"Жүрөк тилген кыйкырык": Бангладештеги бийликтин зынданында азап тарткандар

Published
Окуу убактысы: 4 мүнөт

Этираджан Анбарасан, BBC news

Бангладеште мурдагы бийликтин тушунда ак жеринен айыпталып тымызын уурдалып кетип, көп жыл бою дайын дареги чыкпай, жашыруун түрмөдө азап тарткандар кутулуп чыгып, бийликтин баш кесерлеринин кыянат иштери ашкере болууда.

Майкл Чакма көчөдөн кармалып, 2019-жылы бийликтин зынданына түшкөн

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Майкл Чакма көчөдөн кармалып, 2019-жылы бийликтин зынданына түшкөн

Даккадагы бул жигит беш жыл бою күн көрбөй, бийликтин зынданында жатты.

Күн бүркөлүп турганда дагы ал жарыкты карай албай койду, үрүл-бүрүл шоола кирген бөлмөдө өнөр жай вентиляторунун дүрүлдөгөн үнү менен кыйноого алынган шордуулардын онтогон кыйкырыктарын уга берип, жарык жашоодон кадимкидей өксүп калган экен.

Ал бошоп чыккандан кийин көчөдө туруп өзүнүн эжесинин телефон номурун эстей албай койду.

Анын эжеси болсо андан 200 км алыстыкта Бангладештин аскер чалгынчысынын баш кеңсеси жайгашкан "Айнагор" же "Үй күзгү" деген атактуу жайда кармалган шордуу адамдар жөнүндө бир үмүт кылып, бир түңүлүп окуп жүрдү.

Бул адамдардын көбү шейх Хасинанын авторитардык башкаруу убагында "кайып" болгон адамдар. Алардын көбү өкмөттү сындаар замат биринин артынан бири көчөдөн кармалып, туугандарына дайынсыз болуп кеткендер.

Студенттик толкундоонун натыйжасында Шейх Хасина бийлиги кулап, өлкөдөн качып кеткенден кийин дайынсыз кеткен адамдар эми бийликтин салган орунан кутулуп чыгууда.

Бир эле учурда Бангладештин алыскы бир бурчунда жаш келин компьютерден көзүн албай, кутулуп чыгып жаткандардын арасында өзүнүн байкесин издеп жүрдү. Таптакыр дайынсыз кеткенден кийин эки жыл мурда алар биротоло түңүлүп, агасын өлдү деп эсептеп коюшкан.

Жоголуп бейдарек кеткен адамдардын сүрөттөрүн көтөргөн туугандары Даккада зомубулуктун курмандыктарын эскерүүгө чыгышты

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дайынсыз кеткендерди алардын туугандары бир нече жыл бою издеп, бардык аракетти көрүп келишти
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

2019-жылы Даккада чымыр жигиттер Майкл Чакманы көчөдөн кармап, машинага күч менен салып көзүн таңып алып кетишкенде ал баары бүттү деп ойлогон.

Ал көп жыл бою түштүк-чыгыштагы Читтагон тоолуу аймагында жашаган, Бангладештеги 170 миллион мусулман калктын 2% түзгөн буддист жамаатынын таламын талашып чыгып жүрүп, бийликтин суук көзүнө илинди.

Amnesty International укук коргоо уюмунун маалыматы боюнча, ал Читтагон тоолуу аймагындагы кыянат иштерге каршы чыккан.

Кийинки күнү аны кармап, Даккадагы аскердик чалгын кызматы турган имараттагы камерага алып барып тыгышты.

Жергиликтүү жана чет элдик чалгын маалыматтары ушул жерге топтолчу, бирок бара-бара бул бийликке каршы чыккандар зынданга салынган жек көрүндүү жайга айланды.

Майклдын айтымында, аны терезеси жок, күн жетпеген тар бөлмөдө кармашты, болгону эки вентилятордун гана дүрүлдөгөн үнү угулат.

Убакыт өткөн сайын "кайсы күн менен кайсы саат экенин түшүнө албай, эсиңди жоготосуң", -дейт.

"Мен камактагы башка адамдарды көрбөсөм да, алардын жүрөк кайыштырган ачуу үнүн угуп жүрдүм".

2Мени алар стулга байлап, абдан ылдам чимиришет эле. Көбүнчө мени ток менен өлтүрөбүз деп коркутушту. Алар мени эмнеге Хасина айымды сындайсың деп кыйнашты".

Бийликтин зынданы

Бийликтин зынданында Майклды алты ай бою уруп-сабашкан. Ошол мезгилде анын үй-бүлөсү аны издеп барбаган жери калбады.

"Биз полициянын бир нече участкасына барып, сурадык. Бирок бизге эч маалымат беришкен жок, камакта да жок деп жооп беришти",-дейт карындашы Минти.

"Ай артынан ай өтө баштаганда биз дүрбөлөңгө түштүк. Атама абдан кыйын болду".

Майклды издөө боюнча масштабдуу өнөктүк башталып, 2020-жылы Минти Жогорку сотко арыз менен кайрылган. Бирок андан дагы эч ылаажы болбоду.

"Бүт үй-бүлөбүз менен көп азап тарттык. Агам кайда экенин билбей, эч кабар жок болсо, абдан жаман экен",-дейт ал.

2020-жылы августта ковид убагында Майклдын атасы каза болду. Ошондон 18 айдан кийин Майклдын үй-бүлөсү аны өлдү деген бүтүмгө келди.

"Биздин үмүт үзүлдү", — дейт Минти. «Ошондуктан буддисттердин салтына ылайык, биз анын тажиясын өткөрдүк. Анын жаны денеден чыгып жай алсын дедик. Биз муну кылып жатканда жүрөгүбүз ооруду. Биз аябай ыйладык».

2009-жылдан бери бийликте отурган шейх Хасина 2024-жылы 5-августта тик учак менен өлкөдөн качып кетти

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2009-жылдан бери бийликте отурган шейх Хасина 2024-жылы 5-августта тик учак менен өлкөдөн качып кетти

Бангладештеги укук коргоочу уюмдар 2009-жылы шейх Хасина бийликке келгенден бери бейкүнөө адамдар кыянат жол менен жоголуп кеткен 600 дөн ашык учур жөнүндө айтып жатышат.

Шейх Хасинанын өкмөтүн көп жылдар катары менен сын пикир айткандарды куугунтуктап келгени үчүн эл аралык коомчулук сындап келди, бирок анын өкмөтү дайыма айыптоолорду четке кагып келди.

Бийлик адамдары уурдап кеткен адамдардын кээ бири акыры кутулуп чыгышты, ал эми кээ бирлери бийлик зынданына тирүү чыккан жок. Ал эми кээ биринин сөөгү да табылбай калды. Же өлүү, же тирүү экени белгисиз. Human Rights Watch жүздөн ашык адам дайынсыз болуп жатканын билдирет.

Бангладештин бийлигин баш кесерлери башкарган жашыруун түрмөлөр бар экени тууралуу эл ичинде удургуган сөз көп болчу. Минти бул окуяга байланыштуу видеолорду тынбай көрүп, агасы тирүү болсо экен деп кудайга жалынып жүрдү.

Баш калаада бийликтин жашыруун зынданы бар экени 2022-жылы Netra News иликтеп чыкканда гана белгилүү болду.

Таптакыр дайын-дареги чыкпай аткан жүздөй адамдын туугандары жакында баш калаа Даккада чогулуп, нааразылык билдиришти

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Таптакыр дайын-дареги чыкпай аткан жүздөй адамдын туугандары жакында баш калаа Даккада чогулуп, нааразылык билдиришти

Бийлик тымызын уурдап кеткен адамдар жана аларды соту жок жазалоо жогорку бийлик билген эмес дегенге көптөр ишенбейт.

Бирок Чакма сыяктуу адамдар жашыруун түрмөдө азап тартып отурганда, шейх Хасина менен анын министрлери, эл аралык иштер боюнча кеңешчиси Гоухер Ризви өздөрүнүн сүттөн ак экенин кайталап келишти.

Хасинанын уулу Саджид Вазед Джой дагы эле күнөөнү жакын жуутпай, аны укук коргоо органдарындагы башка жетекчилерге оодарып жаткан учуру.

"Бул мыйзамсыз болгон, мен буга абсолюттук түрдө макулмун. Бирок буга жогортон буйрук болду деп ойлобойм. Мен эчтеке билген эмесмин. Мен муну укканда өзү шок болдум",-деди ал Би-Би-Сиге.

Бул сөздү уккан адамдар таң калып жатат.

Майкл менен бирге бийликтин зынданынан мурда чоң кызматта жүргөн адамдар да кутулуп чыкты. Алардын арасында бригада генералы Абуллахи Азми жана адвокат Ахмед Бин Касем бар, алар жашыруун зынданда сегиз жыл отурушту.

Бангладештин убактылуу өкмөтү ушул аптада 2009-жылдан бери шейх Хасина башкарган учурда коопсуздук кызматы тымызын уурдап, дайынсыз кеткен адамдардын тагдырын иликтөө үчүн беш адамдан турган комиссия түздү.

Бийликтин кыянат кылмышынан жабыр тарткан адамдардын баары акыйкаттык орношун талап кылууда.

"Биз бардык күнөөлүүлөр жазасын алсын деп жатабыз. Бардык курмандыктар жана алардын үй-бүлөсү тийиштүү түрдө кенемте алышы керек",- деди Маруф Заман, БУУнун адам укуктары боюнча башкармасынын Женевадагы өкүлү. (КС)