Бишкекте бир нече саясатчы “массалык башаламандыкка” шектелип кармалды

Published
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Ишемби күнү бир нече саясатчынын үйү тинтилип, суракка алынды. Темирлан Султанбеков, Кадыр Атамбаев, Кубанычбек Кадыров сыяктуу он адам “массалык башаламандыктарды даярдоого” шектелип кармалды.

22-ноябрдын кечинде Ички иштер министрлиги ишембидеги тинтүүлөр жана сурактардын чоо-жайы тууралуу маалымат берип, “шайлоодон кийинки башаламандыктарды даярдап жаткан топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлганын” билдирди.

Расмий маалыматта “курамына саясий ишмерлер, экс-депутаттар, мурдагы мамлекеттик кызматкерлер жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери” кирген топ “чагым жана кагылышуулар үчүн өз тарапташтарын, уюшкан кылмыштуу топторду жана спорттук бирикмелерди кошуп тарапкерлерин тартышканы” айтылат.

“Кармалгандар шайлоонун жыйынтыгы чыккандан кийин түштүктөн баштап Бишкекте жана башка облустарда массалык нааразылыкты жаратып, өлкө боюнча бир катар митингдерди мерчемдешкен. Алардын мерчемдеринде Конституцияга каршы чакырыктар, ошондой эле административдик имараттарды, телеканалдарды, күч түзүмдөрүнүн объекттерин, курал-жарактарды жана пенитенциардык системанын мекемелерин басып алуу ыктымалдыгы болгон”, - деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.

Маалыматка ылайык, баш-аягы 10 адамга “зомбулук, талкалоо, өрттөө менен коштолгон массалык башаламандыкты уюштурууга даярдык көрүү” айыбы коюлуп, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Кармалгандардын арасында "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кенже уулу Кадырбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Кубанычбек Кадыров менен Шайлообек Атазов, Атамбаевдин мурдагы жеке жансакчысы Дамир Мусакеев, саясатчы Урмат Барктабасов да бар экени кабарланды.

Азырынча кармалгандар же алардын адвокаттары коюлган айыптар тууралуу толук маалымат берише элек. Кубанычбек Кадыров ишембинин таңындагы видео кайрылуусунда үйүнө күч кызматкерлери келгенин билдирип, эч кандай мыйзам бузбаганын ишарат кылган жана Кыргызстандагы электрдин өчкөнү, кымбатчылык тууралуу сөз кылган.

ИИМ ишемби күнкү тинтүү учурунда курал-жарактар жана 150 миң доллар табылганын кошумчалады. Ага чейин министрлик "С. Т" аттуу адам массалык башаламандыкка чакырган деген шек менен кармалганын маалымдап, үч киши бир бөлмөдө сүйлөшүп отурган видеону жарыялаган. Андан үч адамдын бири Темирлан Султанбековго окшош экенин жана алар саясатты талкуулап отурганын көрүүгө болот.

48 саатка кармалган 10 адамдан тышкары ишембиде дагы бир нече кишинин үйү тинтилип, өздөрү суракка алынганы белгилүү болду.

"Кактус медиа" өз булактарына таянып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева да суракка жеткирилгенин жазды.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери журналист жана "Апрель" телеканалынын мурдагы башкы директору Дмитрий Ложниковдун мурдагы үй-бүлөсүнүн батиринде тинтүү жүргүзүшкөн. Бул тууралуу ал социалдык тармактардагы баракчасында билдирди.

Ложниковдун айтымында, күч органдарынын кызматкерлери анын балдары жашаган мурдагы аялынын батирине келишкен.

"Учурда менин мурдагы аялымдын, балдарымдын батиринде тинтүү жүргүзүп, алардын оюнчуктарын аңтарып... балдарымдын буюмдарын чукулап жатышат", - деп жазган ал.

Журналист Темирлан Султанбеков жана Кадырбек Атамбаев менен байланышы жок экенин билдирген.

"Менин Темирлан жана Кадырбек менен эч кандай ишим жок. Алардын номерлерин бөгөттөп салганыма бир жылдан ашты. Мен төңкөрүш же чакырыктар менен эмес, журналистика менен алектенем", - деп билдирди Ложников.

Мындан тышкары Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын экс-төрагасы Сыймык Жапыкеевдин да суракка кирип бара жатканын көрсөтөт делген видео тараган.

Оппозициялык "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын төрагасы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Адахан Мадумаровдун да үйү тинтилген. Бул тууралуу саясатчынын социалдык тармактагы баракчасына жарыяланган. Кечке маал анын сурактан чыкканы кабарланды.