Буудай тартыштыгы: согуш жана климат

Published

Stephanie Hegarty BBC

Түркия дүйнөлүк азык-түлүк кризисин чечүү аракеттеринде бир аз жылыш болгонун билдирди. Кризис Орусия Украин буудайынын экспортуна бөгөт койгондугунан улам чыкканы айтылууда.

Стамбулдагы сүйлөшүүдө Орусия менен Украина кеме маршруттарынын коопсуздугун камсыздоо жолдору боюнча макулдашты. Түркияда экспортту текшерүү системасы орнотулат. Улуттар уюму бул иште байкоочу ролун аткарат. Орусия азырынча пикирин билдире элек, бирок, президент макулдугун берээри менен, келишимге эмки аптада кол коюлаары күтүлүүдө.  

Ал арада эгинди жыйнаганга аз эле убакыт калды. Буудайдын импортунан көз каранды өлкөлөр дүйнөдө болуп көрбөгөндөй түшүм болуп, асмандап кетен рекорддук жогору баалар төмөндөсө деген үмүттө. Бирок, кургакчылык, жайкы аптаптын айынан буудай түшүмүнүн сапаты анчейин болуп калышы ыктымал деп болжонууда.

Планетанын үчтөн биринен көбү аман калуу үчүн ушул алтын үрөнгө үмүт артат.

Бирок, Францияда, буудай өзү жашоо үчүн күрөшүп жаткандай.

"Бул жерде ал майда. Мында болсо эч нерсе жок. Машактын ичи бош. Мына көрдүңүзбү? Караңыз. Мунусунда дан бар, бул жерде жок"- дейт фермер Себастьян Нево.

Би-Би-Си өсүмдүктөрдүн өсүшүнө байкоо салып, маалыматтарды талдоочу эки компания менен кызматташып, дүйнөдөгү кээ бир негизги буудай өндүрүүчүлөргө аба ырайынын начардыгы зыян келтиргенин аныктады.

Дүйнөнүн алдыңкы экспортерлорунун бири болгон Францияда, түшүмдүүлүк 5% га төмөндөшү мүмкүн.

Парижден үч сааттык аралыкта жайгашкан фермасында Себастьян Нево оор күндөргө туш болду.

"Мен кургакчылыктан жана катуу ысыктан бул эгиндин 40% жоготуп алдым. Анын үстүнө, бул жерден ала турган үрөндүн сапаты ун катары тегирменге тартууга жарабайт. Ал уйларды же тоокторду багууга жарайт, бирок ун болуп бербейт. Андыктан аны арзаныраак сатууга туура келет",- дейт фермер Себастьян Нево.

АКШда дагы бир ири экспортер, EarthDaily жана Kayross тарабынан изилдөөлөр жаздагы кургакчылыктын айынан -  түшүмдүүлүк 5 жылдык орточо көрсөткүчтөн 7-8% төмөн болушу мүмкүн экенин көрсөттү.

Индиядагы ысык аба толкундарынын айынан ал жердеги түшүм орточо көрсөткүчтөн 4% төмөн болушу мүмкүн.

Өткөн жылы абдан начар түшүм алган дагы бир негизги экспортер өлкө  - Канадада абал жакшыраак көрүнөт. Түшүмдүүлүк беш жылдык орточо көрсөткүчтөн жогору болот.

Биз буудайдын тартыштыгын өз көзүбүз менен көрбөгөнүбүз менен, баалар мындан ары да жогору болот

Буудай үчүн аба ырайы өзгөчө жагымдуу болгон бир жер бар.

Ал Россия. Россия дүйнөдөгү эң ири буудай экспорттоочусу быйыл мол түшүм алышы ыктымал. Бирок согуш экспортту үзгүлтүккө учуратса, дүйнөнүн калган бөлүгү оор абалда калышы мүмкүн.

“Cөз, эң аялуу 62 өлкөнүн азык-түлүк импортуна болгон чыгымынын 24,5 миллиард долларга көбөйүүсү жөнүндө болуп жатат. Биз үчүн эң негизги маселе – келерки жыл. Согуш улана берсе, Украина менен Россия Федерациясынын экспорту кыскарат. Андан тышкары, эгерде дүйнөдө жер семирткичтердин баасы көтөрүлө берсе, буудайдын дүйнөлүк түшүмдүүлүгү төмөндөйт деген потенциалдуу коркунуч бар. Ошентип, биз тамак аш тартыштыгы көйгөйүнө туш болобуз, мен аябай терең азык-түлүк кризиси жөнүндө айтып жатам",- дейт Азык-түлүк программасынын башкы экономисти Максимо Тереро.

Украинадагы согуш - дүйнөлүк азык-түлүк системасы соккулардын алдында канчалык алсыз экенин көрсөттү.

Ал эми эң чоң сокку - климаттын өзгөрүүсү болууда.