You’re viewing a text-only version of this website that uses less data. View the main version of the website including all images and videos.
Херсон: Орустар кетип жаткандагы элдин кубанычы менен коркунучу
- Author, Пол Адамс
- Role, Эл аралык иштер боюнча кабарчы
- Published
Мартта орустар Херсонго эч кандай каршылык көрбөй туруп киргенде сегиз айдан кийин эле куйругун түйүп кайра кетерин эч ойлобосо керек.
Сентябрдын башында Москва Херсон менен Украинанын үч областын Россияга бириктирүү боюнча референдум өткөрүп жатканда эле кырдаал өзгөрүп калган эле.
Июлдун аягынан баштап украин аскерлери орус күчтөрүн Днепрдин оң жээгинен сүрүп чыгаруу боюнча кылдат аракеттерин баштаган болчу.
Херсондогу 20000 орус аскери менен түндүккө карай созулган түздүктөгү айыл чарба жерлери барган сайын обочолонуп бараткан.
Бир ай мурда кырдаал ого бетер оор болуп калды, жардыруунун натыйжасында Россияны Крым жарым аралы менен байланыштырган Керч көпүрөсүнө жол жабылды.
Бул жардырууну ким жасаганы так анык боло элек. Россия Украинанын атайын кызматтарын күнөөлөп жатат.
Бирок эффект дароо болду, Россиянын Херсонго барчу жолу кесилди.
Октябрдын аягында шаарда калган, Киевди сатпаган жашоочулар абал өзгөрө турганын билишти.
"Абада эркиндик желаргысы сезилет",- деп жазды 23-октябрда мага бир украин, өзүн Джеймс деп атоону гана өтүнүп.
Бирок коркунуч сезими да күчөй баштады. Эгер россиялык аскерлер кете турган болсо, кетип жатканда бир балээ кылып кетпейби деген коркунуч.
Мен бир нече күндөн кийин алган сүрөттөр дүкөндөр сыртынан тактайланып бекитилгенин көрсөттү. Херсон катуу бороонду күтүп жаткан шаарга окшоп турду.
«Биз коркуп жүрүп бүттүк», — деди Джеймс. «Келсе келе берсин бороон».
Октябрдын аягында артиллериялык соккулардын дүңгүрөгөн үнү жакыныраак угула баштады, көчөлөр аңгырап бош калып жатты.
Россия шаардын карапайым тургундарын көчүрө баштаганда, боштондук келер күн жакындагандай болду.
«Элдер украинче сүйлөшө баштады», — деп жазды Джеймс. «Алар мурда бири-бири менен сүйлөшкөндөн коркуп жатышкан».
Өзгөрүүлөрдүн дагы бир белгиси, орус бийликтери Херсонго таңуулаган рублдун курсунун кулашы болду.
«Биз сүт саткан дүкөнгө кирип рубль аласыңарбы деп сурадык, — деди мага Джеймс 30-октябрда. «Алар: «Рублбы? Сол жээкте гана бересиңер»,-дешти.
Интернет да жакшы иштебей жаткандыктан, украин телевидениесин көрүш үчүн жергиликтүү адистер декодер коюу менен алек болушту.
Украинанын түштүгүн колониялаштырган орус князы Григорий Потемкиндин сөөгүнүн калдыгын алып кетиш үчүн орустардын командасы шаардагы XVIII кылымда курулган Ыйык Екатерина чиркөөсүнө келгенде бул эң символикалуу жана көрмөтмөлүү учур болуп калды.
Бир нече күндөн кийин россиялык жүк ташуучу унаалар шаардык областтык көркөм музейге келишти. Аскерлер сүрөттөрдү бүт чыгарып алып сала баштады, оккпуацияланган башка шаарларда дагы ушундай көрүнүш болгон эле.
Талап-тоноолор да болуп жатты: жеке менчик автоунаалар менен тракторлорду сүйрөтүп алып кетишти, ал эми дүкөндөрдү жыл сыйпагандай тоношту.
Дарыянын жээгиндеги кайыктар баары реквизицияга алынды, кээде жөн эле жок кылып салышты. Херсондогу зоопарктан айбанаттарды Крымга алып чыгып жатканын көрсөткөн видеороликтер соцтармакка чыкты.
Днепрдин сол жээгинен тартылган спутник сүрөттөрдөн Днепрди бойлото Жаңы Каховкадан Кара деңизге чейин жүз километрге созулган жаңы эле казылган коргонуу чектери көрүнөт.
Ошол эле убакта бул чегинүү орустардын амалкөй оюну болуп калбасын деп украиндердин расмий адамдары этият болууда, шаарда дагы ушундай ойдо сактанып тургандар бар.
"Азырынча мунун баары айың кеп", -деди шаршембиде Джеймс.
Россия Новокаховск плотинасын жардырган атыптыр, орус аскерлери башкача кийинип алып жеке менчик үйлөрдө жашынып турат экен же аскер кеткенден кийин орус ракеталары шаарды жер менен жексен кылат кылат экен дегендей ушак кептер жүрүп жаткан убак.
Эмнеси болсо да, бул эң кыйын учур болуп турат. Россиянын оккупациясындагы бермет болуп саналган шаар эми колдон колго өткөн жатат.
Москванын буга чейинки каталыктарын эске алганда, дарыянын аркы жагына чегинүү аскердик туура чечим болду окшойт. Бирок саясий жагынан алганда бул Владимир Путин үчүн дагы бир кырсыктуу учур.
Кара деңиздеги Одесса портун каратып алуу кыялы, Россиядан баштап Молдовадагы оруска ыктаган Приднестровьеге чейинки барчу жолду куруу тууралуу ойлор эми алыска сүңгүдү.
Ракеталык чабуулдардан жулмаланган Николаев шаары эми кичине эс алат окшойт.
Ал эми Кремлди эң көп кабатыр кылган маселе - оккупацияланган Крым эми мурдагыдай өзүн бекем жана коопсуз сезбей калды.
Ошентип Москванын Украинадагы ээ-жаа бербеген амбицияларынын ишпалдасы чыкты. Адегенде Киевде, андан кийин чыгышта, эми мына түштүктө.
Жыл аяктап баратканда орус аскерлери мурдагыдай эле эбегейсиз чоң аймакты ээлеп турат. Бирок толтура аскери менен согуштук техникасын жоготкон Владимир Путин 2022-жылдын аягында бул жакта калбай турганын эч ойлогон эмес. (КС)