчылардын Крым жарым аралын жабдыган жана аны менен байланыштырган нуктарды иш жүзүндө үзүп салышат.
Орусиянын багынып беришинин чоо-жайы Украинанын согуш талаасындагы чечүүчү жеңишинен кийинки мезгилде техникалык сүйлөшүүлөр аркылуу расмий түрдө макулдашылмакчы.
Жеңишке жетишкен мамлекеттер – Украина, Улуу Британия, АКШ – эл аралык коопсуздуктун жаңы архитектурасын калыптандырышат.
"Акыр-аягы эч көрүнбөй турат"
Барбара Занчетта, Лондондогу Падышалык Коллеждин Согуш таануу факультети
Владимир Путин Украина алда канча кубаттуураак коңшусунун иш-аракетине башка эч бир өлкөлөрдүн олуттуу кийлигишүүсү жок кырдаалда жөн гана көнүп берет ко деп эсеп кылган. Бул олуттуу жаңылыштык аягы көрүнбөгөндөй узакка созулган согуштук чыр-чатакка кириптер кылып койду.
Кыш – өтө мүшкүлдүү болот, анткени Орусиянын Украинанын инфратүзүмдөрүнө каршы атайын чабуулдары ансыз да чарчап-чаалыккан жана алсыраган калктын рухий маанайын жана чыдамкайлыгын сындырууга багытталган. Бирок украиндер укмуштуудай туруктуу экендигин айгинелеп коюшту. Алар мындан ары да бекем турмакчы. Демек, согуш да улантыла берет.
Сүйлөшүүлөрдүн келечеги көңүл жылытарлык эмес. Болжолдуу тынчтык келишимине жетишүү үчүн урушуп жаткан тараптардын жок дегенде бирөөсүнүн негизги талаптарга өзгөртүү киргизиши зарыл, бирок, азырынча, бул жаатта мындай өзгөрүү боюнча эч далил байкалган жок жана жакынкы учурда да өзгөрүү боло тургандыгына эч ишаара билинбейт.
Деги согуш качан бүтөт?
Согуштун заттык жана инсандык чыгымдары Орусиянын саясий элитасын жиктеп салышы жана калайыктагы согушка болгон колдоону азайтышы мүмкүн. Согуштук чыр-чатакты токтотуунун ачкычы – Орусиянын өзүндө.
Мурдагы замандардагы өлкө жетекчилигинин калпыс эсептөөлөрү чечүүчү өңүт болуп калган бир катар согуштар (мисалы, АКШ үчүн – Вьетнам согушу же Советтер Биримдиги үчүн – Ооганстан согушу) баскынчылар үчүн дал ушундайча майнапсыз аяктаган. Өзү жүргүзгөн баскынчыл согуш майнапсыз аяктаган өлкөдө болсо ички саясий кырдаалдар өзгөрүүгө дуушарланган. Жаңы кырдаалда баскынчыл согушту аяктоо – жападан жалгыз жол болуп калган; согушту аяктоо жүрүмү баскынчы өлкө үчүн анын «беделине шек келтирбеген» же, ал түгүл, анын беделин анчейин сактай албай калган шарттарда да жүзөгө ашырылган.
Арийне, азыркы тапта согушту токтотууга баруу бир гана шартта – бул согуштун чыгымдарына байланыштуу улам күчөгөн кысымга туруштук кылып, Батыш өлкөлөрү Украинага бекем арка-бел болуп кала бергенде гана – жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
Тилекке каршы, бул жүрүм – саясий эрктин узакка созулган саясий, экономикалык жана аскердик салгылашуусу катары мүнөздөлөт. Ал эми 2023-жылдын аягына чейин бул жүрүм, чын-чынында, бүтчүдөй деле көрүнбөйт.
"Орусиянын жеңилүүсүнөн башка жыйынтык күтүлбөйт"
Бен Хожес, АКШнын Европадагы кургактыктагы аскерлеринин мурдагы колбашчысы.
Киев үчүн жеңиш парадына беленденүүгө али эрте, бирок ушул тапта артыкчылык Украина тарабында. Алар бул согушта, балким, 2023-жылы эле жеңишке ээ болоорунан эч кандай күмөнүм жок.
Кышында окуялар кыйла жайыраак жүрөт, бирок, Улуу Британиядан, Канададан жана Германиядан келип жаткан кышкы аскердик жабдуулардын аркасында, украин күчтөрү орустарга караганда кырдаалды жакшыраак пайдалана алаарында эч шек жок.
Январга карата Украина бийлиги согуш өнөктүгүнүн акыркы баскычын – Крым жарым аралын бошотуу аракеттерин башташы мүмкүн.
Тарых бизге үйрөткөндөй, согуш – бул эрктин жана логистиканын сыноосу. Украин элинин жана жоокерлеринин чечкиндүүлүгүн жана Украинанын логистикалык абалы тездик менен жакшырып баратканын эске алганда, мен Орусиянын жеңилүүсүнөн башка эч кандай жыйынтыкты көрбөй турам.
Мендеги мындай тыянак, бир жагынан, орус аскерлеринин Херсондон чыгарылып кетишинен улам келип чыкты. Биринчиден, бул – украин элинин психологиялык жеңиши, экинчиден, Кремль үчүн терең шылдыңга калуу сезими, үчүнчүдөн, украин аскерлери аскер амалдары үчүн негизги артыкчылыкка ээ болушту – эми Крым жарым аралына кетчү бардык өткөөлдөр украиналык курал-жарак жабдууларынын жебеси жетчү мейкиндикте жайгашып калышты.
Менин оюмча, 2023-жылдын аягына чейин Крым жарым аралы толугу менен Украинанын көзөмөлүнө жана эгемендигине кайтарылмакчы. Арийне, Орусияга Севастополдогу аскер деңиз базасын акырындап чыгарып кетүүгө мүмкүндүк бере тургандай кандайдыр бир келишим түзүлүшү деле ажеп эмес... Балким, бул окуя Крымдын Орусия тарабынан мыйзамсыз каратылып алгандыгына чейин жетишилген келишимдин мөөнөтү (болжол менен 2025-жылга чейинки мөөнөт) бүтө электе деле жүзөгө ашырылышы ыктымал.
Азов (Азак) деңизинин жээгиндеги Украинанын инфратүзүмүн, – анын ичинде Мариуполь жана Бердянск сыяктуу маанилүү портторду, – калыбына келтирүү боюнча аракеттер көрүлөт. Дагы бир маанилүү долбоор – Днепрден Крымга карай сууну бурган Түндүк Крым каналын куруу иши кайра башталат.
"Алда канча көбүрөөк натыйжаны күтө бериңиз"
Давид Генделман, Израилде байырлаган аскер иштери адиси
Менин оюмча, ар бир тарап кийинки баскычта төмөнкүгө жетишүүнү каалайт.
Аскерге жаңы чакырылган 300 миң орус жоокерлеринин жарымына жакыны гана кан майдан тилкесинде жүрөт. Калгандары Херсондон чегингенден кийин тыныгып жаткан күчтөр менен бирдикте орусиялык жаңы чабуулду жасоого мүмкүнчүлүк жаратмакчы.
Баскынчылардын Луганск жана Донецк облустарынын каратып алынган айрым бөлүктөрүндөгү өкүмү улантыла берет, бирок Орусиянын Донбасстагы украин күчтөрүн курчоого алуу үчүн түштүктөн Павлоградга чейин сүңгүп илгерилөө сыяктуу ири чабуулдары майнапсыз аякташы ажеп эмес.
Орустар азыркы тактиканы уланта бериши көбүрөөк ыктымалдуу жүрүм болчудай: алар украин аскерлерин тарыраак нук боюнча акырындап сүрүп салып, Бахмут жана Авдиевка аймактарындагыдай жайыраак ыргакта алдыга илгерилей алышмакчы. Балким, алар ушундай эле тактиканы Сватово–Кременная аймагында да колдонушу мүмкүн.
Украинанын отун-кубат инфратүзүмүнө каршы чабуулдардын улантылып жатышы жана Украинанын оорук жайларына жасалган башка чабуулдар – орусиялыктардын өз душманын бүлгүнгө учуратууга багытталган согуш стратегиясынын башка бир бөлүгү.
Орус аскерлери Херсондон чегингенден кийин украин армиясы олуттуу сандагы күчтөрдү башка тарапта колдонуу үчүн үнөмдөй алды. Азыркы тапта Украинанын Куралдуу күчтөрү үчүн өзгөчө стратегиялык мааниге ээ багыт – түштүктөгү майдан тилкеси болуп калды. Эми украин аскерлери Мелитополго же Бердянскка карай умтулуп, Орусиянын Крымга кетчү кургактыктагы өткөөлүн кесип салууга далаалат кылууда. Бул мүдөө жүзөгө ашчу болсо, анда ал – Украина үчүн ири жеңиш болмок, дал ошондуктан орусиялык аскерлер Мелитополду коргоону күчөтүүгө жанталашып жатышат.
Украина үчүн дагы бир вариант – бул Сватово багыты. Ал жерде жүзөгө ийгиликтүү ашырылчу иш-аракеттер орусиялык майдан тилкесинин бүткүл түндүк капталына олуттуу коркунуч туудураары шексиз.
Бирок азыркы тапта жаралган чоң суроолор төмөнкүдөй: деги бүгүнкү күнү канча сандагы украин күчтөрү чабуулга камтылышы мүмкүн? Учурда генерал Залужныйдын иш үстөлүндө жаңы аскер топторун түзүү жана аларды күжүрмөн даярдыкка келтирүү боюнча кандай жадыбал жатат? Бул жаңы украин аскер бөлүктөрү, – анын ичинде өздүк курам, чопкуттуу техника жана оор куралдар менен жабдуулар, – бир айдан кийин даяр болобу, же эки-үч ай керек болобу?
Биз бул суроолорго кыщтын ызгаарлуу чилдеси түшкөндө жооп алабыз. Дал ошондо согуш эмне менен аяктаарын аңдообузга бир кыйла жеңилдик жаралат.
Би-Би-Си бул макала үчүн сурамжыланган талдоочуларды аскердик иштеги серепчилик тажрыйбасына негизденүү менен иргеди жана коомдун кеңири чөйрөсүндөгү ар кыл ой-пикирлерди камтууга умтулду. (TT)