Мамлекеттик тил мыйзамында кандай маанилүү өзгөрүүлөр бар?

Кыргызстанда мамлекеттик тил болуп саналган кыргыз тили мамлекеттик органдардын милдеттүү колдонгон тили болуп калат деген кабар тарады. Жогорку Кеңеш биринчи окууда жактырып кабыл алган "Мамлекеттик тил жөнүндө" конституциялык мыйзам долбоорунда ушундай жазылган.
Кыргызстан постсоветтик өлкөлөрдүн ичинде орус тилин расмий тил катары кабыл алган бирден бир республика. Ошол себептүү азыркы убакта колдонуудагы мыйзам боюнча мамлекеттик органдар кээде зарылчылыкка жараша расмий макамдагы орус тилин колдоно беришет. Эми мындай эки анжы саясат токтойбу деген суроо менен Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Жылдыз Орозбековага кайрылдык.

Сүрөттүн булагы, Facebook
Ж. Орозобекова: Мыйзам кабыл алынып калса, мамлекеттик органдар, уюмдар, мекемелер болобу, бүт баарында тең иш кагаздары жана колдонгон тили мамлекеттик тил болот. Ал эми расмий тил кайсы убакта болот? Эгерде Кыргыз Республикасы башка мамлекеттер менен эл аралык уюмдарга мүчө болуп, башка тилди колдонуу зарылчылыгы келип чыкса гана, ошондо да башка мыйзамдарда башкача каралган болсо, расмий тил колдонулушу мүмкүн.
Би-Би-Си: Кыргызстан кыргыз тилди мамлекеттик тил деп жарыялап мыйзам кабыл алганына 33 жыл болду. Бирок эмнеге азыркы күнгө чейин ошол эле Жогорку Кеңеште мыйзам долбоорлору адегенде орусча жазылып, андан кийин кыргызча которулат?
Ж. Орозобекова: Бул актуалдуу суроо. Бул практика азыр токтоп атат. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев белгилегендей, азыр Кыргыз Республикасында бардык мыйзамдардын түп нускасы кыргыз тилинде болот. Биздин мыйзамдарда ушундай көрсөтүлгөн. Ошондой эле эл аралык келишимдерге жана чет өлкөлүк байланыштарга зарыл учурда расмий тилге которулат.
Би-Би-Си: Бишкектеги тейлөө тармагында, айрыкча дүкөндөрдө, кафе-ресторандарда, транспортто, коммуналдык тейлөө көбүнчө орус тилинде. Бул дискриминациялык көрүнүштү токтотуунун мыйзамдык чаралары каралдыбы?
Ж. Орозобекова: Сиз берип жаткан суроого бир эмес, эки берене каралды. 26-27-беренелерде кызмат көрсөтүүлөрдүн баардыгында тең тейлөө мамлекеттик тилде жүргүзүлөт деп айтылган. Транспорттун бардык түрүндө, автобекеттерде, аба майдандарында маалыматтар, кулактандыруулар, билдирүүлөр мобилдик тиркемелер мамлекеттик тилде берилет. Андан кийин гана расмий тилде коштолуп жазылат.
Ал эми автотранспорттун боорундагы жазуулар адегенде үстүндө сол тарабында мамлекеттик тилде жазылып, анын астына экинчи катарда кичине түрдө расмий тилде берилүүгө тийиш.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Би-Би-Си: Азыркы колдонуудагы мыйзамда деле көп нормалар жакшы иштебей келатат. Мамлекеттик тил мыйзамын аткарбай койгондор үчүн кандай жоопкерчилик чарасы каралды мыйзамда?
Ж. Орозобекова: Колдонуудагы мыйзамда милдеттер так көрсөтүлбөй калган. Ошол себептүү мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын күчү деле болгон эмес. Бир мекемеге экинчи мекемеге шылтап, маселелер чечилбей эле ыргып жүрүп отурган.
Азыр ар кимдин милдети так көрсөтүлдү. 13-беренеде мамлекеттик тил чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын, терминологиялык, аномастикалык комиссиялардын, мамлекеттик тилди өнүктүрүүнү камсыз кылган адамдардын ыйгарым укуктары үч-төрт беренеде катары менен каралды.
Мисалы, мамлекеттик тилди өнүктүрүү чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты маалыматтык жана методикалык жагынан камсыз кылат деп көрсөтүлгөн. Терминология жана аномастика комиссияларынын ишин камсыз кылат. Мурда мындай жок болчу.
Анан азыркы күнгө чейин биздин жазуу сызууларыбыздын баары баш-аламан болуп, топонимикалык, географиялык жер-суу аталыштар расмий аталышта калып, эмне үчүн аны кыргыз тилине оодарбайсыңар деп атышпайбы азыр. Ушул мыйзам кабыл алынып калса, мисалы кайсы бир мамлекеттик орган бир райондун атын алмаштыра турган болсо, анда демилгени ошол жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы көтөрөт. Ал өзүнүн сунушун өзү баш ийген жогорку инстанцияга алып барат. Ошондой этаптуу түрдө инстанцияларды аралап жүрүп отуруп, ошондо гана мамлекеттик тил комиссиясы буга кийлигишет.
































